Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Астрологдор Ыйсага качан барышкан?

Матайдын Инжилинде Ыйсага белек алып, «чыгыштан... даанышмандар [«астрологдор», «ЖД»]» барганы айтылган (Матай 2:1—12). Ымыркай Ыйсаны көрүү үчүн канча астролог же «көзбоочу» барганы белгисиз. Андыктан алар үчөө болгон деген көпчүлүк кабыл алган ойго эч кандай негиз жок жана бул тууралуу Ыйык Китепте эч нерсе айтылган эмес.

Бир эмгекте Матай 2:11ге карата мындай түшүндүрмө берилет: «Койчулар акырда жаткан Ыйсага ал төрөлгөн түнү барышкан, бирок көзбоочулар, көпчүлүк ойлогондой, ошол түнү барган эмес, алар андан бир нече ай өткөндөн кийин „баланын үйүнө“ барышкан» («New International Version Study Bible»). Бул Ироддун Бейт-Лехемдеги жана анын тегерек-четиндеги шаарлардагы эки жаштагы жана эки жашка чейинки балдарды өлтүрүү тууралуу буйрук чыгарганы жөнүндөгү билдирүү менен далилденет. Ирод канча жаштагы балдарды өлтүрүү керектигин астрологдордон «сурап билип алган убакыт боюнча» аныктаган (Матай 2:16).

Астрологдор алтын жана башка баалуу белектерди алып, Ыйсага ал төрөлгөн түнү барган деп айтууга болбойт. Анткени Мариям Ыйса төрөлгөндөн 40 күн өткөндөн кийин аны Кудайга арноо үчүн Иерусалимге барганда эки канаттуу эле алып барган (Лука 2:22—24). Бул ысрайыл элине берилген Мыйзамда курмандыкка козу алып келе албаган кедей-кембагалдар үчүн караштырылган көрсөтмөгө ылайык келген (Лебилер 12:6—8). Ыйсанын үйбүлөсү Мисирде жашап турганда ошол баалуу белектердин пайдасы тийгени шексиз (Матай 2:13—15).

Ыйса эмне үчүн Лазардын мүрзөсүнө төрт күндөн кийин барган?

Ыйса, кыязы, атайын эле ошентсе керек. Эмне үчүн ушинтип айтууга болот? Келгиле, буга байланыштуу Жакан китебинин 11-бөлүмүндө эмне жазылганын карап көрөлү.

Ыйсанын Бетанияда жашаган досу Лазар катуу ооруп калганда, анын биртуугандары Ыйсага ал тууралуу айттырып жиберишет (1—3-аяттар). Ошол учурда Ыйса Бетаниядан, чамасы, эки күндүк алыс жерде болчу (Жакан 10:40). Лазар Ыйсага кабар жеткен учурда көз жумса керек. Анан Ыйса эмне кылган? Ал «жүргөн жеринде дагы эки күн болуп», анан Бетанияга жөнөгөн (6, 7-аяттар). Ал эми жолго болсо эки күн кеткен. Ошентип, Ыйса Лазардын мүрзөсүнө анын өлгөнүнөн төрт күн өткөндөн кийин гана барат (17-аят).

Ыйса андан мурун эки кишини, бирөөсүн — өлгөндөн кийин эле, ал эми экинчисин өлгөнүнөн бир аз убакыт өткөндөн кийин ошол эле күнү тирилткен (Лука 7:11—17; 8:49—55). Ал өлгөнүнө төрт күн болуп калган, жыттана баштаган кишини тирилте алат беле? (39-аят). Кызыктуусу, ыйык китептик бир эмгекте эврейлер «дене чирий баштап, анын үстүндө үч күн учуп жүргөн жан денени таштап кеткендиктен, өлгөнүнө төрт күн болуп калган кишини тирилтүү мүмкүн эмес деп» ишенишкени айтылат.

Лазардын мүрзөсүнө баргандардын арасындагы анын тирилерине күмөн санагандар Ыйсанын өлүмдүн үстүнөн бийлиги бар экенине күбө болушкан. Оозу ачылган мүрзөнүн алдына барып, Ыйса: «Лазар, чык!» — деп кыйкырган. Ошондо ал «мүрзөдөн чыгып келген» (43, 44-аяттар). Ооба, өлгөндөргө адам өлгөндөн кийин анын жаны жашай берет деген көптөр ишенип жүргөн түшүнүк эмес, тирилүү чыныгы үмүт берет (Жезекиел 18:4; Жакан 11:25).