Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба кызматчылары менен пикирлешип турат

Жахаба кызматчылары менен пикирлешип турат

«Мен сүйлөйүн, укчу мени» (АЮП 42:4).

ЫРЛАР: 113, 114

1—3. а) Эмне үчүн Кудайдын тили жана пикир алышуусу адам баласыныкынан жогору турат деп айтууга болот? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

ТҮБӨЛҮКТҮҮ Кудай жашоонун кубанычын башкалар менен да бөлүшкүсү келгендиктен периштелерди жана кийинчерээк адамдарды жараткан (Заб. 36:9; 1 Тим. 1:11). Ал эң алгач өзүнүн тун Уулун жараткан. Элчи Жакан аны «Сөз» деп атаган жана анын «Кудай жараткандардын эң биринчиси болгонун» жазган (Жкн. 1:1; Аян 3:14). Жахаба Кудай Уулу менен сүйлөшүп, ага өзүнүн ойлорун, сезимдерин билдирип турчу (Жкн. 1:14, 17; Кол. 1:15). Элчи Пабылдын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, периштелердин өздөрүнүн тили бар (1 Кор. 13:1). Алардын тили адамдардыкынан кыйла жогору турат.

2 Жахаба асмандагы жана жердеги миллиарддаган аң-сезимдүү жаратуулары жөнүндө бүт баарын билет. Бир эле учурда ага ар кандай тилде сүйлөгөн сан жеткис адамдар тиленүү менен кайрылышат. Жахаба алардын ар биринин тиленүүсүн угат, ошол эле учурда периштелер менен сүйлөшүп, аларга жетекчилик бере алат. Мунун баары анын ою, тили, пикир алышуусу адам баласыныкынан укмуштуудай бийик, жогору экенин тастыктап турат. (Оку: Ышая 55:8, 9.) Андыктан Жахаба адамдар менен пикирлешкенде, өзүнүн ойлору аларга түшүнүктүү болушу үчүн, жөнөкөй тилди колдонот.

3 Биз бул макалада чексиз акылман Кудайыбыз тарых бою өзүнүн эли менен айкын-так, түшүнүктүү сүйлөшүш үчүн кандай иш-аракеттерди кылганын карап чыгабыз. Ошондой эле адамдар менен пикирлешүүдө кандайча алардын жагдайына, муктаждыгына ылайыкташканы тууралуу билебиз.

КУДАЙДЫН АДАМДАР МЕНЕН ПИКИР АЛЫШЫШЫ

4. а) Муса, Шемуел жана Дөөтү менен Жахаба кайсы тилде сүйлөшкөн? б) Ыйык Китепте эмнелер жөнүндө жазылган?

4 Жахаба Эйден багында Адам ата менен ал түшүнгөн тилде, кыязы, байыркы еврей тилинде сүйлөшкөн. Кийинчерээк ал өзүнүн ойлорун Муса, Шемуел, Дөөтү сыяктуу ошол эле тилде сүйлөгөн пайгамбарларына ачып берип, аларды өздөрүнүн сөзү менен, өздөрүнө мүнөздүү стилде жазышына жол берген. Ыйык Китепти жазууга катышкандар Кудай айткан сөздөрдөн тышкары, анын элине кылган мамилеси, ошондой эле анын элинин ишеними, сүйүүсү, кетирген каталары, ишенимсиздик кылган учурлары жөнүндө баяндашкан. Ал билдирүүлөрдүн биз үчүн пайдасы зор (Рим. 15:4).

5. Жахаба өзүнүн элинен еврей тилинде гана сүйлөөнү талап кылганбы? Түшүндүргүлө.

5 Убакыттын өтүшү менен жагдай-шарт өзгөргөндүктөн, Кудай адамдар менен башка тилде да сүйлөшө баштаган. Алсак, Бабыл кулчулугунан кийин Кудайга сыйынгандардын айрымдары күнүмдүк турмушунда арамей тилин колдонуп калышкан. Жахаба, балким, ошол себептен улам Даниел, Жеремия пайгамбарларга жана Эзра дин кызматчыга Ыйык Китептин айрым бөлүктөрүн арамей тилинде жаздырткан көрүнөт *.

6. Эмне үчүн Кудайдын Сөзү еврей тилинен грек тилине которулган?

6 Искендер Зулкарнайн дүйнөнүн көп бөлүгүн басып алгандан кийин, гректердин жалпы орток тили койне эл аралык тил болуп калган. Көп жүйүттөр ошол тилде сүйлөй баштагандыктан, Еврей Жазмалары грекчеге которулган. Ал ишке, айрым билдирүүлөргө ылайык, 72 котормочу катышкан жана ал котормо «Септуагинта» деп белгилүү. Ыйык Китептин эң алгачкы котормосу болгон «Септуагинта» абдан баалуу котормолордун бири болуп эсептелет *. Ар кандай котормочулар катышкандыктан, анын айрым бөлүктөрү сөзмө-сөз, ал эми башка жерлери эркинирээк которулуп, ар түрдүү стилде берилген. Ошентсе да грекче сүйлөгөн жүйүттөр жана кийинчерээк Машаяктын жолдоочулары «Септуагинтаны» Кудайдын Сөзү катары кабыл алышкан.

7. Иса шакирттерин, кыязы, кайсы тилде окуткан?

7 Кудайдын тун Уулу жерге келгенде, кыязы, еврей тилинде сүйлөгөн (Жкн. 19:20; 20:16; Элч. 26:14). 1-кылымдагы еврей тилине арамей тили бир топ таасир эткендиктен, Иса Машаяк кээде арамейче сөздөрдү да колдонсо керек. Бирок ал байыркы еврей тилин да билген. Муса жана башка пайгамбарлардын ошол тилдеги жазуулары ишемби сайын синагогаларда эл алдында окулуп турчу (Лк. 4:17—19; 24:44, 45; Элч. 15:21). Ал кезде Ысрайыл жериндегилер грек жана латын тилдеринде да сүйлөшчү. Анткен менен Ыйык Жазманын эч жеринде Исанын ошол тилдерде сүйлөгөнү айтылбайт.

8, 9. Ыйык Жазманын айрым китептери эмне үчүн грек тилинде жазылган жана мындан Жахаба тууралуу эмнени биле алабыз?

8 Исанын алгачкы жолдоочуларынын эне тили еврей тили болгон. Бирок Иса өлгөндөн кийин, шакирттеринин арасында башка тилде сүйлөгөндөр да көбөйө баштаган. (Оку: Элчилер 6:1.) Жакшы кабар кеңири тараган сайын, Кудайдын кызматчылары өз ара, негизинен, еврей тилинде эмес, грек тилинде сүйлөшүп калышкан. Ошондуктан Машаяктын окуулары, кылган иштери тууралуу баяндалган Матай, Марк, Лука жана Жакан Инжилдери грек тилинде жазылган *. Пабылдын каттары жана Ыйык Китепке кирген башка китептер да грекче жазылган.

9 Кызыктуусу, Грек Жазмаларын жазууга катышкандар Еврей Жазмаларынан цитата келтиргенде аларды адатта «Септуагинтадан» алышчу. Ал цитаталар кээде түп нускадагы тексттен бир аз айырмаланса да, учурда Ыйык Китептин курамына кирет. Ошентип, жеткилеңсиз эле адамдар которгон эмгек кайсы бир тилди же маданиятты башкасынан жогору койбогон Кудайдын ыйык Сөзүнүн бир бөлүгү болуп калган. (Оку: Элчилер 10:34.)

10. Кудайдын адамдар менен кантип пикир алышканын карап чыгуунун аркасында ал тууралуу эмнелерди билдик?

10 Кудайдын адамдар менен кантип пикир алышып келгенин кыскача карап чыгуунун аркасында анын алардын жагдайын жана муктаждыгын эске аларын билдик. Ал өзү же ой-ниети жөнүндө билишибиз үчүн белгилүү бир тилди үйрөнүшүбүздү талап кылбайт. (Оку: Закарыя 8:23; Аян 7:9, 10.) Жахаба Ыйык Китепти жазгандарды ыйык руху менен жетектесе да, аларга өз сөзү менен жазышына мүмкүнчүлүк берген.

КУДАЙ ӨЗҮНҮН СӨЗҮН САКТАП КЕЛГЕН

11. Адамдардын ар кандай тилде сүйлөгөнү эмне үчүн Кудайдын алар менен пикир алышуусуна тоскоол боло албайт?

11 Котормолордун бири-биринен анча-мынча айырмаланганы жана адамдардын ар кандай тилде сүйлөгөнү Кудайдын алар менен пикир алышуусуна тоскоол болду беле? Жок. Алсак, биз Исанын байыркы еврей тилинде айткан кээ бир эле сөздөрүн билебиз (Мт. 27:46; Мр. 5:41; 7:34; 14:36). Бирок Жахаба Исанын айткандарынын грек тилинде жазылышына жана кийинчерээк башка тилдерге да которулушуна кам көргөн. Убакыттын өтүшү менен жүйүттөр жана Машаяктын жолдоочулары Ыйык Китептин кол жазмаларынын көптөгөн көчүрмөлөрүн жасап, аны сактап калышкан. Ал көчүрмөлөр болсо дагы башка көптөгөн тилдерге которулган. Болжол менен б.з. 4, 5-кылымында жашаган бир жазуучу анын күндөрүндө Исанын окуулары сириялыктардын, индиялыктардын, перстердин, эфиопиялыктардын жана башка сансыз элдердин тилине которулуп калганын айткан.

12. Ыйык Китептин таралышына кандай каршылыктар көрсөтүлгөн?

12 Тилекке каршы, Ыйык Китептин башка тилдерде жарык көрүшүнө бут тосууга аракет кылгандар абдан көп болгон. Алардын бири Рим императору Диоклетиан б.з. 303-жылы Ыйык Жазманын бардык көчүрмөлөрүн жок кылууга буйрук берген. Андай адамдар Ыйык Китептин өзүнө эле эмес, аны которгондор менен тараткандарга да аёосуз сокку урушкан. 16-кылымда Уильям Тиндаль Ыйык Китепти еврей жана грек тилдеринен англис тилине которо баштаган. Ал билимдүү бир дин кызматчыга: «Кудай мага өмүр берсе, Ыйык Китепти силерге караганда айылдагы соко айдаган бала жакшыраак билгидей кылам»,— деген. Каршылыктардан улам ал Ыйык Китепти которуп, аны басып чыгаруу үчүн Англиядан Европанын башка өлкөсүнө качууга аргасыз болгон. Диний жетекчилердин Ыйык Жазманын табылган көчүрмөлөрүнүн баарын эл алдында өрттөп жок кылуу үчүн жасаган аракетине карабай, Тиндалдын котормосу көп нускада тарала баштаган. Өкүнүчтүүсү, кара ниет кишилер аны каршылаштарынын колуна салып берген. Алар аны муунтуп өлтүрүп, өрттөп салышкан, бирок анын котормосун жок кыла алышкан эмес. Кийинчерээк Тиндалдын эмгеги көпчүлүккө кеңири тараган «Король Яковдун Ыйык Китебинин» которулушуна зор салым кошкон. (Оку: 2 Тиметей 2:9.)

13. Байыркы кол жазмаларды изилдөөнүн аркасында эмне далилденди?

13 Ырас, Ыйык Китептин байыркы көчүрмөлөрүнүн кээ бирлеринде анча-мынча мүчүлүштүктөр жана айырмачылыктар бар. Бирок окумуштуулар Ыйык Китептин байыркы котормолорун, миңдеген үзүндүлөрүн, кол жазмаларын бири-бирине салыштырып, кылдат изилдеп келүүдө. Ал изилдөөлөр саналуу эле аяттардагы ойлордун бир аз бүдөмүк берилгенин, бирок Ыйык Китептин мазмуну дээрлик өзгөрбөгөнүн далилдеди. Бул жүрөгү таза кишилерди өздөрү изилдеп жаткан Ыйык Китептин Жахаба Кудай байыркы учурда ыйык руху менен жаздырган китеп экенине ынандырууда (Ыш. 40:8) *.

14. Ыйык Китеп бүгүнкү күндө канчалык кеңири тараган?

14 Душмандардын аябагандай катуу каршылыгына карабай, Жахабанын Сөзү адамзат тарыхындагы эң көп тилде жарык көргөн китеп болуп калды. Кудайга анча ишенбеген же такыр эле ишенбеген адамдар көбөйгөн заманда да Ыйык Китеп дүйнөдөгү эң кеңири тараган китеп бойдон кала берүүдө. Учурда ал толугу менен же анын айрым бөлүктөрү 2800дөн ашык тилге которулган. Бул жагынан ага бир да китеп тең келбейт. Ыйык Китептин айрым котормолору анча түшүнүксүз же так эмес болсо да, анын дээрлик бардык котормолорунан келечекке болгон үмүт жана куткарылуу жөнүндө билүүгө болот.

ЖАҢЫ КОТОРМОГО БОЛГОН МУКТАЖДЫК

15. а) Бүгүнкү күндө бөтөн тилди түшүнүүгө байланыштуу кыйынчылыктар кантип чечилүүдө? б) Биздин адабияттар эмне үчүн алгач англис тилинде жазылат?

15 Өткөн кылымдын башында, 1919-жылы, жигердүү Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн арасынан тандалган чакан топ ишенимдүү жана акылдуу кул болуп дайындалган. Ал кезде алар Мырзасынын «үйүндөгүлөрү» менен, негизинен, англис тилинде сүйлөшчү (Мт. 24:45). Бирок ал «кул» рухий тамактын барган сайын көбүрөөк тилдерге которулушуна бүт күчүн жумшап келет. Азыр биздин адабияттар которулган тилдердин саны 700дөн ашты. 1-кылымдагы грек тилиндей эле, учурда англис тили дүйнө жүзү боюнча соода-сатык жана билим берүү тармагында кеңири колдонулууда. Ошондуктан адабияттарыбыз алгач англисче жазылып, анан башка тилдерге которулат.

16, 17. а) Жахабанын эли эмнеге муктаж болгон? б) Алардын муктаждыгы кантип канааттандырылган? в) Бир туугандар «Жаңы дүйнө котормосуна» кандай үмүт артышкан?

16 Биз алып жаткан рухий тамак Ыйык Китепке негизделет. 20-кылымдын ортосуна чейин Кудайдын эли 1611-жылы чыккан англис тилиндеги «Король Яковдун Ыйык Китебин» колдонуп келген. Ал котормо ошол кезде кеңири колдонулса да, андагы сөздөрдүн көбү эскирип, окурмандарга түшүнүксүз болуп калган эле. Ошондой эле анда, Кудайдын аты миңдеген жолу кездешкен байыркы кол жазмалардан айырмаланып, Жахаба деген ысым саналуу эле аяттарда жазылган. Андан тышкары, байыркы беделдүү кол жазмаларда кездешпеген аяттар камтылып, так эмес которулган жерлери да бар болчу. Англис тилиндеги башка котормолор тууралуу да ушуну айтууга болор эле.

17 Ошол себептен түп нускадагы ойлор азыркы тилде так берилген Ыйык Китеп керек болгон. Натыйжада Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынан турган Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» комитети уюштурулган. Алардын котормосу он жылдын ичинде, 1950-жылдан 1960-жылга чейин, 6 томдо басылып чыккан. 1950-жылы 2-августта болгон жыйында 1-томдун жарык көргөнүн кулактандырып жатып Норр бир тууган мындай деген: «Убакыт өткөн сайын азыркы тилде берилген, ачылган чындыкка шайкеш келген, түп нускадагы ойлор туура берилип, мындан ары да чындыкты тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзгөн, ошондой эле Машаяктын шакирттеринин жазгандары алардын убагындагы жөнөкөй, карапайым, кара таман кишилерге кандай түшүнүктүү болсо, бүгүнкү күндөгү окурмандарга да так ошондой түшүнүктүү боло турган котормонун зарыл экени көбүрөөк сезиле берди». Норр бир тууган ошол котормонун миллиондогон адамдарга Жахаба жөнүндө билүүгө жардам берерине үмүттөнөрүн айткан.

18. Кайсы иш-чаралар Ыйык Китепти которуу ишин тездеткен?

18 1963-жылы «Жаңы дүйнө котормосуна» байланыштуу үмүт укмуштуудай жол менен орундалган. Анткени ошол жылы ал дагы 6 тилге: нидерланд, француз, немис, италян, португал жана испан тилдерине которулган. 1989-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши Ыйык Китепти которгондорго жардам берүү максатында башкы башкармалыкта жаңы бөлүмдү негиздеген. Ал эми 2005-жылдан тарта Ыйык Китепти «Күзөт мунарасы» журналы чыккан тилдерге которуу иши биринчи орунга коюлган. Мунун аркасында учурда «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен же анын айрым бөлүктөрү 130дан ашуун тилге которулду.

19. 2013-жылы кандай тарыхый окуя болгон жана кийинки макаладан эмнелерди билебиз?

19 Ондогон жылдардан бери англис тили кыйла өзгөргөндүктөн, «Жаңы дүйнө котормосун» кайра карап чыгуу зарыл болгон. 2013-жылы 5, 6-октябрда Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун 129-жылдык жолугушуусу болуп өткөн. Аны 31 өлкөдөгү 1 413 676 бир тууган түзмө-түз же трансляция аркылуу көрө алган. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы жарык көргөнүн кулактандырганда, баары абдан кубанышкан. Тескөөчүлөр Ыйык Китепти таратып жатканда, көптөр сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алган. Баяндамачылар аяттарды жаңы Ыйык Китептен окуганда, угуучулар аны окуу да, түшүнүү да оңой болуп калганын байкашкан. Ыйык Китептин ошол жаңы басылышы жөнүндө жана анын башка тилдерге которулушу тууралуу кийинки макаладан көбүрөөк билебиз.

^ 5-абз. Эзра 4:8—6:18-аяттар, 7:12—26-аяттар, Жеремия 10:11-аят, Даниел 2:4б—7:28-аяттар эң алгач арамей тилинде жазылган.

^ 6-абз. «Септуагинта» деген сөз «жетимиш» дегенди билдирет. Айрым маалыматтарга ылайык, аны которуу иши б.з.ч. 3-кылымда Мисирде башталып, б.з.ч. 150-жылдары аяктаган. «Септуагинта» окумуштууларга еврей тилиндеги мааниси бүдөмүк сөздөрдү жана билдирүүлөрдү туура түшүнүүгө көмөк кылгандыктан дагы деле жогору бааланат.

^ 8-абз. Кээ бирөөлөр Матай өзүнүн Инжилин алгач еврей тилинде жазып, кийинчерээк аны грек тилине которгон деп айтышат.

^ 13-абз. «Бардык адамдарга арналган китеп» деген китепченин 7—9-беттериндеги «Кандайча сакталып калган?» деген теманы карагыла.