Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакыныңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйөсүңөрбү?

Жакыныңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйөсүңөрбү?

«Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» (МТ. 22:39).

ЫРЛАР: 73, 36

1, 2. Сүйүүнүн маанилүү экени Ыйык Китептен кандайча көрүнүп турат?

СҮЙҮҮ — Жахаба Кудайдын эң негизги сапаты (1 Жкн. 4:16). Кудайдын жаратууларынын туңгучу Иса Машаяк сансыз кылымдар бою асманда анын жанында болуп, сүйүү көрсөтүү жагынан көп нерсеге үйрөнгөн (Кол. 1:15). Асманда да, жерде жүргөндө да ал Атасыныкындай сүйүүнү чагылдырган. Андыктан Жахаба менен Иса кол алдындагыларын түбөлүккө сүйүү менен башкарарына бекем ишенсек болот.

2 Исадан бир киши Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы экенин сураганда, ал: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“. Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят. Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“»,— деп жооп берген (Мт. 22:37—39).

3. Биздин «жакыныбыз» ким?

3 Исанын Жахабаны сүйүшүбүз керектигин айткандан кийин эле жакыныбызды сүйүшүбүз керек экенин баса белгилегенине көңүл бурсаңар. Мындан кимдер менен мамилелешпейли, сүйүү көрсөтүү маанилүү экени айкын болуп турат. Бирок биздин «жакыныбыз» ким? Эгер үй-бүлөлүү болсок, биринчи кезекте өмүрлүк жарыбыз жакыныбыз болуп эсептелет. Жыйналыштагы Кудай кошкон бир туугандарыбыз да биздин жакындарыбыз. Ошондой эле кызматта кезиктирген адамдарды да жакындарыбыз деп айтууга болот. Жахабага сыйынып, анын Уулунун окууларына ылайык жашагандар жакынын сүйөрүн кантип көрсөтүшөт?

ӨМҮРЛҮК ЖАРЫБЫЗДЫ СҮЙӨЛҮ

4. Жеткилеңсиздигине карабай жубайлар эмне үчүн бактылуу боло алышат?

4 Жахаба Адам ата менен Обо энени жаратып, алардын башын кошуп, эң биринчи никени негиздеген. Ал алардын түбөлүккө бактылуу өмүр сүрүшүн жана бала-чакалуу болуп, жер бетин толтурушун ниет кылган (Башт. 1:27, 28). Тилекке каршы, алгачкы түгөйлөр Жахабанын эгедерлигине каршы чыгып, никесине зыян келтиргенден тышкары, урпактарына күнөө менен өлүмдү өткөрүп беришкен (Рим. 5:12). Ошентсе да жубайлар бүгүнкү күндө бактылуу боло алышат. Анткени үй-бүлөнүн Негиздөөчүсү Жахаба Ыйык Жазмага никеге байланыштуу эң сонун кеңештерди жаздырып койгон. (Оку: 2 Тиметей 3:16, 17.)

5. Никеде сүйүү канчалык маанилүү?

5 Кудайдын Сөзүнө ылайык, кимдир бирөө менен ынак мамиле өрчүтүү үчүн сүйүү көрсөтүү, башкача айтканда, ошол кишини жакын көрүп, ага карата назик сезимдерди туюу зарыл. Жубайлар жөнүндө да ушуну айтууга болот. Элчи Пабыл ишенимдештерине мындай деген: «Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, менменсинбейт, адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт, кыжырданбайт, таарынычын эсептей бербейт. Сүйүү ыймансыздыкка кубанбайт, чындыкка кубанат. Сүйүү баарын көтөрөт, баарына ишенет, баарына үмүттөнөт, баарына чыдайт. Сүйүү эч качан жок болбойт» (1 Кор. 13:4—8). Жубайлар ыйык рухтун жетеги менен жазылган бул сөздөр тууралуу ой жүгүртүп, аларга ылайык иш кылышса, бактылуу болушат.

Кудайдын Сөзүндө жубайлар канткенде бактылуу боло алары айтылат (6, 7-абзацтарды карагыла)

6, 7. а) Ыйык Китепте башчылык тууралуу эмне делет? б) Кудайга кызмат кылган күйөө аялына кандай мамиле кылышы керек?

6 Кудай бекиткен башчылык принцибинен сүйүү абдан маанилүү экени көрүнүп турат. Пабыл ал башчылык принцибин: «Ар бир эркектин башчысы Машаяк, аялдын башчысы эркек, Машаяктын башчысы Кудай экенин билишиңерди каалайм»,— деп түшүндүргөн (1 Кор. 11:3). Башчылык кылуу деген үстөмдүк кылууну билдирбейт. Буга Жахабанын үлгүсү мисал боло алат. Ал Машаякка өз кызыкчылыгын ойлобой, боорукердик менен башчылык кылат. Иса муну жогору баалагандыктан: «Мен Атамды жакшы көрөм»,— деп айткан (Жкн. 14:31). Эгер Жахаба Исага катаал мамиле кылса, анын ушундай сөздөрдү айтмактыгы күмөн.

7 Күйөө аялынын башчысы болсо да, Ыйык Китепте айтылгандай, ага «урмат көрсөтүшү» керек (1 Пет. 3:7). Ал аялын урматтаарын анын муктаждыктарын эске алып, мүмкүн болгон учурларда анын каалоосуна ылайык иш кылуу менен көрсөтө алат. Кудайдын Сөзүндө: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла. Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген»,— делет (Эф. 5:25). Ооба, Иса өзүнүн жолдоочуларынан өмүрүн да аяган эмес. Эгер күйөө Исадай мээримдүү башчы болсо, аялына аны сүйүү, урматтоо, баш ийүү жеңил болот. (Оку: Тит 2:3—5.)

ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗДИ СҮЙӨЛҮ

8. Кудайдын кызматчылары ишенимдештерине кандай карашы керек?

8 Учурда дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар Жахабага сыйынып, анын ысмы менен ой-ниети тууралуу күбөлөндүрүп жатышат. Кудайдын ар бир кызматчысы ишенимдештерине кандай карашы керек? Буга Кудайдын Сөзүнөн жооп ала алабыз. Анда: «Баарына, өзгөчө, ишенимдештерибизге жакшылык кылалы»,— деп айтылган (Гал. 6:10; оку: Римдиктер 12:10). Элчи Петир ишенимдештерине: «Чындыкка баш ийгендиктен силер тазарып, чыныгы бир туугандык сүйүүгө ээ болдуңар. Андыктан бири-бириңерди жан-дилиңер менен, чын жүрөктөн сүйгүлө»,— деп жазган. Анан: «Айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе, бири-бириңерди жан-дилиңер менен сүйгүлө» — деп, сүйүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу алардын эсине салган (1 Пет. 1:22; 4:8).

9, 10. Кудайдын элинин арасында эмнеден улам биримдик өкүм сүрүүдө?

9 Бири-бирибизди жан-дилден сүйгөндүктөн биз бүткүл дүйнөлүк өзгөчө уюмду түзөбүз. Андан тышкары, Жахабаны жакшы көрүп, анын мыйзамдарына баш ийгендиктен, ал бизди ааламдагы теңдешсиз күчү — ыйык руху — менен колдоп турат. Мунун аркасында эл аралык бир туугандыгыбыздын биримдиги уламдан улам чыңалууда. (Оку: 1 Жакан 4:20, 21.)

10 Пабыл Кудайдын элинин ортосунда сүйүү болгону канчалык маанилүү экенин баса белгилеп, мындай деп жазган: «Назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле. Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле. Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле. Ушулардан сырткары, сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү» (Кол. 3:12—14). Чоңойгон чөйрөбүзгө, улутубузга карабай, арабызда «биримдиктин жеткилең түйүнү» болуп эсептелген сүйүүнүн өкүм сүргөнүнө кандай гана кубанычтабыз!

11. Жахабанын Күбөлөрүнүн ортосундагы сүйүү менен биримдик эмнени тастыктап турат?

11 Жахабанын кызматчыларынын биримдиги жана бири-бирин сүйгөнү алардын чыныгы динди тутарын айгинелөөдө. Себеби Иса Машаяк: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жкн. 13:34, 35). Элчи Жакан да: «Туура иш кылбаган адам, бир тууганын сүйбөгөн адамдай эле, Кудайдан эмес. Кудайдын балдары менен Ибилистин балдарын ушундан айырмалап билүүгө болот. Силер башынан эле угуп келаткан кабарды, бири-бирибизди сүйүшүбүз керектигин, унутпагыла»,— деп айткан (1 Жкн. 3:10, 11). Ырас, Жахабанын Күбөлөрүнүн ортосундагы сүйүү менен биримдик алардын Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенин жана Кудай аларды Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды дүйнө жүзү боюнча таратууда колдонуп жатканын тастыктап турат (Мт. 24:14).

«ЭБЕГЕЙСИЗ КӨП АДАМДАРДЫН» ЧОГУЛТУЛУШУ

12, 13. Эбегейсиз көп адамдар азыр эмне кылууда жана аларды кандай келечек күтүп турат?

12 Жахабанын кызматчыларынын басымдуу бөлүгүн «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» «эбегейсиз көп адамдар» түзөт. Алар Кудайдын «тактысынын» жана «Козунун [Иса Машаяктын] алдында» турушат. Алар кимдер? Ыйык Китепте: «Булар — улуу алааматтан аман өткөндөр. Булар кийимдерин Козунун канына жууп агартышкан»,— делет. «Кийимдерин Козунун канына жууп агартышканы» алардын Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенишерин көрсөтүп турат. Барган сайын көбөйүп бараткан «эбегейсиз көп адамдар» Жахаба менен анын Уулун жакшы көрүшөт жана Кудайга «күнү-түнү ыйык кызмат кылып жатышат» (Аян 7:9, 14, 15).

13 Жакында Кудай «улуу алааматта» азыркы ыймансыз дүйнөнү жок кылат (Мт. 24:21; оку: Жеремия 25:32, 33). Бирок ал кызматчыларын сүйгөндүктөн аларды топ катары коргоп, жаңы дүйнөдөн орун берет. 2000 жылдай мурун алдын ала айтылгандай, «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт». Ошондон кийин «өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт». Азап-кайгынын «баары өтүп кетип», жер жүзү бейишке айлана турган убакта жашоону эңсеп жатасыңарбы? (Аян 21:4).

14. Эбегейсиз көп адамдар канчалык көбөйдү?

14 1914-жылы акыркы күндөр башталганда, дүйнө жүзү боюнча Жахабанын бир нече эле миң кызматчысы бар болчу. Жакындарын сүйгөндүктөн жана Кудай руху менен колдогондуктан, Машаяктын майланган жолдоочуларынын калдыгы Падышалык жөнүндөгү кабарды эч кандай тоскоолдуктарга карабай, ынталуу жарыялап келишет. Натыйжада жерде жашоого үмүттөнгөн эбегейсиз көп адамдар чогултулууда. Бүгүнкү күндө 115 400дөн ашуун жыйналышта Жахабанын 8 000 000дой Күбөсү кызмат кылып жатат. Алардын саны дагы деле күн санап өсүүдө. Алсак, 2014-кызмат жылында 275 500 киши чөмүлгөн. Бул ошол жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн катарына жума сайын 5300дөй киши кошулуп турганын билдирет.

15. Кабар айтуу иши канчалык деңгээлде кулач жайды?

15 Кабар айтуу ишинин укмуштуудай кулач жайганы таасирлентпей койбойт. Ыйык Китепке негизделген адабияттарыбыз азыр 700дөн ашуун тилде чыгууда. Дүйнө жүзүндөгү эң көп таратылган «Күзөт мунарасы» журналы ай сайын 52 000 000дон ашуун нускада 247 тилде басылып чыгат. Ал эми «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китеби 250дөн ашык тилге которулуп, 200 000 000дон көп нускада жарык көрдү.

16. Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү эмненин аркасында рухий жактан гүлдөп жатат?

16 Мындай өсүш Жахабага болгон ишенимибиздин жана Ыйык Китепти анын ыйык рухунун жетеги менен жазылган Сөзү катары кабыл алганыбыздын аркасында болууда (1 Тес. 2:13). Жахабанын элинин «бул дүйнөнүн кудайы» Шайтандын жек көрүүсүнө, каршылыктарына карабай рухий жактан гүлдөп жатканы, чынында эле, таң калтырарлык (2 Кор. 4:4).

БАШКАЛАРДЫ ДАЙЫМА СҮЙӨЛҮ

17, 18. Жахабанын кызматчылары ишенимдеши эместерге кандай карашы керек?

17 Жахабанын кызматчылары ага сыйынбагандарга кандай карашы керек? Кабар айтканыбызда айрымдар жакшы угушса, башкалары каршы болушат. Кандай болбосун, Ыйык Китептеги: «Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер»,— деген кеңешке ылайык иш кылганыбыз абзел (Кол. 4:6). Жакыныбызды сүйгөндүктөн биз, кимдир бирөө үмүтүбүз жөнүндө сураганда, ага «жумшактык, терең урмат-сый менен жооп беребиз» (1 Пет. 3:15).

18 Атүгүл үй ээси ачууланып, урушса да, Исадан үлгү алып, ага сүйүү менен мамиле кылабыз. Башкалар Исаны кордошкондо, ал «эч кимди кордогон эмес. Азап тартканда эч кимди коркуткан эмес, тескерисинче, өзүн адилеттүү Сотко тапшырган» (1 Пет. 2:23). Биз ар дайым момун болуп, ишенимдештерибизге же башкаларга мамиле кылууда: «Силерге жамандык кылгандарга жамандык кылбагыла, силерди кордогондорду кордобогула. Тескерисинче, батаңарды бергиле»,— деген кеңешти эстен чыгарбайбыз (1 Пет. 3:8, 9).

19. Иса Машаяктын айткандарына ылайык, каршылаштарыбызга кандай мамиле кылышыбыз керек?

19 Момундук Жахабанын кызматчыларына Иса Машаяк айткан бир маанилүү принципке баш ийүүгө жардам берет. Тоодо айткан насаатында ал мындай деген: «Силер: „Жакыныңды сүй, душманыңды жек көр“,— деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай дейм: душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула. Ошондо асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар, себеби ал күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат» (Мт. 5:43—45). Ооба, душмандарыбыз бизге кандай мамиле кылбасын, Кудайдын кызматчылары катары биз аларды сүйүүгө үйрөнүшүбүз кажет.

20. Жаңы дүйнөдө баары Кудайды жана жакындарын сүйөт деп эмне үчүн айта алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

20 Биз жашоонун бардык тармагында оюбуз, маанайыбыз, ишибиз менен Жахабаны жана жакындарыбызды сүйөрүбүздү көрсөтө беришибиз керек. Мисалы, жакшы кабарды укпай койгон бирөө жардамга муктаж болуп калса, андан жардамыбызды аябайбыз. Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Бири-бириңерди сүйгөндөн башка эч кимге эч нерсе карыз болбогула. Анткени башкаларды сүйгөн адам мыйзамды аткарган болот. Себеби Мыйзамдагы „ойноштук кылба, киши өлтүрбө, уурдаба, көз артпа“ деген сыяктуу осуяттардын баары: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“,— деген осуят менен жыйынтыкталат. Сүйүү жакынына жамандык кылбайт. Ошондуктан сүйүү — мыйзамдын аткарылышы» (Рим. 13:8—10). Азыркы ыркы кеткен, зордук-зомбулукка, жамандыкка жык толгон дүйнөдө биз Жахабанын кызматчылары катары ушундай сүйүүнү чагылдыра беребиз (1 Жкн. 5:19). Шайтан, анын жин-перилери жана ыймансыз адамдардын баары жок кылынгандан кийин, бүт дүйнө жүзүндө сүйүү өкүм сүрөт. Жер тургундарынын ар бири Кудайды жана жакындарын сүйсө, кандай сонун заман болот!