Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Падышалыктын жүз жыл ичинде кылган иштери

Падышалыктын жүз жыл ичинде кылган иштери

«Тынчтыктын Кудайы, өзүнүн эрки аткарылышы үчүн,.. силерди жакшы нерселердин баары менен камсыз кылсын» (ЕВР. 13:20, 21).

ЫРЛАР: 136, 14

1. Кабар айтуу иши Иса Машаяк үчүн канчалык маанилүү болгон?

ИСА МАШАЯК Кудайдын Падышалыгы жөнүндө сүйлөшкөндү жакшы көрчү жана ал тууралуу башка нерселерге караганда абдан көп айтчу. Ыйык Китепке ылайык, ал жерде кызмат кылып жүргөн кезинде Падышалык жөнүндө 100дөн ашуун жолу сөз кылган. Ооба, Падышалык анын жүрөгүнө абдан жакын болчу. (Оку: Матай 12:34.)

2. Матай 28:19, 20-аяттарда жазылган буйрукту, сыягы, канча киши уккан жана эмне үчүн ушинтип айта алабыз?

2 Иса тирилгенинен көп өтпөй келечекте Падышалык жөнүндө жарыялай турган 500дөн ашык кишиге көрүнгөн (1 Кор. 15:6). Кыязы, ошондо ал бардык элдерге Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоону буйруган *. Ал тапшырманы аткаруу оңой-олтоң иштерден болмок эмес. Иса кабар айтуу ишинин «дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин» аткарыларын айткан. Сенин да ал тапшырган ишке салымыңды кошуп, пайгамбарлыктын аткарылышына катышып жатканың шексиз (Мт. 28:19, 20).

3. Кабар айтуу ишин аткарууга бизге эмнелер жардам берип келет?

3 Иса пайгамбар кабар айтуу ишин тапшыргандан кийин жолдоочуларына: «Мен ар дайым силер менен болом»,— деп убада берген (Мт. 28:20). Ал кабар айтуу ишинин жүрүшүн өзү жетектемек. Ошондой эле аны аягына чыгара алышыбыз үчүн, Кудайыбыз «жакшы нерселердин баары менен» камсыз кылмак (Евр. 13:20, 21). Бул макалада ошол «жакшы нерселердин» үчөөнү карап чыгабыз. Тактап айтканда, 1) бизге кандай куралдар берилгенин, 2) кандай ыкмаларды колдонуп келатканыбызды жана 3) Падышабыз бизди кандайча окутуп-үйрөтүп жатканын билебиз. Анда келгиле, адегенде акыркы 100 жылдын ичинде кандай куралдарды колдонуп келатканыбызга токтололу.

ПАДЫШАБЫЗДЫН КУРАЛДАР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛЫШЫ

4. Эмне үчүн кабар айтуу ишинде ар кандай куралдарды колдонуп келебиз?

4 Иса «Падышалык жөнүндөгү сөздү» ар кандай жерге себилген үрөнгө салыштырган (Мт. 13:18, 19). Дыйкан жерди үрөн себүүгө даярдаш үчүн ар түрдүү куралдарды колдонот. Ошол сыяктуу эле миллиондогон адамдардын жүрөгүн жакшы кабарды кабыл алууга даярдай алышыбыз үчүн, Падышабыз бизди ар кандай куралдар менен камсыз кылып келет. Айрым куралдар бир канча жыл колдонулса, башкалары азыркыга чейин колдонулуп жатат. Кандай болбосун, алардын баары жакшы кабарды жарыялоо жөндөмүбүздү арттырууга шарт түздү.

5. Күбөлөндүрүү баракчасы деген эмне жана бир туугандар аны кантип колдонушчу?

5 Көптөгөн бир туугандарга кабар айта баштоого күбөлөндүрүү баракчасы жардам берген. Ал 1933-жылдан тартып колдонула баштаган. Туурасы 8, узуну 13 сантиметрдей болгон ал чакан баракчада Ыйык Китепке негизделген маалымат камтыла турган. Мезгил-мезгили менен башка тема жазылган жаңы күбөлөндүрүү баракчалары чыгып турчу. Баракчаны сунуштоо оңой болчу. Эрленмайер деген бир тууган баракчаны биринчи жолу колдонгондо он жашта эле. Ал ошол кез тууралуу: «Үй ээсине жолукканда: „Бул баракчада жазылгандарды окуп көрөсүзбү?“ — дечүбүз. Ал окугандан кийин, ага адабият берип, кетип калчубуз»,— деп эскерет.

6. Кызматта күбөлөндүрүү баракчасын колдонуу эмнеси менен жакшы болчу?

6 Күбөлөндүрүү баракчасы көп жагынан пайдалуу болчу. Алсак, айрым бир туугандар аябай кабар айткысы келсе да, уялышчу же кантип айтышты билишчү эмес. Башкалары кабар айткандан тартынбаганы менен, үй ээсине бир нече мүнөттүн ичинде эле эмнени билсе, ошонун баарын айтып салышчу. Андан тышкары, сылык болуу керектиги жөнүндө көп деле ойлонушчу эмес. Ал эми күбөлөндүрүү баракчасы үй ээсине ойду кылдат тандалган сөздөр менен кыска-нуска жеткиргенге өбөлгө түзчү.

7. Жахабанын кызматчылары баракчаны колдонууда кандай кыйынчылыктарга туш болушкан?

7 Баракчаны колдонууда, албетте, кыйынчылыктар да болбой койгон эмес. Жахабага көп жылдар бою кызмат кылган Грейс Истеп аттуу эже: «Кээде үй ээси бизден: „Бул жерде эмне деп жазылыптыр? Өзүң айтып бере аласыңбы?“ — деп сурачу»,— деп эскерген. Кээ бирөөлөр сабатсыз болгондуктан баракчадагы маалыматты окуй алчу эмес. Айрымдар болсо баракчаны алып, эшигин жаап алчу. Кабар айтып келгендерге ачууланып, баракчаны майдалап айрып салгандар да болгон. Бирок ушундай кыйынчылыктарга карабай, бир туугандар башкаларга кабар айтууга үйрөнүп, көпчүлүккө Падышалыктын жарчылары катары таанымал боло беришкен.

8. Бир туугандар кызматта фонографтарды кантип колдонушкан? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

8 1930-жылдардан тартып фонографтар колдонула баштаган. Кээ бир ишенимдештерибиз фонографты «Арун» деп атап коюшчу, анткени көбүнчө ал алардын ордуна «сүйлөчү». (Оку: Чыгуу 4:14—16.) Эгер үй ээси макул болсо, жарчылар Ыйык Китепке негизделген төрт жарым мүнөттүк баяндаманы угузушчу жана адабияттарды сунушташчу. Кээде баяндаманы угууга бүт үй-бүлө чогула турган. 1934-жылы Күзөт мунарасы коому кабар айтуу ишинде колдонуу максатында фонографтарды чыгара баштаган. Бир туугандар ар түрдүү темадагы баяндамаларды жаздырышчу. Бара-бара алардын саны 92ге жеткен.

9. Кабар айтууда фонографтарды колдонуу канчалык натыйжалуу болгон?

9 Ыйык Китепке негизделген баяндамалардын бирин уккандан кийин Хилари Гослин деген киши Падышалык жөнүндөгү кабарды кошуналарына угузам деп жарчыдан фонографты бир жумага сурап алган. Жарчы ага кийинки жолу барганда, аны жакшы кабарга кызыккан бир нече адам күтүп турган. Убакыттын өтүшү менен алардын айрымдары өмүрүн Жахабага арнашкан. Андан тышкары, Хиларинин эки кызы да чындык жолуна түшүп, кийин Гилат мектебин бүтүрүп, чет өлкөгө кызмат кылууга дайындалышкан. Күбөлөндүрүү баракчасындай эле, фонографтар да көптөргө кабар айтуу ишине катыша баштоого жардам берген. Бирок кийинчерээк Падышабыз Теократиялык кызмат мектеби аркылуу аларды кантип кабар айтуу керектигине үйрөтө баштамак.

АР ТҮРДҮҮ ЫКМАЛАРДЫ КОЛДОНУП КАБАР АЙТУУ

10, 11. Уюм жакшы кабарды таратуу үчүн гезиттер менен радиону кантип колдонгон жана бул эмне себептен натыйжалуу болгон?

10 Кудайдын эли жакшы кабарды мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга жеткириш үчүн Падышабыздын жетекчилиги астында ар кандай ыкмаларды колдонуп келет. «Жумушчулар аз» болгондуктан, бул абдан маанилүү болгон. (Оку: Матай 9:37.) Жахабанын эли аз жерлерде көп адамдарга кабар айтылышы үчүн 20-кылымдын башында гезиттер кеңири колдонулган. Рассел бир тууган жума сайын Ыйык Китепке негизделген баяндаманы гезит чыгаргандарга жөнөтүп турчу. Алар болсо ал баяндамаларды АКШдагы, Канададагы жана Европадагы гезиттерге жиберишчү. 1913-жылы Рассел бир туугандын баяндамалары 2000 гезитке чыгып, аны 15 000 000дой киши окуй алган.

11 Рассел бир тууган көз жумгандан кийин, жакшы кабарды таратууда башка натыйжалуу ыкма колдонула баштаган. 1922-жылы 16-апрелде Рутерфорд бир тууган радиодон баяндамаларынын бирин сүйлөп чыккан. Аны, болжолу, 50 000 киши уккан. 1924-жылы 24-февралда биздин уюмдун «WBBR» деп аталган биринчи радио станциясы ишке киришкен. Бул жаңы ыкмага байланыштуу 1924-жылы 1-декабрда чыккан «Күзөт мунарасында»: «Ушул күнгө чейин колдонулуп келген ыкмалардын ичинен радио чындыкты жарыялоонун эң эле үнөмдүү жана натыйжалуу ыкмасы экенине бекем ишенебиз»,— деп жазылган. Радио да, гезиттер сыяктуу эле, жакшы кабарды жарчылар аз жерде жашаган адамдарга жеткирүүгө шарт түзгөн.

Көптөгөн жарчылар эл көп жерлерде кабар айтып, башкаларды jw.org сайтына кирүүгө чакырышууда (12, 13-абзацтарды карагыла)

12. а) Эл көп жерде күбөлөндүрүүнүн кайсы түрү сага көбүрөөк жагат? б) Эл көп жерде кабар айтуудан коркпогонго эмне жардам бериши мүмкүн?

12 Барган сайын эл көп жерде күбөлөндүрүүгө, мисалы, аялдамаларда, темир жол бекеттеринде, автотуруктарда, аянттарда, базарларда кабар айтууга басым жасалып келет. Эгер ошондой жерлердин биринде кабар айткандан корксоң, бир топ жыл кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган Анжело Манера бир туугандын айткандары тууралуу ой жүгүртүп көр. Ал: «Биз кызматтын ар бир жаңы түрүн Жахабага кызмат кылуунун башка жолу, ага болгон берилгендигибизди айгинелөөнүн, сыноо учурунда кынтыксыз бойдон кала аларыбызды далилдөөнүн жана ал эмнени тапшырса, ошону аткарууга дилгир экенибизди көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүгү катары эсептечүбүз»,— деген. (Оку: 2 Корунттуктар 12:9, 10.)

13. а) Кызматта jw.org веб-сайтын колдонуу эмне үчүн натыйжалуу болууда? б) Кызматта сайтты колдонууга байланыштуу сенде кандай окуя болду эле?

13 Бүгүнкү күндө көптөгөн жарчылар башкаларды jw.org веб-сайтына кирип көрүүгө үндөп жатышат. Ал жактан Ыйык Китепке негизделген адабияттарды 700дөн ашуун тилде окууга жана жүктөп алууга болот. Уюмдун веб-сайтына күн сайын 1 600 000ден ашуун киши кирип турат. Радио сыяктуу эле, веб-сайт да алыскы аймактарда жашаган адамдардын жакшы кабарды угушуна өбөлгө түзүүдө.

ЖАРЧЫЛАРДЫН ОКУТУП-ҮЙРӨТҮЛҮШҮ

14. Жарчылар эмнеге үйрөнүшү керек эле жана кайсы мектеп аларга мыкты окутуучу болууга жардам берип келет?

14 Ырас, жакшы кабарды жарыялоодо ар кандай куралдардын жана ыкмалардын колдонулганы жакшы натыйжа берген. Анткен менен жарчыларга кантип кабар айтуу керектигин окутуп-үйрөтүү зарыл болгон. Себеп дегенде кээде үй ээси фонографтан уккандарына макул эместигин айтып, каршы болчу же күбөлөндүрүү баракчасында жазылгандарга кызыгып калчу. Бир туугандар каршы болгондорго сылыктык менен жооп берүүгө, кызыгып калгандарды андан ары окутууга үйрөнүшү керек эле. Ошол кезде уюмда жетекчиликти колго алган Нейтан Норр бир тууган жарчыларды сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга үйрөтүү керектигин түшүнгөн. Ага Кудайдын ыйык руху түрткү бергени шексиз. Ошентип, 1943-жылы жыйналыштарда Теократиялык кызмат мектеби уюшулган. Ал мектеп бизге бүгүнкү күнгө дейре мыкты окутуучу болууга жардам берип келет.

15. а) Теократиялык кызмат мектебинен биринчи жолу тапшырма менен чыккандар кандай окуяларга туш болушкан? б) Забур 32:8деги сөздөрдүн калетсиз экенине кандайча ынангансың?

15 Көптөргө эл алдында чыгып сүйлөө оңой болгон эмес. Хулио Раму бир тууганды мисалга алалы. Ал Теократиялык мектептен тапшырма менен биринчи жолу 1944-жылы чыккан. Анын тапшырмасы Ыйык Китептеги Доек аттуу каарман жөнүндө болчу. Раму бир тууган сахнага чыкканда толкунданганынан тиштери шакылдап, тизелери титиреп, колдору калтырап, сөзүн үч мүнөттүн ичинде эле бүтүрүп койгон. Ал: «Ошондо сахнага биринчи жолу чыккан болчумун. Бирок мен багынган жокмун»,— деп эскерет. Мектептен кичинекей балдар да, оңой болбогонуна карабай, тапшырмалар менен чыгышчу. Жогоруда айтылган Анжело Манера бир тууган мектеп босогосун жаңы аттаган бир кичинекей баланын биринчи жолу эл алдында баяндама айтканы тууралуу: «Ал сүйлөй баштаганда аябай тынчсыздангандыктан үнү ыйлап жаткандай чыга баштады. Бирок ал көшөрүп, ошондой үнү менен тапшырмасын аягына чыгарды»,— деп эскерген. Сага да кээде тартынгандыктан же дагы башка себептерден улам жыйналыштан жооп берүү же анын айрым бөлүктөрүнө катышуу кыйын болобу? Ошондой болсо, Жахабадан жардам сурап тилен. Ал Теократиялык кызмат мектебинин алгачкы окуучуларына жардам бергендей эле, сага да жардам берет. (Оку: Забур 32:8.)

16. а) Гилат мектебинин максаты мурун кандай болгон? б) 2011-жылы Гилат мектебине байланыштуу кандай өзгөрүү болду?

16 Кудай өзүнүн элин Теократиялык кызмат мектеби аркылуу гана окутуп-үйрөтпөйт. Миссионерлер жана башкалар Гилат мектебинен да көп нерселерге үйрөнүүдө. Бир нускоочу айткандай, ал мектептин максаты — «билим алып жаткандардын жакшы кабарды жарыялоого болгон каалоосун күчөтүү». Гилат мектеби 1943-жылы негизделгенден тартып, андан 8500дөн ашуун жарчы билим алды. Аны бүтүргөн миссионерлер баш-аягы 170тей өлкөдө кызмат кылышты. 2011-жылдан баштап Гилат мектебине атайын толук убакыт кызмат кылгандар гана, тактап айтканда, атайын пионерлер, кыдыруучу көзөмөлчүлөр, бейтелдиктер жана ал мектепке бара элек миссионерлер чакырыла баштады.

17. Гилат мектебинин негизделиши кандай натыйжа берген?

17 Гилат мектебинин негизделиши кандай натыйжа берген? Буга жооп алуу үчүн Жапониядагы өсүштү карап көрөлү. 1949-жылы августта ал өлкөдө онго жетпеген эле жергиликтүү жарчы бар болчу. Ошол жылдын аягында Жапонияга Гилат мектебин бүтүргөн 13 миссионер жөнөтүлгөн. Учурда ал жакта 216 000дей жарчы бар жана алардын дээрлик жарымы пионер болуп кызмат кылышат!

18. Уюмда дагы кандай мектептер бар?

18 Биздин уюмда жогоруда айтылгандан тышкары, Падышалык кызмат мектеби, Пионердик кызмат мектеби, Падышалыктын жарчылары үчүн мектеп, Райондук көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары үчүн мектеп жана Филиалдын комитетинин мүчөлөрү жана алардын жубайлары үчүн мектеп бар. Алар Жахабанын элинин билимин арттырып, ишенимин бекемдеп келет. Ооба, Падышабыздын бизди окутуп-үйрөтүп жатканына эч кандай шек жок!

19. Рассел бир тууган кабар айтуу иши тууралуу эмне деген жана анын сөздөрү кандайча туура чыккан?

19 Кудайдын Падышалыгы бийлик жүргүзүп баштаганынан тартып, жүз жыл тез эле өтүп кетти. Падышабыз Иса Машаяк бизди мындан ары да жетектей бермекчи. Чарлз Тейз Рассел бир тууган 1916-жылы көз жумарына аз калганда санаалаштарынын бирине: «Кабар айтуу иши тездик менен күч алууда жана мындан ары да күч ала бермекчи. Себеби Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар дүйнө жүзүнө таралышы керек»,— деп айткан. Анын айткандары туура чыккан. Зор кубаныч тартуулаган ишти аткара алышыбыз үчүн, «тынчтыктын Кудайы» бизди «жакшы нерселердин баары менен камсыз кылып» жатканына кандай гана ыраазыбыз!

^ 2-абз. Ошол жерде болгондордун көбү кийин Машаяктын жолдоочусу болгон деп айта алабыз. Себеби Пабыл корунттуктарга жазган катында аларды «бир туугандар» деген. Андан тышкары, ал: «Алардын көбү азыр деле арабызда жүрөт, кээ бирлери өлүм уйкусуна кеткен»,— деп айткан. Андыктан Пабыл жана башкалар Исанын кабар айтууга байланыштуу берген буйругун өз кулагы менен уккан ошол кишилердин көбүн жакшы тааныса керек.