Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өспүрүм балаңарды Жахабага кызмат кылууга үйрөткүлө

Өспүрүм балаңарды Жахабага кызмат кылууга үйрөткүлө

«Иса өсүп-жетилип, барган сайын акылмандыгы артып, Кудайдын да, адамдардын да жактыруусуна ээ боло берди» (ЛК. 2:52).

ЫРЛАР: 41, 89

1, 2. а) Балдары чоңоюп келатканда, айрым ата-энелер эмнеге тынчсызданышат? б) Жаштар канткенде өспүрүм кезин жакшы колдоно алышат?

БАЛАСЫ чөмүлгөндө, Жахабага кызмат кылган ата-эне кубанычы койнуна батпай сүйүнөт. Берениси аттуу эженин төрт баласы тең 14 жашка жетпей эле чөмүлгөн. Ал мындай дейт: «Бул биз үчүн аябагандай жүрөк толкутарлык болгон. Албетте, балдарыбыздын Жахабага кызмат кылгысы келерин көрүү биз үчүн жагымдуу болду, бирок өспүрүм куракта алар көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушарын да түшүнчүбүз». Эгерде силердин да балаңар өспүрүм куракта болсо же ошол куракка жакындап келатса, бул эненин айткандарын жакшы түшүнөт болушуңар керек.

2 Бир психолог өткөөл куракта балдарга да, ата-энелерине да кыйын болорун айткандан кийин: «Өткөөл курак балдардын „акылынан айныганын“ же „кичинекей баладай“ болуп калганын билдирбейт. Болгону, ал кезде алардын сезимдери ашып-ташып, башкалар менен мамиле түзгүсү келип, чыгармачылыгы артып турган убагы болот»,— деген. Андыктан чоңоюп келаткан балаңар Жахаба менен болгон мамилесин чыңдап, кызматын жакшыртууга байланыштуу максаттарды коюп, өмүрүн Кудайга арноону чече алат. Алар да, Исадай болуп, ошол кезин жакшы колдонуп, рухий жактан өсө алышат. (Оку: Лука 2:52.) Бой жетип келаткан балдарына Жахабага кызмат кылууга жардам бериш үчүн ата-энелер эмне кылса болот? Алар Иса Машаяктын шакирттерин окутуп-үйрөтүүдө сүйүүнү, момундукту, кыраакылыкты чагылдырганынан көп нерсеге үйрөнө алышат.

БАЛАҢАРДЫ СҮЙГҮЛӨ

3. Иса эмнеден улам элчилерин досторум деп айта алган?

3 Иса Машаяк мээрман, берилген дос болгон. (Оку: Жакан 15:15.) Байыркы учурда адатта кожоюн кызматчыларына ичиндеги ойлорун, сезимдерин айтчу эмес. Бирок Иса ишенимдүү элчилеринин кожоюну эле эмес, досу да болгон. Ал алар менен чогуу убакыт өткөрчү, ой-сезимдери менен бөлүшчү жана алар жүрөгүндөгүсүн төгүп жатканда, кунт коюп укчу (Мр. 6:30—32). Ушундай пикир алышуунун аркасында Иса менен элчилери бири-бирине жакын болуп калышкан. Бул болсо элчилерди келечектеги чоң иштерге даярдаган.

4. Ата-энелер, канткенде балаңар менен дос боло аласыңар? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

4 «Балдарыбызга теңтуш боло албасак да, алардын досу боло алабыз»,— дейт эки баланын атасы Майкл. Достор чогуу убакыт өткөрүшөт. Андыктан балаңарга көбүрөөк убакыт бөлүш үчүн жумушка же башка иштерге жумшаган убактыңарды кыскартуу тууралуу тиленүү менен ойлонуп көргүлө. Достордун кызыккан нерселери да окшош болот. Ошондуктан өсүп келаткан балаңардын жактырган нерселерине, алсак, жакшы көргөн музыкасына, фильмдерине, спортуна силер да кызыкканга аракет кылып көргүлө. Италияда жашаган Илария: «Ата-энем да мен уккан музыкага кызыкчу. Атам менин эң жакын досум болуп калган. Ага баарын, атүгүл оңтойсуз нерселерди да тартынбай айта алчумун»,— деп ой бөлүшөт. Жеткинчек балаңарга Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүгө жардам бериш үчүн аны менен дос болсоңор, ата-энелик кадыр-баркыңар төмөндөп калбайт (Заб. 25:14). Кайра, муну менен аны жакшы көрөрүңөрдү, сыйлаарыңарды көрсөтөсүңөр. Ошондо бир нерсе жүрөгүн өйүгөндө, ал силерге оңой кайрыла алат.

5. Иса шакирттерине Жахабага ынталуу кызмат кылуудан кубаныч алууга кантип жардам берген?

5 Иса сүйүктүү шакирттеринин Жахабага ынталуу кызмат кылып, зор кубаныч алышын каалаган. Ошол себептен аларды шакирт даярдоо ишине жигердүү катышууга үндөп, ал ишти ийгиликтүү аткарууга жардам берерине ынандырган (Мт. 28:19, 20).

6, 7. Ата-энелер балдарына дайыма рухий иштер менен алек болууга жардам берүү менен кандайча аларды жакшы көрөрүн далилдешет?

6 Силер өспүрүм балаңардын Жахаба менен ынак болушун каалаарыңар шексиз. Жахаба да аларды өзү «үйрөткөндөй акыл айтып,.. анын акыл-насааты менен тарбиялашыңарды» каалайт (Эф. 6:4). Андыктан аларга дайыма рухий иштер менен алек болууга жардам беришиңер зарыл. Мисалы, силер балаңарды дайыма мектепке барууга, билим алууга үндөйсүңөр, себеби бул абдан маанилүү экенин жана балаңар улам жаңы нерселерди биле берерин түшүнөсүңөр. Анын сыңарындай, балаңарга жыйналыштан, жыйындардан, үй-бүлөлүк изилдөөдөн Жахаба жөнүндө билим алууга көмөк кыла бергениңер да маанилүү. Анткени мунун аркасында алар Жахаба менен болгон мамилесин баалап, акылмандыкка ээ болушат (Накыл 24:14). Иса Машаяк шакирттерине жардам бергендей эле, силер да балаңарга кабар айтуу кызматына үзгүлтүксүз катышууга жана Кудайдын Сөзүн башкаларга айтуудан кубаныч алууга жардам берип, ийгиликке жетишине көмөктөшө бергиле.

7 Өспүрүмдөрдүн дайыма рухий иштер менен алек болгонунун кандай пайдасы бар? Түштүк Африкада жашаган Эрин: «Биз Ыйык Китепти изилдөөгө, жыйналышка барууга, кабарга чыгууга келгенде эле наалып, кейип-кепчий баштачубуз. Кээде үй-бүлөлүк изилдөө болбой калышы үчүн, аны атайылап үзгүлтүккө учуратчубуз. Бирок ата-энебиз багынган жок»,— дейт. Мунун аркасында Эрин туруктуулукту өрчүткөн. Азыр ал жыйналышка барбай же кабарга чыкпай калса, тезинен жагдайды оңдогонго аракет кылат. Эрин, эгер ата-энеси багынып койсо, жыйналыш жолугушууларына жана башка рухий иш-чараларга азыркыдай олуттуу маани бермек эместигин айтат.

ҮЛГҮҢӨР МЕНЕН МОМУНДУККА ҮЙРӨТКҮЛӨ

8. а) Иса пайгамбардын момундугу эмнеден көрүнгөн? б) Мырзасынын момундугу шакирттерине кандай таасир эткен?

8 Иса пайгамбар жеткилең болсо да, момун болуп, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин мойнуна алган жана Жахабага таянган. (Оку: Жакан 5:19.) Ал момун болгондуктан, шакирттери аны көп урматтабай калышты беле? Түк да. Тескерисинче, ал Жахабага канчалык таянган сайын, шакирттери ага көбүрөөк ишеним артышкан. Кийинчерээк алар Мырзасындай болуп, момундук менен иш кылышкан (Элч. 3:12, 13, 16).

9. Момун болуп, мүмкүнчүлүктөрүңөрдүн чектелүү экенин моюнга алганыңар жана кечирим сураганыңар балаңарга кандай таасир этиши мүмкүн?

9 Биздин колубуздан көп нерсе келбейт. Ошондой эле, Исадан айырмаланып, жеткилеңсизбиз жана көп ката кетиребиз. Андыктан момун болуп, мүмкүнчүлүктөрүңөрдүн чектелүү экенин жана кетирген каталарыңарды моюнга алгыла (1 Жкн. 1:8). Маселен, силер кандай жумуш берүүчүнү көбүрөөк урматтап-сыйлайт элеңер? Эч качан кечирим сурабаган жумуш берүүчүнүбү же кетирген катасын моюнга ала билгенинби? Эгер өсүп-жетилип келаткан балаңар катаңар үчүн кечирим сураганыңарды көрсө, силерди көбүрөөк урматтап калышы мүмкүн. Ошондой эле өзүнүн да кемчиликтерин моюнга алууга үйрөнүшү ыктымал. Жолдошу экөө үч баланы чоңойткон Розмари мындай дейт: «Биз каталарыбызды моюнга алчубуз. Ошондуктан балдарыбыз кайсы бир көйгөйгө туш болгондо бизге баарын ачык айтышчу. Мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин моюнга алуу менен аларга көйгөйлөрдү чечүүнүн эң жакшы жолун үйрөткөнбүз. Жардам сурап кайрылышканда, алардын көңүлүн Ыйык Китепке негизделген адабияттардагы ойлорго буруп, чогуу тиленчүбүз».

10. Иса жолдоочуларына буйрук бергенде кандайча момундукту чагылдырчу?

10 Иса жолдоочуларына буйрук берүүгө укуктуу болчу. Бирок ал момундук көрсөтүп, аларга кайсы бир ишти эмне үчүн кылышы керектигин түшүндүрчү. Мисалы, жолдоочуларына «Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издеши» керектигин эле айтып койбостон: «Ошондо силерге мунун баары берилет» — деп, эмне үчүн ошондой кылышы керектигин да түшүндүргөн. Андан тышкары: «Эч кимди айыптабагыла»,— дегенден кийин: «Башкаларды кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар»,— деп себебин түшүндүргөн (Мт. 6:31—7:2).

11. Ата-энелердин эрежелери менен чечимдеринин себебин түшүндүргөнү эмне үчүн маанилүү?

11 Мүмкүн болсо, балаңарга бекиткен эрежеңердин же чыгарган чечимиңердин себебин дайыма түшүндүргүлө. Эгер ал силердин оюңарды түшүнсө, чын көңүлдөн тил алууга ынтызар болушу ыктымал. Төрт балалуу Бэрри айткандай, «өспүрүмдөргө кайсы бир нерсенин себебин түшүндүрсөңөр, силерге ишеним артышат». Ошондо алар силердин бийлигиңерди кыянат колдонбой, эстүүлүк менен чечим чыгарарыңарды көрүшөт. Өспүрүм балаңардын бой жетип келатканын да унутпагыла. Ал өз алдынча ойлонууга, чечим чыгарууга үйрөнүп жатат (Рим. 12:1). Бэрри: «Жеткинчектер сезимдерге алдырбай, акыл токтотуп, туура чечимдерди чыгарууга үйрөнүшү керек»,— деп кошумчалайт (Заб. 119:34). Момун болуп, чечимиңердин себебин түшүндүрсөңөр, балаңар анын чоңоюп келатканын эске аларыңарды сезет жана өзү да «акыл жөндөмүн» колдонуп чечим чыгарууга үйрөнөт.

КЫРААКЫ БОЛУП, ТҮШҮНӨ БИЛГИЛЕ

12. Иса элчи Петирге кантип кыраакылык менен жардам берген?

12 Иса кыраакы болуп, шакирттерине кандай жардам керектигин аңдай билген. Маселен, ал бир жолу шакирттерине өлтүрүлөрүн айтканда, элчи Петир эч кандай жаман ниети жок эле аны өзүн аёого үндөгөн. Бирок анын жаңылыш ой жүгүртүп жатканын байкаган Иса ага ачык-айкын кеңеш берип, башка шакирттери да пайда алышы үчүн, өзүн аёонун кесепети жана жан аябас болуунун натыйжасы кандай болорун айткан (Мт. 16:21—27). Петир Мырзасынын айткандарын көкүрөгүнө түйүп, көп нерсеге үйрөнгөн (1 Пет. 2:20, 21).

13, 14. а) Эмнелер балаңардын ишеними алсырап баратканынан кабар бериши мүмкүн? б) Балаңарды түшүнө билүүгө жана чындап жардам берүүгө кыраакылык кандайча көмөк кылат?

13 Балаңарга кайсы жактан жардам берүү керектигин баамдаш үчүн Жахабадан кыраакылык сурап тиленгиле (Заб. 32:8). Эмнелер балаңардын ишеними алсырап баратканынан кабар бериши мүмкүн? Балким, ал мурдагыдай көңүлдүү болбой калгандыр, ишенимдештерине карата сын көз карашта боло баштагандыр же түнт болуп бараткандыр. Албетте, ошондой болсо эле балаңар билгизбей жаман иштерди кылып жүрөт болуш керек деп шашылыш жыйынтык чыгарбагыла *. Ошол эле учурда андай нерселер өтүп кетет деп ойлоп, иш-аракет кылбай койбогула.

Балаңарга жыйналыштан дос табууга жардам бергиле (14-абзацты карагыла)

14 Исадай болуп, балаңарга жумшактык, урмат-сый менен суроолорду бергиле. Эгер кудукка чаканы ыргытып, аны кайра бат-баттан тартса, суунун бир тобу төгүлүп-чачылат. Ошо сыяктуу эле, балаңарга суроо бергенде чыдамкай болбой, аны сүйлөшүүгө мажбурласаңар, ойлору менен сезимдерин толук биле албай каласыңар. (Оку: Накыл сөздөр 20:5.) Жогоруда айтылган Илариянын өспүрүм кезинде, туура эмес экенин түшүнүп турса да, классташтары менен көбүрөөк убакыт өткөргүсү келген учурлары болгон. Ата-энеси анын бир нерсеге түпөйүл болуп жүргөнүн байкашкан. Илария мындай дейт: «Бир күнү кечинде алар көңүлүм суз болуп жүргөнүн айтып, эмне болуп жатканымды сурашты. Ошондо көз жашымды төгүп, ичимдегинин баарын айтып бердим. Анан алардан жардам сурадым. Алар мени кучактап, түшүнөрүнө, жардам берерине ынандырышты». Илариянын ата-энеси ага жыйналыштан жакшы досторду табууга дароо жардам бере башташкан.

15. Иса Машаяктын кыраакы экени башкаларга кылган мамилесинен кандайча көрүнгөн?

15 Иса Машаяк шакирттеринин жакшы жактарын көрө билүү менен да кыраакы экенин айгинелеген. Алсак, Натанаел алгач Исанын назареттик экенин укканда: «Назареттен жакшы бир нерсе чыкмак беле?» — деген (Жкн. 1:46). Эгер Натанаелдин ошол сөзүн уксаңар, ал жөнүндө эмне деп ойлойт элеңер? Башкалар тууралуу терс ойдо болгон, кыйкымчыл, ишеними аз киши экен деп ойлойт белеңер? Иса кыраакы болгондуктан Натанаелдин жакшы жагын байкаган. Ал аны көргөндө: «Куулугу жок, накта ысрайылдык мына ушул»,— деген (Жкн. 1:47). Ооба, Иса адамдын жүрөгүндөгүсүн көрө билген жана ошол жөндөмдүүлүгүн башкалардын жакшы жактарын көрүүгө колдонгон.

16. Өспүрүм балаңарга жакшы сапаттарды өрчүтүүгө кантип жардам бере аласыңар?

16 Албетте, силер балаңардын жүрөгүндө эмне бар экенин көрө албайсыңар, бирок Кудайдын жардамы менен кыраакы боло аласыңар. Кыраакылык балаңардын жакшы жактарын көрө билгенге көмөк кылат. Өспүрүм балаңардын кылгандары көңүлүңөргө жакпаган күндө да, аны: «Бала эмес эле, балээсиң» же «Пайдаңан зыяның көп»,— деп урушпагыла. Атүгүл ошондой ойдо болгондон алыс болгула. Тескерисинче, жакшы жактарын байкап, анын туура иш кылууну каалаарына шектенбей турганыңарды айткыла. Кайсы бир жактардан жакшырганын байкасаңар, мактагыла. Мүмкүн болгондо көбүрөөк жоопкерчилик артып, жакшы сапаттарын өрчүтүүгө жардам бергиле. Иса да так ушундай кылган. Натанаелге (аны Барталамей деп да коюшчу) жолуккандан бир жарым жылдай өткөндөн кийин ал аны элчилеринин бири катары тандап алган. Натанаел Мырзасы тапшырган ишти ишенимдүүлүк менен аткарган (Лк. 6:13, 14; Элч. 1:13, 14). Исадан үлгү алып, балаңарды мактап, бекемдеп турсаңар, ал өзүн колунан эч нерсе келбеген бирөөдөй сезбей, Жахабанын уюмунда бычакка сап болчу кызматчылардан боло аларына ынанат.

АРАКЕТ КЫЛСАҢАР — БЕРЕКЕТ

17, 18. Өспүрүмдөргө талыкпай жардам берүүнүн натыйжасы кандай болот?

17 Балдарыңарга тарбия берип жатып кээде элчи Пабылдыкындай сезимде болушуңар мүмкүн. Ал көптөргө Жахабаны таанып-билүүгө жардам берип, аларга атасындай эле болуп калган жана аларды аябай жакшы көргөндүктөн «кайгыга батып», жүрөгү сыздаган учурлары болгон (2 Кор. 2:4; 1 Кор. 4:15). Эки уул менен бир кызды уядан учурган Виктор балдарынын өспүрүм курагы оңой болбогонун айтат. «Бирок кубанычтуу учурлар кыйынчылыктардын баарын жаап кетти. Жахаба жардам бергендиктен, биз балдарыбыз менен жакын достордон болуп калдык»,— дейт ал.

18 Ата-энелер, өспүрүм балаңарды Жахабага кызмат кылууга талыкпай үйрөтө бергиле! Мындан ары да аларды сүйөрүңөрдү айгинелей берсеңер, алардын Жахабага кызмат кылууну тандап, «чындык жолунда жүргөнүн» көргөнүңөрдө сөз менен айтып жеткиргис кубанычка бөлөнөсүңөр (3 Жкн. 4).

^ 13-абз. Ата-энелер бул адабияттардан да пайдалуу ойлорду таба алышат: «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» китеби, 1-том, 317-бет жана 2-том 136—141-беттер.