Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балаңарды Жахабага кызмат кылууга үйрөткүлө

Балаңарды Жахабага кызмат кылууга үйрөткүлө

«Кудайдын кишиси... төрөлө турган баланы кантип чоңойтушубуз керектигин айтып берсинчи» (БИЙ. 13:8).

ЫРЛАР: 88, 120

1. Маноах уулдуу болорун укканда эмне кылган?

МАНОАХТЫН аялы ага такыр күтпөгөн жаңылыкты айтып сүйүнчүлөйт. Негизи, анын аялы төрөбөс болчу. Бирок бир күнү ага Жахабанын периштеси көрүнүп, мүмкүн эместей сезилген нерсени, күйөөсү экөө балалуу болорун, айтат. Ошондо Маноах төбөсү көккө жете кубанса керек. Анткен менен ал мойнуна чоң жоопкерчилик артыларын жакшы түшүнгөн. Айлана-тегерегиндегилердин баары жаман иштерге берилип кеткендиктен, ал жубайы экөө уулун кантип Жахабага берилген киши кылып чоңойто аларын ойлоп тынчсызданса керек. Ошондуктан Маноах Жахабага: «Сен жиберген киши, чыныгы Кудайдын кишиси [периште], кайрадан келип, төрөлө турган баланы кантип чоңойтушубуз керектигин айтып берсинчи»,— деп жалбарган (Бий. 13:1—8).

2. Балаңарды чындык жолунда тарбиялоо үчүн эмне кылышыңар керек? (« Эң негизги кызыгуучуңар» деген кутучаны да карагыла.)

2 Эгер балаңар бар болсо, Маноахтын сезимдерин жакшы түшүнөт болушуңар керек. Силерге да балаңарга Жахабаны таанып-билүүгө, аны сүйүүгө жардам берүү жоопкерчилиги артылган (Накыл 1:8). Ошол максатка жетиш үчүн көптөгөн ата-энелер үй-бүлө менен сыйынуу кечин маңыздуу жана үзгүлтүксүз өткөрүшөт. Анткен менен чындык балаңардын акылы менен жүрөгүнөн орун алыш үчүн жума сайын үй-бүлөлүк изилдөө өткөрүү жетишсиз. (Оку: Мыйзам 6:6—9.) Аны чындык жолунда тарбиялоого дагы эмне жардам берет? Ушул жана кийинки макалада ата-энелер канткенде Иса Машаяктан үлгү ала аларын карап чыгабыз. Исанын баласы болбосо да, анын шакирттерин окутуп-үйрөткөндө сүйүү, момундук, кыраакылык саппаттарын чагылдырганынан ата-энелер көп нерсеге үйрөнө алышат. Келгиле анда, ошол сапаттардын ар бирин кезеги менен карап чыгалы.

БАЛАҢАРДЫ СҮЙГҮЛӨ

3. Иса Машаяк шакирттерин сүйөрүн кантип көрсөткөн?

3 Иса Машаяк шакирттерине аларды жакшы көрөрүн айтуудан тартынган эмес. (Оку: Жакан 15:9.) Ошондой эле алар менен көп убакыт өткөрчү (Мр. 6:31, 32; Жкн. 2:2; 21:12, 13). Шакирттерин окутуп эле койбостон, алар менен дос да болгон. Ошондуктан шакирттер Мырзасынын аларды чындап сүйөрүнө шектенишкен эмес. Балаңарды үйрөтүүдө канткенде Исаны туурай аласыңар?

4. Балаңарды жакшы көрөрүңөрдү кантип көрсөтө аласыңар? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

4 Балаңарга аны жакшы көрөрүңөрдү айтып, баалаарыңарды дайыма көрсөтүп тургула (Накыл 4:3; Тит 2:4). Австралияда жашаган Семюэл мындай дейт: «Кичинекей кезимде атам мага күндө кечинде „Ыйык китептик аңгемелер“ китебин окуп берчү. Ал суроолорума жооп берчү, кучактачу, жатар алдында бетимен өпчү. Кийинчерээк атамдын бири-бирин кучактап, өбүү жат нерсе болгон үй-бүлөдө чоңойгонун билгенде аябай таң калгам. Ошондой үй-бүлөдө чоңойсо да, ал мени жакшы көрөрүн дайыма билдирип турчу. Мунун аркасында өзүмдү бактылуу, коопсуз сезип, атама ынак болуп өстүм». Ата-энелер, силердин да балаңар өзүн ушундай сезиши үчүн, жакшы көрөрүңөрдү ага бат-баттан айтып тургула. Сезимиңерди көрсөткөндөн тартынбагыла, аны менен сүйлөшкүлө, чогуу тамактангыла, ойногула.

5, 6. а) Шакирттерин жакшы көргөндүктөн Иса эмне кылчу? б) Тартипке салып туруу кандайча баланын өзүн коопсуз сезишине өбөлгө түзөт?

5 «Мен жакшы көргөндөрүмдүн баарын ашкерелейм, жазалайм»,— деген Иса (Аян 3:19) *. Шакирттери кайра-кайра кимиси чоң экени тууралуу талаша беришкенде, Иса алардын оңолорунан үмүт үзгөн эмес. Ошондой эле шакирттери анын кеңешине ылайык иш кылбай койгондо, ага көз жумуп койбой, аларды ылайыктуу учурда, ылайыктуу жерде мээримдүүлүк жана жумшактык менен оңдоп-түзөгөн (Мр. 9:33—37).

6 Сүйүү ата-энеге баласын тартипке салып турууга түрткү берет. Ан үчүн айрым учурда кайсы бир иштин эмне үчүн жакшы же жаман экенин түшүндүрүп коюу эле жетиштүү. Бирок балаңарга сөз жетпей жатсачы? (Накыл 22:15). Андайда Иса Машаяктан үлгү алып, чыдамдуулук менен жетектеп, үйрөтүп, тарбиялап, ылайыктуу учурда, ылайыктуу жерде мээримдүүлүк, жумшактык менен оңдоп-түзөгүлө. Түштүк Африкадан болгон Элейн ата-энесинин айткан сөзүнө бекем турушканын жана туура эмес иш кылганда, жазалайм десе, сөзсүз жазалашчу экенин айтат. Анан: «Бирок алар эч качан мени ачууга алдырып же себебин түшүндүрбөй туруп жазалашчу эмес»,— дейт. Ата-энесинин ошондой тарбиясынын аркасында Элейн өзүн коопсуз сезчү жана эмнелерди кылбашы керектигин, ата-энеси андан эмнени күтөрүн жакшы билчү.

МОМУН БОЛГУЛА

7, 8. а) Иса Машаяктын тиленүүсүнөн шакирттери эмнеге үйрөнүшкөн? б) Кандайча тиленүүңөр аркылуу балаңарды Кудайга таянууга үйрөтө аласыңар?

7 Иса Машаяк камакка алынып, өлтүрүлөрдүн алдында Кудайдан: «Абба, Ата, сенин колуңдан баары келет. Бул чөйчөктү менден алыстата көр. Бирок мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деп тиленген (Мр. 14:36) *. Анын тиленүүсү шакирттерине күчтүү таасир эткени күмөнсүз. Иса жеткилең болсо да, момундук менен Жахабадан жардам сураган. Бул шакирттерге андан үлгү алууга түрткү берген.

8 Силердин балаңар да тиленүүңөрдөн көп нерсеге үйрөнө алышат. Албетте, силер балаңарды бир нерсеге үйрөтүш үчүн эле тиленбейсиңер. Ошентсе да ал Жахабадан момундук менен тиленгениңерди укканда ага таянууга үйрөнөт. Бразилияда жашаган Ане мындай дейт: «Кыйын жагдайга туш болгондо, алсак, таята, таенемдер ооруп калганда, ата-энем Жахабадан кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге күч, туура чечим чыгарыш үчүн акылмандык сурап тиленишчү. Алар атүгүл оор сыноолорго кабылганда да баарын Жахабага тапшырышчу. Мунун аркасында мен да Жахабага таянганга үйрөндүм». Балаңар менен тиленип жатканда ага эле эмес, өзүңөргө да жардам сурагыла. Мисалы, жумуш берүүчүңөрдөн жыйынга коё беришин сураныш үчүн же кошунаңарга кабар айтыш үчүн кайраттуу болууга жардам беришин өтүнсөңөр же дагы башка нерселер жөнүндө айтсаңар болот. Момун болуп, Жахабага таянсаңар, балаңар да ошого үйрөнөт.

9. а) Иса шакирттерин башкаларга момундук менен кызмат кылууга кантип үйрөткөн? б) Башкаларга кызмат кылууга дилгир болгонуңар балаңарга кандай таасир этет?

9 Иса сөзү жана үлгүсү аркылуу шакирттерин башкаларга момундук менен кызмат кылууга үйрөткөн. (Оку: Лука 22:27.) Шакирттери анын Жахабага жан аябастык менен кызмат кылганын жана башкаларга чын дилден жардам бергенин көрүп, ошондой кылууга түрткү алышкан. Анын сыңарындай, силер да жан аябас, момун болуу жагынан балаңарга үлгү көрсөтө аласыңар. Эки баланын энеси Деби: «Мен жолдошумдун аксакал катары башкаларга убакыт бөлгөнүнө жаман болчу эмесмин»,— дейт. Себеби анын жолдошу үй-бүлөсүнө дайыма көңүл буруп турат (1 Тим. 3:4, 5). Дебинин жана анын жолдошу Пранастын үлгүсү балдарына кандай таасир эткен? Алардын балдары кийинчерээк жыйындын иштерине жана башка теократиялык иштерге ынталуу катыша башташкан. Анын аркасында алардын кубанычы артып, жакшы досторду таап, ишенимдештери менен ынак болуп калышкан. Учурда Пранастын үй-бүлөсүндөгүлөрүнүн баары Жахабага толук убакыт кызмат кылып жатышат. Эгер силер да момун, жан аябас болсоңор, балаңар башкаларга кызмат кылууга түрткү алат.

КЫРААКЫ БОЛГУЛА

10. Топ эл артынан ээрчип келгенде, Иса кандайча кыраакылык көрсөткөн?

10 Иса пайгамбар абдан кыраакы болчу. Ал бир караганда байкалбаган нерселерди да байкап, адамдардын эмне үчүн тигиндей же мындай иш кылганын аңдай билчү. Бир жолу Галилеяда топ эл аны издеп, артынан ээрчип келген (Жкн. 6:22—24). Адамдын жүрөгүндөгүсүн көрө билген Иса аларды анын айткандары эмес, тамак көбүрөөк кызыктырарын байкаган (Жкн. 2:25). Ал алардын туура эмес ниетин көргөндө чыдамдуулук менен оңдоп-түзөп, кантип жакшырса болорун түшүндүргөн. (Оку: Жакан 6:25—27.)

Балаңар кызматтан чындап кубаныч алып жатабы? (11-абзацты карагыла

11. а) Балаңарга кабар айтуу жагар-жакпасын кантип аныктасаңар болот? б) Балаңарга кабар айтуудан кубаныч алууга кантип жардам бере аласыңар?

11 Балаңардын жүрөгүндөгүсүн көрө албасаңар да, кыраакы боло аласыңар. Маселен, анын кабар айтуу кызматына кандай караарын баамдоого аракет кылсаңар болот. Көптөгөн ата-энелер кабар айтып жүргөндө, балдары бир аз эс алып алыш үчүн, тыныгуу жасап, аларга бир нерсе алып беришет. Андайда: «Балама кабар айткан көбүрөөк жагабы же бир нерсе алып бергенимби?» — деп ойлонуп көрсөңөр болот. Эгерде балаңардын кабар айтуу ишинен анча деле кубаныч албай турганын байкасаңар, аны менен бирге максат койгула. Ага кызматка толук кандуу катышып, канааттануу алууга жардам бериш үчүн тапкыч болгула.

12. а) Иса кыраакылык менен шакирттерине эмнени эскерткен? б) Эмне үчүн Исанын эскертүүсү өз убагында берилген деп айтууга болот?

12 Иса Машаяктын кыраакылыгы олуттуу күнөөгө эмнелер алып барарын айтканынан да айкын болгон. Алсак, анын жолдоочулары жыныстык адеп-ахлаксыздык туура эмес экенин жакшы билишкен. Бирок ал: «Аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот. Ошондуктан сени оң көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер» — деп айтып, адеп-ахлаксыз ишке эмне алып барарын эскерткен (Мт. 5:27—29). Анын ошол сөздөрү Рим бийлигинин астында жашаган жолдоочулары үчүн өз убагында айтылган. Анткени бир тарыхчы жазгандай, римдиктер адеп-ахлаксыздык камтылган, уятсыз сөздөр айтылган спектаклдерди абдан жакшы көрүшчү. Андыктан шакирттерине адеп-ахлак жактан таза бойдон калууга жардам берген кеңеши Исанын сүйүүсүн, кыраакылыгын айгинелеген.

13, 14. Балдарыңарды көңүл ачуунун ыпылас түрлөрүнөн коргош үчүн эмне кылсаңар болот?

13 Кыраакылык силерге балаңарды Жахабага жакпаган иштерден коргоого жардам берет. Бүгүнкү күндө атүгүл бешиктен бели чыга элек балдар да порнографияны же адеп-ахлаксыздык чагылдырылган башка нерселерди оңой эле көрө алышат. Албетте, Жахабага кызмат кылган ата-энелер балдарына уят нерселерди көрүү туура эмес экенин айтышат. Бирок кыраакылык силерге андан да көптү кылууга түрткү берет. Балаңарга жакшыраак жардам бере алышыңар үчүн: «Балам эмнеден улам порнография көргөнгө азгырылышы мүмкүн? Ал анын эмне үчүн зыяндуу экенин түшүнөбү? Эгер порнография көрүп алса, мага айткандан коркпойбу?» — деп ойлонуп көргүлө. Балаңар али кичинекей болсо да, ага: «Эгер Интернеттен уят нерселерди көрүп калып, аларды андан ары көрүүгө азгырылсаң, мага келип айткандан уялба. Мен сага жардам берем»,— деп айткыла.

14 Кыраакылык өзүңөргө да көңүл ачуунун түрлөрүн акыл-эстүүлүк менен тандаганга жардам берет. Жогоруда айтылган Пранас: «Ата-эне катары кандай музыканы, фильмди же китепти тандаганыбыз бүтүндөй үй-бүлөгө таасир этет. Силер көп нерселер жөнүндө көп нерселерди айтышыңар мүмкүн, бирок балаңар кылган ишиңерге көңүл бурат жана силерди туурайт»,— деп ой бөлүшөт. Балдарыңар көңүл ачуунун түрлөрүн кылдат тандай турганыңарды көрсө, алар да ошондой кылууга түрткү алышары шексиз (Рим. 2:21—24).

ЧЫНЫГЫ КУДАЙ ҮНҮҢӨРДҮ УГАТ

15, 16. а) Кудай балдарыңарды тарбиялоого жардам берерине эмне үчүн шектенбесеңер болот? б) Кийинки макаладан кайсы суроого жооп алабыз?

15 Маноах уулун чоңойтууга жардам беришин сураганда, Жахаба эмне кылды эле? «Чыныгы Кудай Маноахтын үнүн укту»,— делет Ыйык Китепте (Бий. 13:9). Ата-энелер, Жахаба силердин да үнүңөрдү угат. Ал тилегиңерди орундатып, балдарыңарды тарбиялоого жардам берет. Силер ата-энелик милдетиңерди сүйүү, момундук, кыраакылык менен аткара аласыңар.

16 Жахаба ата-энелерге кичинекей балдарын эле эмес, өспүрүм курактагы балдарын да жакшы тарбиялоого көмөк кылат. Канткенде өспүрүм балдарыңарды насааттоодо, Исадай болуп, сүйүүнү, момундукту, кыраакылыкты чагылдыра аласыңар? Бул суроого кийинки макаладан жооп алабыз.

^ 5-абз. Ыйык Китепке ылайык, тарбиялоо өз ичине сүйүү менен жетектөөнү, үйрөтүүнү, оңдоп-түзөөнү жана кээде жазалоону билдирет. Бирок ата-энелер балдарын жазалаганда эч качан ачууга алдырбашы керек.

^ 7-абз. Бир энциклопедияда: «Исанын убагында балдар атасына „абба“ деп кайрылышчу. Балдар ал сөздү колдонуу менен атасына абдан жакын экенин, ошол эле учурда аны терең урматтаарын көрсөтүшчү»,— деп айтылат («The International Standard Bible Encyclopedia»).