Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

ЫЙСА эмне тууралуу кабар айткан? Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, ал Кудайдын Падышалыгы тууралуу айткан (Лука 4:43). Эл Ыйсанын сөздөрүнөн Падышалык жөнүндө көп укканы шексиз. Бул алар үчүн татаал түшүнүк беле? Алар Ыйсадан Падышалык деген эмне экенин сурашты беле? Жок. Инжилдерде алардын ушундай суроолорду бергени айтылбайт. Аларга Кудайдын Падышалыгы тууралуу түшүнүк тааныш эле болгон.

Чынында, жүйүттөр ыйык деп эсептеген байыркы Жазмаларда Падышалык жана анын эмнелерди ишке ашырары тууралуу ачык-айкын түшүндүрүлгөн. Жүйүттөр сыяктуу эле, биз да Ыйык Китепти изилдөө аркылуу Падышалык жөнүндө көп нерселерди биле алабыз. Келгиле анда, Падышалыкка байланыштуу Ыйык Китепте айтылган жети чындыкты карап чыгалы. Алардын биринчи үчөө Ыйсанын учурунда жана ага чейин жашаган жүйүттөргө белгилүү болчу. Кийинки үчөө болсо Машайак же анын элчилери тарабынан биринчи кылымда айтылган. Ал эми акыркысы биздин күндөрдө айкын болгон.

1. Кудайдын Падышалыгы түбөлүк башкара турган чыныгы өкмөт. Ыйык Китептеги биринчи пайгамбарлыкта Кудайдын ишенимдүү адамзатка куткаруучу жиберери айтылган. Адам, Обо жана Шайтандын козголоңунан улам пайда болгон көйгөйлөрдүн бардыгын «тукум» деп аталган ошол куткаруучу жок кылмак (Башталыш 3:15). Кийинчерээк ишенимдүү Дөөт падышага ошол «тукум» же Мессия тууралуу айрым маанилүү маалыматтар айтылган. «Тукум» ошол падышалыктын Падышасы болмок. Ал Падышалык башка бардык падышалыктардан айырмаланып, түбөлүк турмак (2 Шемуел 7:12—14).

2. Кудайдын Падышалыгы азыркы өкмөттөрдү кыйратат. Даниел пайгамбарга дүйнөлүк державалардын биздин күндөргө чейин кандайча алмашары тууралуу аян берилген. Ал аяндын кандайча аяктаарына көңүл бурсаңар. «[Адам башкарган акыркы] ошол падышачылыктардын убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты орнотот, ал падышачылык башка элге берилбейт. Ал бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат». Демек, дүйнөдөгү бардык падышалыктар же өкмөттөр согуштары, адилетсиз бийлиги жана паракорчулугу менен бирге биротоло жок кылынат. Даниелдин пайгамбарлыгы көрсөтүп тургандай, Кудайдын Падышалыгы жакында бүт жердин үстүнөн бийлик жүргүзөт (Даниел 2:44, 45). Ал Падышалык жер үстүндөгү жападан-жалгыз өкмөт болот *.

3. Кудайдын Падышалыгы согуштарды, ооруларды, ачарчылыкты, атүгүл өлүмдү да жок кылат. Ыйык китептик пайгамбарлыктар Кудайдын Падышалыгы жерде эмнелерди ишке ашырарын көрсөтөт. Ал өкмөт адамдар буга чейин кылбаган жана келечекте да кыла албай турган нерселерди ишке ашырат. Түбөлүккө согуш болбоорун элестетсең! «Ал жер жүзүндөгү согуштарды токтотот» (Забур 45:10). Догдурлар, ооруканалар, деги эле оору аттуунун бардыгы жок болот. «Тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпайт» (Ышайа 33:24). Ачарчылык, тамак-аштын жетишсиздиги жоюлат. «Жерде да, тоодо да түшүм мол болот» (Забур 71:16). Өлүм-житим, аза күтүү, мүрзөлөр, моргдор жана алар менен коштолгон азап-кайгынын баары жок болот. Өлүм — адамзаттын ырайымсыз душманы — биротоло жок кылынат. Кудай «өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Кудай-Теңир бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт» (Ышайа 25:8).

4. Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Кудай тарабынан тандалган. Мессия өзү эле Мессия болуп алган эмес, ал жеткилеңсиз адамдар тарабынан да тандалган эмес. Аны Жахаба Кудай өзү тандаган. «Мессия» жана «Машайак» деген наамдын өзү эле анын Кудай тарабынан тандалганын көрсөтүп турат. Бул эки сөз тең «Майланган» дегенди билдирет. Демек, ал Падыша өзгөчө ишти аткаруу үчүн Жахаба тарабынан майланган же дайындалган. Ал тууралуу Кудай мындай деген: «Мына, Менин Кулум, Мен Аны колунан кармап турам, Ал Менин тандап алганым, Аны Менин жаным жакшы көрөт. Мен Ага Өзүмдүн Рухумду берем, Ал элдерге акыйкаттыкты жар салат» (Ышайа 42:1; Матай 12:17, 18). Биз кандай Падышага муктаж экенибизди Жаратканыбыздан артык ким билет?

5. Кудайдын Падышалыгынын Башкаруучусу келечекте өзүнүн кандай болорун көрсөткөн. Назареттик Ыйсанын убадаланган Мессия экени айкын болгон. Ал Кудай тандаган уруудан келип чыккан (Башталыш 22:18; 1 Жылнаама 17:11; Матай 1:1). Жерде жүргөндө ал Мессияга тийиштүү жүздөгөн жылдар мурун жазылган көптөгөн пайгамбарлыктарды аткарган. Ошондой эле анын Мессия экени асмандан күбөлөндүрүлгөн. Кандайча? Кудай асмандан сүйлөп, ал Анын жалгыз уулу экенин айткан; периштелер анын убадаланган Мессия экенин көрсөтүшкөн; Ыйсанын жүздөгөн, атүгүл миңдеген кишилердин алдында жасаган кереметтери анда Кудайдын күчү бар экенин айгинелеген *. Ыйса келечекте кандай Башкаруучу болорун бир нече ирет көрсөткөн. Анын адамдарга жардам берүүгө күчү эле эмес, күчтүү каалоосу да бар болчу (Матай 8:1—3). Ал өзүмчүл эмес, боорукер, эржүрөк жана момун болгон. Анын жерде жүргөндө кылган иштерин Ыйык Китептен баары окуй алат.

6. Кудайдын Падышалыгында Машайак менен 144 000 башкаруучу болот. Ыйса көптөр, алардын арасында элчилери да өзү менен бирге асманда бийлик жүргүзөрүн айткан. Ал ошол топту «кичинекей үйүр» деп атаган (Лука 12:32). Кийинчерээк элчи Жакан «кичинекей үйүр» 144 000 кишиден турарын жазган. Алар асманда Машайак менен бирге падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар болуп, маанилүү иш аткаруу үчүн дайындалышмак (Аян 5:9, 10; 14:1, 3).

7. Кудайдын Падышалыгы азыр асмандан башкарып жатат жана жакында бүт жер жүзүнө орнойт. Бул биз үчүн маанилүү чындыктардын жетинчиси. Ыйык Китепте Ыйсага асман Падышасы катары бийлик берилгенине көптөгөн далилдер бар. Ал азыр, биздин күндөрдө, бийлик жүргүзүп жатат жана жакында өзүнүн башкаруусун бүт жер жүзүнө орнотуп, жогоруда айтылган кереметтүү пайгамбарлыктарды жүзөгө ашырат. Бирок Кудайдын Падышалыгынын азыркы учурда бийлик жүргүзүп жатканына кандай далилдер бар? Ал бүт жер үстүндө качан бийлик кыла баштайт?

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Көптөр Кудайдын Падышалыгы адамдын жүрөгүндө деп үйрөтөт. Бирок ушул сыяктуу пайгамбарлыктар андай эмес экенин көрсөтүп турат. 13-беттеги «Окурмандардын суроолору» деген рубриканы кара.