Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Андай Ата жок

Андай Ата жок

Кудайга жакында

Андай Ата жок

(Матай 3:16, 17)

«АТА». Ушуга окшогон сөздөр адамдарда жылуу сезимдерди ойготот. Балдарын чындап сүйгөн ата аларды жакшы чоңойтууга аракет кылат. Ыйык Китепте Жахаба Кудай «Атага» салыштырылат (Матай 6:9) *. Ал кандай Ата? Бул суроого жооп алуу үчүн, келгиле, Ыйса чөмүлдүрүлгөндө Жахаба ага эмне дегенин карап көрөлү. Негизи, атанын балдарына айткан сөздөрүнөн анын кандай ата экени тууралуу көп нерсе билүүгө болот.

Б.з. 29-жылы, болжолу, октябрда Ыйса чөмүлүү үчүн Иордан дарыясына барат. Анан эмне болгону Ыйык Китепте мындайча баяндалат: «Чөмүлдүрүлөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда (Жакан) асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын, Анын үстүнө түшкөнүн көрдү. Ошондо асмандан „Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын“ деген үн угулду» (Матай 3:16, 17) *. Жахабанын бул жылуу сөздөрүнөн анын кандай Ата экени тууралуу көп нерсе билүүгө болот. Жахаба өзүнүн Уулуна билдирген үч нерсени карап көрөлү.

Биринчиден, Жахаба Ыйсаны «Бул менин... Уулум» деп айтуу менен, чынында, «Мен сени менен сыймыктанам» деген. Жакшы ата балдарынын көңүл бурууга муктаж экенин билет. Балдар өздөрүнүн үйбүлөнүн баалуу мүчөлөрү экенине ынанууну каалашат. Атасынын Ыйсага көңүл бурганы, ал чоң эле киши болсо да, ал үчүн эмнени билдиргенин элестетсең!

Экинчиден, Жахаба өзүнүн Уулун «сүйүктүү» деп айтып, аны сүйөрүн ачык билдирген. Башкача айтканда, Ыйсага мындай сөздөрдү айтуу менен Атасы «Мен сени сүйөм» деген. Жакшы ата өзүнүн балдарын абдан сүйөрүн билдирип турат. Жылуу сезимдер менен коштолгон мындай сөздөр балдардын жакшы чоңоюшуна шарт түзөт. Атасынын сүйөрүн билүү Ыйсанын жүрөгүн кандай гана козгогон!

Үчүнчүдөн, Жахаба «Мен... ыраазымын» деген сөздөрдү айтып, Уулу анын жактыруусуна ээ экенин билдирген. Башкача айтканда, Жахаба «Уулум, сенин кылган иштериңе мен ыраазымын» деген. Балдарын сүйгөн ата алардын кылган иштерине жана айткандарына ыраазы экенин билдирүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издейт. Балдар кылган иштеринин ата-энесине жагарын билгенде бекемделишет. Албетте, Атасынын жактыруусуна ээ экенин билүү Ыйсаны бекемдеген!

Ооба, Жахабага тең келген Ата жок. Ушундай атаңар болушун каалайсыңарбы? Анда Жахабага ар бир киши жакындай аларын билүүгө кубансаңар болот. Эгерде ал жөнүндө билүүгө жана анын эркин чын жүрөктөн аткарууга аракет кылсаңар, ал жооп кайтарат. Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»,— деп айтылат (Жакып 4:8). Эч бир Атага салыштырылгыс Жахаба Кудай менен жакын мамиледе болуудан башка жүрөгүбүзгө дагы эмне тынчтык бере алат?

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Жахаба Жараткан болгондуктан Ата деп айтылат. Ыйсаны Кудай жараткандыктан, Ыйса анын Уулу деп аталат.

^ 5-абз. Лука Инжилиндеги маанилеш аятка ылайык, Жахаба «сен» деген ат атоочту колдонуп, Ыйсага: «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң, Мен Сага ыраазымын»,— деген (Лука 3:22).