Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба — сүйүүнүн Кудайы

Жахаба — сүйүүнүн Кудайы

«Кудай — сүйүү» (1 ЖКН. 4:8, 16).

ЫРЛАР: 18, 91

1. Жахабанын эң негизги сапаты кайсы жана муну билүү силерге кандай таасир этет?

ЖАХАБАНЫН ыйык рухунун жетеги менен жазылган Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— делет. Сүйүү Кудайдын суктантарлык сапаттарынын бири эле эмес, Кудайдын өзү сүйүү экенине көңүл бурсаңар (1 Жкн. 4:8). Сүйүү — анын эң негизги жана эң маанилүү сапаты. Бирок Жахаба тек гана сүйүүгө ээ болбостон, ал өзү сүйүү болуп эсептелет. Сүйүү ага ааламдагы жандуу жана жансыз нерселердин баарын жаратууга түрткү бергенине кандай гана ыраазы болсок болот!

2. Кудайдын сүйүүсү бизди эмнеге ынандырат? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

2 Жахаба Кудайдын жаратууларын абдан жакшы көрөрү анын адамзатка болгон ой-ниетин өзүнүн башкаруусу аркылуу эң сонун жол менен ишке ашырарына кепилдик берет. Ал сүйүүсүнөн улам өзү дайындаган Иса Машаяк аркылуу «жер жүзүн адилдик менен соттой турган күндү белгилеп койгон» (Элч. 17:31). Ал убактын келерине эч кандай шек жок. Ошондо адилдикти сүйгөн, тил алчаак адамдар түбөлүктөн түбөлүккө мол бата алышат.

ТАРЫХ ЭМНЕНИ ТАСТЫКТАДЫ?

3. Эгер Кудай адамзатты сүйбөсө, жашообуз кандай болмок?

3 Эгер Кудай адамзатты сүйбөсө, жашообуз кандай болмоктугун элестетсеңер. Анда бул дүйнөнүн таш боор, каардуу кудайы Шайтандын бийлиги астындагы адамдардын башкаруусунун үрөй учурарлык кесепетинен башка эч кандай жакшылык болмок эмес (2 Кор. 4:4; 1 Жкн. 5:19; оку: Аян 12:9, 12). Ырас, эгер Жахаба бардык нерсени сүйүүсү менен жөнгө салып турбаса, келечегибиз караңгы болмок.

4. Эмне үчүн Кудай Шайтанга башкарууга жол берген?

4 Шайтан Жахабанын бийлигине каршы чыгып, биринчи түгөйлөрдү да ошондой кылууга азгырган. Ал Кудайдын ааламды башкарууга болгон укугун жана анын адилеттүү, жакшы Башкаруучу экенин талашка салган. Мындайча айтканда, ал Жаратканга караганда жакшыраак башкармактыгын айткан (Башт. 3:1—5). Айткандарын далилдегенге аракет кылып көрүшү үчүн, Жахаба ага белгилүү бир убакытка башкарууга жол берген. Өзүнүкүнөн башка бир да башкаруу мыкты боло албай турганы айдан ачык болуш үчүн, Жахаба зор акылмандыгынан улам ага жетиштүү убакыт берген. Тарых барактары адамдардын да, Шайтандын да жакшы башкаруучу боло албай турганын тастыктады.

5. Адамзаттын тарыхы эмнени далилдеди?

5 Акыркы жүз жылдын ичинде эле ар кандай согуш-жаңжалдарда жүз миллиондон ашык адам каза болду. Дүйнөдөгү жагдай күндөн күнгө начарлап баратат. Бул таң калыштуу эмес, себеби Кудайдын Сөзүндө азыркы дүйнөнүн «акыркы күндөрүндө» жаман адамдардын «барган сайын бузула берери» алдын ала айтылган (2 Тим. 3:1, 13). Адам баласынын башынан кечирип келаткан катаал турмушу Ыйык Китептеги: «Оо, Жахаба, мен пенденин жолу өз эркинде эмес экенин билем. Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин далилдеди (Жер. 10:23). Чынында эле, Жахаба адамдарды бийлик жүргүзүүгө жөндөмдүү кылып же анын жетегисиз эле туура жолду таба алгыдай кылып жараткан эмес.

6. Эмне үчүн Кудай жамандыкка жол берген?

6 Кудайдын жамандыкка убактылуу жол бергени адамдардын башкаруусу ийгиликке жетпей турганын айкын кылгандан тышкары, анын башкаруусу гана эң туура экенин биротоло далилдейт. Жамандык менен анын себепкерлери жок кылынгандан кийин, кимдир бирөө кайрадан анын сүйүү менен башкарарын талашка сала турган болсо, ага айткандарын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берүүнүн зарылдыгы болбойт. Адамзаттын тарыхы Жахабага жамандыктын кайра тамыр жайышына бөгөт коюп, дароо иш-аракет кылышына негиз болот.

ЖАХАБА СҮЙҮҮСҮН КАНТИП КӨРСӨТКӨН?

7, 8. Жахабанын зор сүйүүсү эмнелерден көрүнүп турат?

7 Жахаба зор сүйүүсүн көптөгөн жолдор менен көрсөткөн. Мисалга учу-кыйырсыз кең ааламды алалы. Ал миллиарддаган галактикалардан турат. Ал эми алардын ар биринде миллиарддаган жылдыздар жана планеталар бар. Күн Саманчынын жолу галактикасындагы жылдыздардын бири болуп эсептелет. Эгер ал жок болсо, жер бетинде тиричилик болмок эмес. Ушунун баары Жахабанын Жараткан экенин айгинелеп, анын кудуреттүү күчүнөн, акылмандыгынан, сүйүүсүнөн кабар берет. Ооба, «анын көзгө көрүнбөгөн сапаттары — түбөлүк күчү менен кудайлык табияты — дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот» (Рим. 1:20).

8 Жахаба жерди адамдар менен жан-жаныбарлар жашай алгыдай кылып жараткан. Адамдарды алгач көз жоосун алган бейиш багына жайгаштырып, түбөлүк өмүр сүрүшү үчүн, аларга тунук акыл, жеткилең дене берген. (Оку: Аян 4:11.) Андан тышкары, мээримдүүлүгүнөн улам «ал тирүү жандын баарына азык берип» келет (Заб. 136:25).

9. Жахаба сүйүүнүн Кудайы болсо да, эмнени жек көрөт?

9 Жахаба сүйүүнүн Кудайы болсо да, жамандыкты жек көрөт. Алсак, Забур 5:4—6-аяттарда: «Сен ыймансыздыкты жаман көргөн Кудайсың... Кыянаттык кылгандардын баарын жек көрөсүң... Кан төккөн, митаам кишиден Жахаба жийиркенет»,— деп жазылган.

ЖАКЫНДА ЖАМАНДЫК ЖОК БОЛОТ

10, 11. а) Жаман адамдар эмне болушат? б) Адил адамдарга Жахаба кандай сыйлык берет?

10 Жахаба жамандыкты жек көргөндүктөн жана анын негизги сапаты сүйүү болгондуктан өз убагы келгенде жер бетин жана ааламды жамандыктан арылтууну ниет кылган. Анын Сөзүндө: «Жамандык кылгандар кырылат, ал эми Жахабага үмүт арткандар жерди мураска алат. Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот... Жахабанын душмандары жайыттын шибер чөбүндөй куурап калышат. Алар түтүндөй тарап, жок болушат»,— деп айтылган (Заб. 37:9, 10, 20).

11 Ыйык Китепте ошондой эле: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деген убада камтылган (Заб. 37:29). Адил адамдар «мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Заб. 37:11). Бул убадалар сөзсүз аткарылат, анткени мээримдүү Кудайыбыз өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынын жыргалчылыгына дайыма кызыкдар. Ыйык Жазмада: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти»,— делет (Аян 21:4). Ырас, Жахабанын сүйүүсүн чындап баалап, ага баш ийгендерди жаркын келечек күтүп турат!

12. Кандай адамды «кынтыксыз» деп айтууга болот?

12 Жахабанын Сөзүндө: «Кынтыксыз адамды байкап жүр, чынчылдан көзүңдү алба, анткени анын келечеги — тынчтык. Ал эми мыйзамды бузгандар жок кылынат, ыймансыздардын келечеги ойрон болот»,— деп жазылган (Заб. 37:37, 38). «Кынтыксыз адам» Жахаба менен анын Уулун таанып-билүүгө умтулат жана Кудайдын эркин тил алчаактык менен аткарат. (Оку: Жакан 17:3.) Андай адам 1 Жакан 2:17деги: «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деген сөздөрдү эсине бек сактайт. Бул дүйнөнүн аягы жакындап келаткандыктан, «Жахабага үмүт артып», «анын жолунан чыкпаганыбыз» абдан зарыл (Заб. 37:34).

КУДАЙДЫН СҮЙҮҮСҮНҮН ЭҢ ЧОҢ ДАЛИЛИ

13. Кудайдын сүйүүсүнүн эң чоң далили кайсы?

13 Биз жеткилеңсиз болсок да, Жахабанын жолунда жүрө алабыз. Ошондой эле анын зор сүйүү көрсөткөнүнүн аркасында аны менен ынак мамиле өрчүтө алабыз. Кудай Иса Машаякты куткаруу курмандыгы катары берип, тил алчаак адамдардын Адам атадан тукум кууп өткөн күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонушуна жол ачкан. (Оку: Римдиктер 5:12; 6:23.) Тун Уулу асманда өзүнө сансыз кылымдар бою берилгендик менен кызмат кылгандыктан, Жахаба ага толугу менен ишенген. Адамдар Исага адилетсиз мамиле кылганда, мээримдүү Ата катары анын жүрөгү ооруганы шексиз. Иса Жахабанын эгедерлигин ишенимдүүлүк менен жактап, жеткилең адамдын аябагандай оор жагдайларда да кынтыксыз бойдон кала аларын далилдеген.

Кудай сүйүүсүнөн улам тил алчаак Уулун жерге жиберген (13-абзацты карагыла)

14, 15. Иса Машаяктын өлүмү адамзатка кандай пайда алып келген?

14 Иса Машаяк аябай чоң сыноолордо да кынтыксыздыгын сактап, өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүү болуп, Жахабанын эгедерлигин жактаган. Адамдар Кудай убада кылган жаңы дүйнөдө түбөлүк жашашы үчүн, анын өз өмүрүн берип, кун төлөгөнүнө кандай гана ыраазыбыз! Элчи Пабыл Жахаба менен Исанын бизге көрсөткөн зор сүйүүсү тууралуу мындай деген: «Биз алсыз кезде эле, белгиленген убакта Машаяк ыймансыздар үчүн өлгөн. Адил киши үчүн кимдир бирөөнүн өз жанын кыяры күмөн, ал эми жакшылык кылган киши үчүн кыйышы мүмкүн. Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн. Бул аркылуу Кудай бизге сүйүүсүн көрсөткөн» (Рим. 5:6—8). Элчи Жакан болсо мындай деп жазган: «Кудай өзүнүн жалгыз Уулун, ал аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, дүйнөгө жиберген. Ушундай жол менен ал бизге сүйүү көрсөткөн. Сүйүү биздин Кудайга болгон сүйүүбүздөн эмес, Кудайдын бизге көрсөткөн сүйүүсүнөн, күнөөлөрүбүздү жууп, өзү менен элдештире турган курмандык катары өз Уулун жибергенинен көрүнгөн» (1 Жкн. 4:9, 10).

15 Кудайдын адамзатты канчалык сүйөрү тууралуу Иса өзү: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп айткан (Жкн. 3:16). Ооба, Кудай адамзатты ушунчалык сүйгөндүктөн өзүнө кымбатка турса да, алардан жакшылыгын аяган эмес. Анын сүйүүсү түбөлүктүү, ошондуктан бизди дайыма жакшы көрөрүнө толук ишенсек болот. Элчи Пабыл жазгандай, «өлүм да, өмүр да, периштелер да, өкмөттөр да, азыркы нерселер да, келечектеги нерселер да, күчтөр да, бийиктик да, тереңдик да, деги эле жаратылган эч бир нерсе бизди Кудайдын Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн ажырата албайт» (Рим. 8:38, 39).

КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ БАШКАРЫП ЖАТАТ

16. Кудайдын Падышалыгы деген эмне жана Жахаба Кудай аны кимдин колуна тапшырган?

16 Кудайдын адамзатка болгон сүйүүсү анын Падышалыгы аркылуу да айкын көрүнүп турат. Жахаба ал өкмөттү адамдарды сүйгөн жана аларды эң сонун башкара ала турган Уулунун колуна тапшырган (Накыл 8:31). Ошондой эле аны менен чогуу бийлик жүргүзүүгө 14 4000 адамды тандаган. Алар жерде жашап, көп нерсени башынан өткөргөндүктөн асманга тирилгенден кийин да адамдарды жакшы түшүнүшөт (Аян 14:1). Иса негизинен Кудайдын Падышалыгы жөнүндө окутуп, шакирттерин: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Мт. 6:9, 10). Бул үч өтүнүч толугу менен орундалганда, тил алчаак адамзат мол батага ээ болот!

17. Исанын башкаруусу адамдардыкынан эмнеси менен айырмаланат?

17 Исанын башкаруусу миллиондогон адамдардын өмүрүн алган согуш отун тутанткандардын башкаруусунан кандай гана айырмаланат. Иса өзүнүн элине жакшы кам көрөт жана Кудайдын сонун сапаттарын, айрыкча, сүйүүсүн чагылдырат (Аян 7:10, 16, 17). Ал: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем. Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, анткени мүнөзүм жумшак, жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт. Себеби моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил»,— деген (Мт. 11:28—30). Бул сөздөрдү айтууга ага сүйүүгө толгон жүрөгү түрткү берген.

18. а) Кудайдын Падышалыгы орнотулгандан тартып кандай иш аткарылып келатат? б) Кийинки макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

18 Ыйык Китепте жазылган пайгамбарлыктардан көрүнүп тургандай, Кудайдын асмандагы Падышалыгы 1914-жылы Машаяктын катышуусу башталганда орнотулган. Ошондон тартып Иса менен бирге асманда бийлик жүргүзө тургандардын калдыгы жана бул дүйнө талкаланганда аман калып, жаңы дүйнөгө кире турган «эбегейсиз көп адамдар» чогултулууда (Аян 7:9, 13, 14). Бүгүнкү күндө эбегейсиз көп адамдар канчалык көбөйдү? Алардан эмне талап кылынат? Бул суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.