Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага марттыгы үчүн ыраазычылык билдирели

Жахабага марттыгы үчүн ыраазычылык билдирели

ЖАХАБА — март Кудай (Жкп. 1:17). Түпкүрү жок, чеги жок түнкү асмандагы жымыңдаган жылдыздардан тартып көк шибер жамынган кең талааларга чейин Жахабанын берешендиги тууралуу жар салат (Заб. 65:12, 13; 147:7, 8; 148:3, 4).

Забурчу Жаратканына ушунчалык терең ыраазы болгондуктан анын иштерин даңазалап ыр жазган. 104-забурду окусаң, анын сезимдерине ортоктош болоруң шексиз. Ал: «Мен Жахабаны өмүр бою даңктап ырдайм, тирүү турганымда Кудайымды ыр менен даңазалайм»,— деген (Заб. 104:33). Сен да Жахабаны даңктагың келеби?

БЕРЕШЕНДИКТИН МЫКТЫ ҮЛГҮСҮ

Жахаба биздин да, ага окшоп, берешен болушубузду каалайт. Ошондой эле берешен болууга орчундуу себептер бар экенин түшүндүрөт. Элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен мындай деп жазган: «Азыркы дүйнө түзүлүшүндөгү байларга мындай насаат айт: бой көтөрүшпөсүн, өзгөрүлмө байлыкка эмес, ырахаттанып жашашыбыз үчүн, баарын мол берген Кудайга таянышсын, жакшылык кылышсын, жакшы иштерге бай болушсун, берешен болушсун, өздөрүндөгү нерселерди башкалар менен бөлүшө билишсин, чыныгы жашоого бекем карманыш үчүн, келечекке жакшы негиз боло турган жана жок болбой турган кенч жыйнашсын» (1 Тим. 6:17—19).

Пабыл Корунт шаарындагы жыйналышка жазган экинчи катында тартуу кылып жатканда туура маанайда болуу маанилүү экенин баса белгилеген. Ал: «Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»,— деген (2 Кор. 9:7). Пабыл берешендиктин аркасында жардамды кабыл алгандардын муктаждыгы канааттандырылгандан сырткары, бергендердин да рухий жактан мол бата аларын айткан (2 Кор. 9:11—14).

Ал тартуу кылууга байланыштуу көрсөтмөсүн Кудайдын марттыгын айгинелеген күчтүү далилди келтирүү менен жыйынтыктаган. «Сөз менен айтып жеткире алгыс белеги үчүн Кудайга алкыш!» — деп жазган Пабыл (2 Кор. 9:15). Жахабанын ал белеги өзүнүн элине Иса Машаяк аркылуу кыла турган бардык жакшылыктарын билдирген. Ал аябагандай чоң белек болгондуктан, анын канчалык баалуу экенин сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес.

Жахаба менен анын Уулунун бизге кылган жана келечекте кыла турган жакшылыктары үчүн кантип ыраазычылык билдире алабыз? Мунун бир жолу — аз болобу, көп болобу, убактыбызды, күчүбүздү жана акча-каражатыбызды чыныгы сыйынуунун өркүндөшүнө жумшоо (1 Жылн. 22:14; 29:3—5; Лк. 21:1—4).