Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Сөзүнүн «тирүү» котормосу

Кудайдын Сөзүнүн «тирүү» котормосу

«Кудайдын сөзү тирүү» (ЕВР. 4:12).

ЫРЛАР: 37, 116

1. а) Кудай Адам атага кандай тапшырма берген? б) Кудайдын кызматчылары сүйлөө жөндөмдүүлүгүн кантип колдонуп келет?

ЖАХАБА КУДАЙ адамдарды пикир алышууга жөндөмдүү кылып жараткан. Ал Адам атаны Эйден багына жайгаштыргандан кийин ага жан-жаныбарларга ат коюп чыгууну тапшырган. Адам ата ал ишти аткарууда өзүнүн чыгармачылыгын, ой жүгүртүү жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүн колдонгон (Башт. 2:19, 20). Ошондон тартып Жахабанын кызматчылары сүйлөө жөндөмдүүлүгүн аны даңктоого, анын эрки тууралуу башкаларга айтууга колдонуп келет. Акыркы убактарда Кудайдын эли ал жөндөмдүүлүгүн Ыйык Китепти которууга колдонуп, чыныгы сыйынуунун өркүндөшүнө өзгөчө жол менен салым кошууда.

2. а) Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» комитети кайсы принциптердин негизинде иш кылган? б) Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

2 Учурда Ыйык Китептин миңдеген котормолору бар. Бирок алардын айрымдарында түп нускадагы ойлор тагыраак берилсе, башкаларында анча так берилген эмес. Ошондуктан 1940-жылдардын аягында Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» комитети Кудайдын Сөзүн которууда төмөнкү үч принципке жетектелүүнү чечкен: 1) Кудайдын ысмы ыйыкталышы үчүн, аны Ыйык Жазманын кайсы жеринде турушу керек болсо, ошол жерлердин баарында калыбына келтирүү. (Оку: Матай 6:9.) 2) Түп нускадагы ойду мүмкүн болушунча сөзмө-сөз берүү, бирок ойлор туура эмес берилип кала турган болсо, маанисине жараша которуу. 3) Окурмандарды өзүнө тартып турушу үчүн, түшүнүүгө оңой кылып которуу *. (Оку: Некемия 8:8, 12.) Азыркы күнгө чейин «Жаңы дүйнө котормосу» 130дан ашуун тилде жарык көрдү жана аны которгондор ушул принциптерге ылайык иш кылышты. Келгиле анда, саналып өткөн принциптер англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» 2013-жылы кайра каралган басылышында жана башка тилдердеги котормолорунда кандайча колдонулганын карап чыгалы.

КУДАЙДЫН ЫСМЫН УРМАТТОО

3, 4. а) Байыркы кол жазмалардын кайсыларында тетраграмматон кездешет? б) Ыйык Китепти которгондордун көбү эмне кылышкан?

3 Ыйык Китептин Жансыз деңиз түрмөктөрү сыяктуу байыркы еврей тилиндеги кол жазмаларын изилдегендер аларда тетраграмматондун, башкача айтканда, еврей алфавитиндеги Кудайдын атын билдирген 4 үнсүз тамганын көп кездешкенине айран-таң болушкан. Кудайдын ысмы байыркы еврей тилиндеги кол жазмаларында эле эмес, грек тилиндеги «Септуагинтанын» б.з.ч. 2-кылымдан б.з. 1-кылымына чейин жасалган көчүрмөлөрүндө да кездешет.

4 Ырас, Кудайдын ысмынын Ыйык Китепте болушу керектигине айкын далилдер бар. Бирок ошого карабай көптөгөн котормолордон ал ыйык ысымды толугу менен алып салышкан. Алсак, 1950-жылы Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» чыккандан эки эле жыл өткөндөн кийин, «Американын жакшыртылган котормосунун» кайра каралган басылышы жарык көргөн. 1901-жылы чыккан версиясынан айырмаланып, ал котормодон Кудайдын ысымы алынып салынган. Эмне үчүн? Анын кириш сөзүндө: «Жападан жалгыз Кудайды кайсы бир энчилүү ат менен атоо... христиандык чиркөөнүн ааламдык ишенимине таптакыр туура келбейт»,— делген. Ошондон кийин англис жана башка тилдердеги көптөгөн котормолорго Кудайдын ысмын жазбай башташкан.

5. Ыйык Китептен Кудайдын ысмын алып салуу эмне үчүн туура эмес?

5 Кудайдын ысмын жазуу же жазбай коюу чынында эле чоң мааниге ээби? Ооба! Тажрыйбалуу котормочу автордун максатын, ой-ниетин түшүнүү маанилүү экенин жакшы билет. Бул анын текстти которууда чыгарган чечимдерине таасир этет. Ыйык Китептеги көптөгөн аяттар Кудайдын ысмынын маанилүүлүгүн жана анын ыйык тутулушу керектигин баса белгилеп турат (Чыг. 3:15; Заб. 83:18; 148:13; Ыш. 42:8; 43:10; Жкн. 17:6, 26; Элч. 15:14). Ыйык Китептин автору Жахаба Кудай аны жазууга катышкандарга өзүнүн ысмын байма-бай колдонууга ыйык руху аркылуу түрткү берген. (Оку: Жезекиел 38:23.) Андыктан байыркы кол жазмаларда миңдеген жолу кездешкен Кудайдын ысмын алып салуу аны сыйлабастыкка жатат.

6. «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышында Кудайдын ысмы эмне үчүн мурункусуна караганда 6га көп кездешет?

6 Азыркы тапта Кудайдын ысмын колдонушубуз керектигин көрсөткөн далилдер мурдагыдан да арбын. «Жаңы дүйнө котормосунун» 2013-жылы кайра каралган басылышында Кудайдын ысмы 7 216 жолу кездешет. Бул анын 1984-жылкы басылышындагыга караганда 6га көп дегенди билдирет. Алардын бешөө бул аяттарга кошулган: 1 Шемуел 2:25; 6:3; 10:26; 23:14, 16. Буга негизинен Жансыз деңиз түрмөктөрү себеп болгон. Ал түрмөктөр «Жаңы дүйнө котормосунун» алгачкы басылышын которууда колдонулган еврей тилиндеги масорет текстинен 1 000 жылдан ашуун убакыт мурун жазылган. Изилдөөлөрдүн натыйжасында Жансыз деңиз түрмөктөрүндө жогорудагы аяттарда Кудайдын ысмы кездешкени аныкталган. Дагы башка байыркы беделдүү кол жазмаларды изилдөөнүн аркасында Бийлер 19:18де да Кудайдын ысмы калыбына келтирилген.

7, 8. «Жахаба» деген ысым кандай маанини туюнтат?

7 Жахабанын кызматчылары үчүн анын ысмы зор мааниге ээ. Англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» 2013-жылкы басылышынын тиркемесинде Кудайдын ысмына байланыштуу жаңыртылган маалыматтар камтылган. Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» комитети ал ысым еврей тилиндеги хава́х деген этиштин аркылуу мамилесинен жасалганын түшүнөт. Ал «болтурат» деген маанини туюнтат *. Биздин адабияттарда мурун Кудайдын ысмынын маанисин түшүндүрүү үчүн Чыгуу 3:14төгү: «Мен ким болгум келсе, ошол болом»,— деген сөздөр колдонулуп келген. Ошондуктан 1984-жылдагы басылышта Жахабанын ысмы ал «өзүн убадаларынын аткаруучусу кыларын» билдирери айтылган *. Бирок 2013-жылдагы басылыштын «А4» тиркемесинде: «„Жахаба“ деген ысым, чынында, Кудайдын өз ой-ниетин аткарыш үчүн өзүнүн ким болгусу келсе, ошол боло аларын эле эмес, жаратууларын да, ким же эмне болушу керек болсо, ошол кылып коё аларын билдирет»,— деп жазылган. («Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал» деген китепченин 5-бетин да карагыла.)

8 Ооба, Жахаба жаратууларын, ким же эмне болушу керек болсо, ошол кыла алат. Мисалы, атынын маанисине ылайык иш кылып, ал Нух пайгамбарды кеме куруучу, Безелелди колунан көөрү төгүлгөн уста, Гидонду эр көкүрөк жоокер, Пабылды болсо башка элдерге жиберилген элчи кылган. Кудайдын эли анын ысмынын мааниси терең экенин жакшы билет. Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» комитети Кудайдын ысмын ыйык Сөзүнөн алып салып, анын маанисин такыр басаңдаткысы келбейт.

9. «Жаңы дүйнө котормосунун» мүмкүн болушунча көбүрөөк тилдерде жарык көрүшүнө эмне үчүн көп күч жумшалып келет?

9 «Жаңы дүйнө котормосунун» 130дан ашуун тилде чыккан басылыштарынын ар биринде Кудайдын ысмы ыйык тексттин кайсы жерлеринде турушу керек болсо, ошол жерлердин баарында жазылган. (Оку: Малаки 3:16.) Ал эми башка котормолордо Кудайдын ысмы «Теңир» деген сыяктуу наамдар же кайсы бир жергиликтүү кудайдын аты менен алмаштырылып салынган. Мына ушул негизги себептен улам Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарда Кудайдын ысмын урматтаган Ыйык Китептин болушуна көп күч-аракет жумшап келет.

ТҮШҮНҮКТҮҮ, ТАК КОТОРМО

10, 11. Ыйык Китепти башка тилдерге которуу кандай кыйынчылыктар менен коштолгон?

10 Ыйык Китепти башка тилдерге которуу көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолот. Мисалы, англис тилиндеги кээ бир котормолордой эле, «Жаңы дүйнө котормосунда» мурун Насаатчы 9:10 сыяктуу аяттарда «шеол» деген еврей сөзү колдонулчу. Ал басылышта Насаатчы 9:10: «Сен бара турган жайда — шеолдо — жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок»,— деп берилген. Көптөгөн котормочулар алардын окурмандарына «шеол» деген сөз такыр тааныш эмес экенин, сөздүктөрүндө да кездешпей турганын, айрымдарына атүгүл кайсы бир жердин аталышындай угуларын билдиришкен. Ошол себептен аларга еврей тилиндеги «шеол» деген сөздү жана ага маанилеш «адис» деген грек сөзүн маанисине жараша «көр» деп которууга уруксат берилген.

11 «Не́феш» деген еврей сөзү жана «психи́» деген грек сөзү «жан» деген маанини туюнтат. Бирок кээ бир тилдерге ал сөздү которуу кыйынчылыктарды туудурган. Эмне үчүн? Анткени ал тилдерде ошол сөздүн котормосу адамдын өзүн эмес, ал өлгөндөн кийин денесинен чыгып кете турган рухту же арбакты билдирет. Эгер аны ошондой боюнча которсок, туура эмес окууну жактап калмакпыз. Ошондуктан аны, англис тилиндеги шилтемелери бар «Жаңы дүйнө котормосунун» тиркемелеринде берилген түшүндүрмөгө ылайык, контекстке жараша которууга уруксат берилген. Ырас, бир туугандар текстти окурманга дароо түшүнүктүү болгудай кылып которууга чоң маани беришет, ал эми пайдалуу боло турган маалыматтарды көбүнчө шилтемеге түшүрүшөт.

12. Ыйык Китептин 2013-жылкы басылышында эмнелер өзгөртүлгөн? («„Жаңы дүйнө котормосунун“ 2013-жылкы басылышы» деген макаланы да карагыла.)

12 Котормочулар берген суроолордон улам окурман Ыйык Китептин башка жерлерин да туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн экени айкын болгон. Ошол себептен 2007-жылы сентябрда Жетектөөчү Кеңеш англис тилиндеги Ыйык Китепти кайра карап чыгууну ылайык көргөн. Иштин жүрүшүндө Ыйык Китепти которгон топтордон келген миңдеген суроолор каралган. Англис тилиндеги эскирген сөздөр алмаштырылып, текстти түшүнүктүү которууга, ошол эле учурда маанисин бурмалабай, так берүүгө басым жасалган. Ошентип, башка тилдердеги котормолор англис тилиндеги Ыйык Китептин жакшырышына салым кошкон (Накыл 27:17).

ОКУРМАНДАРДЫН ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫ

13. Ыйык Китептин 2013-жылы кайра каралган басылышы окурмандарга кандай таасир этүүдө?

13 Англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы окурмандарга кандай таасир этүүдө? Буга Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгына жаап жаткан миңдеген каттар жооп боло алат. Бир эже көптөрдүн сезимин чагылдырып, мындай деген: «Ыйык Китеп кымбат баалуу таштарга жык толгон сандык сыяктуу. Анын 2013-жылы кайра каралган басылышындагы Жахабанын айкын-так берилген сөздөрүн окуу ар бир ташты изилдеп, анын өзгөчөлүгүнө, тунуктугуна, өңү-түсүнө, ажайып кооздугуна суктанганга окшош. Жөнөкөй тил менен берилген Ыйык Жазманы окуунун аркасында Жахабаны жакшыраак таанып-билүүдөмүн. Ал мени кучагына алып, жубатарлык сөздөрүн окуп берип жаткан атамдай сезилет».

14, 15. «Жаңы дүйнө котормосунун» башка тилдерде чыккан басылыштары окурмандарга кандай таасир этүүдө?

14 «Жаңы дүйнө котормосунун» башка тилдердеги басылыштары да окурмандардын жүрөгүнөн түнөк табууда. Болгариянын борбор шаары Софиядагы жашы өр тартып калган бир киши болгар тилиндеги басылыш тууралуу: «Ыйык Китепти көп жылдан бери окуп келатам, бирок ушундай түшүнүктүү, түз эле жүрөккө жеткен котормону окуй элек болчумун»,— деген. Ал эми албаниялык бир эже «Жаңы дүйнө котормосун» өз тилинде окуганда: «Кудайдын Сөзү албан тилинде кандай сонун угулат! Жахабанын бизге эне тилибизде сүйлөп жатканы кандай гана чоң сыймык!» — деп айткан.

15 Көптөгөн өлкөлөрдө Ыйык Китеп кымбат жана оңой менен табылбайт. Ошондуктан ал жактарда Ыйык Китептүү болуунун өзү эле чоң бата. Руандадан келген бир отчётто мындай деп жазылган: «Бир туугандар менен изилдегендердин көбү, өздөрүнүн Ыйык Китеби болбогондуктан, узак убакыт бою ийгилик жасашкан эмес. Жергиликтүү чиркөө чыгарган басылышты сатып алууга алардын шарты жок болчу. Ошондой эле аяттарды көбүнчө жакшы түшүнбөй калышчу. Бул да алардын рухий жактан өсүшүнө тоскоолдук кылып келген». Ал эми алардын тилинде «Жаңы дүйнө котормосу» жарык көргөндө, жагдай өзгөргөн. Төрт өспүрүм баласы бар руандалык бир ата-эне мындай дейт: «Бизге Ыйык Китепти бергени үчүн Жахабага, ишенимдүү жана акылдуу кулга аябай ыраазыбыз. Биз өтө жарды болгондуктан, үй-бүлөбүздүн ар бир мүчөсүнө Ыйык Китеп сатып алууга каражатыбыз жетчү эмес. Бирок азыр ар бирибиздин Ыйык Китебибиз бар. Жахабага ыраазычылыгыбызды билдириш үчүн Ыйык Китепти үй-бүлөбүз менен күнүгө окуйбуз».

16, 17. а) Жахаба эмнени каалайт? б) Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

16 «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы убакыттын өтүшү менен дагы көптөгөн тилдерде жарык көрөт. Шайтандын бул жагынан бут тосууга аракет кыла берери турган иш. Бирок Жахаба анын Сөзүн бардык кызматчылары өздөрүнө түшүнүктүү, так-айкын тилде угушун каалайт. (Оку: Ышая 30:21.) Жакында «деңиз сууга толгондой, жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот» (Ыш. 11:9).

17 Келгиле, Жахаба берген ар бир белекти, анын ичинде анын ысмын урматтаган котормону колдонууга чечкиндүү бололу. Асмандагы Атабыздын Ыйык Китеп аркылуу айткан сөздөрүн күн сайын угалы. Ал да биздин тиленүүлөрүбүздүн баарын кунт коюп угат. Ушундайча пикир алышып туруу аны жакыныраак таанып-билишибизге жана ага болгон сүйүүбүздүн өсүшүнө өбөлгө түзөт (Жкн. 17:3).

«Жахабанын бизге эне тилибизде сүйлөп жатканы кандай гана чоң сыймык!»

^ 2-абз. 2008-жылдын 1-майындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 18—22-беттерин карагыла.

^ 7-абз. Айрым эмгектерде ушундайча түшүндүрүлөт. Бирок буга окумуштуулардын баары эле кошула бербейт.

^ 7-абз. Англис тилиндеги шилтемелери бар «Жаңы дүйнө котормосунун» «1А» тиркемесин карагыла.