Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Акыр заман келгенде эмнелер жок болот?

Адамдык өкмөттөр, согуш, адилетсиздик, Кудайды жаманатты кылып, элди адаштырган диндер жок болот (1.5. 3—5-б.).

Жезекиел китебинде айтылган Магок жеринен чыккан Гок кимди билдирет?

Ал Шайтанды эмес, улуттардын бирикмесин билдирет. Улуу алаамат башталган соң, ал Кудайдын элин жок кылууга умтулат (15.5. 29, 30-б.).

Кадырман карылардан болууга кайсы алты кеңеш жардам берет?

Ыйык Китеп 1) жөнөкөй болууга, 2) тең салмактуу болууга, 3) оң маанай сактоого, 4) берешен болууга, 5) достук маанайда болууга, 6) ыраазы боло билүүгө үндөйт. Бул кеңештерди колдонуу кадырман карылардан болууга жардам берет (1.6. 8—10-б.).

Исанын берешен экени кереметтеринен кандайча айкын көрүнгөн?

Каана шаарындагы үйлөнүү тоюнда Иса 380 литрдей сууну жакшы шарапка айланткан. Дагы бир жолу керемет жолу менен 5 000ден ашык адамды тойгузган (Мт. 14:14—21; Жкн. 2:6—11). Эки жолкусунда тең ал берешен болуу жагынан Атасын туураган (15.6. 4, 5-б.).

Күнөөлүү пенде болсок да, Кудайга жага аларыбызды кайдан билебиз?

Аюп, Лот, Дөөтү сыяктуу пайгамбарлардын да жаңылган учурлары болгон. Ошентсе да алар Кудайга кызмат кылууну каалашкан, кылган күнөөсү үчүн өкүнүшкөн жана оңолууга дилгир болушкан. Алардай эле, биз да Кудайдын ырайымына ээ боло алабыз (1.7. 12, 13-б.).

Улуу Бабылдын кыйратылышы ага кирген диндерди туткан бардык адамдардын өлтүрүлөрүн билдиреби?

Сыягы, андай деле эмес. Закарыя 13:4—6-аяттардан көрүнүп тургандай, кыязы, айрым диний жетекчилер дининен баш тартышы, атүгүл аны тутуп жүргөнүн танышы мүмкүн (15.7. 15, 16-б.).

Барак эмне үчүн Дебора кошо барганда гана согушка аттанарын айткан?

Барактын ишеними күчтүү болгон. Ал Жахабадан курал сураган эмес. Анткени өзүнө жана жоокерлерине кайрат берип турушу үчүн жанында Кудайдын өкүлү Деборанын болгону маанилүү экенин түшүнгөн (Бий. 4:6—8; 5:7) (1.8. 13-б.).

Кудайдын кызматчысы эмнелер тууралуу ой жүгүртсө болот?

Мисалы, Жахабанын жараткан нерселери, Ыйык Китеп, тиленүү белеги жана кун тууралуу ой жүгүртсө болот (15.8. 10—13-б.).

Жаман чөйрөдөн качканыбыз кыз-жигит болуп сүйлөшүүгө болгон көз карашыбызга кандай таасир этет?

Ишенимдешибиз болбогондорго сылык мамиле кылсак да, өмүрүн Жахабага арнабаган, анын нормаларын баркка албаган адам менен кыз-жигит болуп сүйлөшүү туура эмес (1 Кор. 15:33) (15.8. 25-б.).

Элчи Петирдин ишеними эмне үчүн алсырай түшкөн жана ал кантип ишенимин кайрадан бекемдеген?

Ишеними күчтүү болгондуктан, Петир Исаны көздөй суунун үстү менен баскан (Мт. 14:24—32). Бирок албууттанган толкундарды көргөндө коркуп кеткен. Ошентсе да көңүлүн кайра Исага топтоп, анын жардамын кабыл алган (15.9. 16, 17-б.).

Элчилер 28:4төн көрүнүп тургандай, мальталыктар эмнеге элчи Пабылды киши өлтүргүч деп ойлошкон?

Пабылды уулуу жылан чакканда, мальталыктар аны адилеттүүлүктүн аял кудайы Дике жазалап жатат деп ойлошсо керек (1.10. 9-б.).

Мартанын көп тамак жасап, түйшүктөнгөнүнөн кандай сабак алсак болот?

Бир жолу Марта меймандарын жакшы коноктош үчүн дасторконун жайнатып, аябай убара болгон. Бирок Иса Мариямдын аны кунт коюп угууну чечип, «жакшысын тандап алганын» айткан. Биз да анча маанилүү эмес иштерден улам кызматтан алаксып калуудан сак болушубуз керек (15.10. 18—20-б.).