Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы качан келет?

Кудайдын Падышалыгы качан келет?

Кудайдын Падышалыгы качан келет?

«ТЕҢИР, Сен Ысрайыл элинин падышачылыгын ушул убакытта калыбына келтиресиңби?» (Элчилер 1:6). Элчилер Ыйса Падышалыкты качан орноторун билүүнү абдан каалашкан. Бүгүн да, ошондон 2 000 жыл өткөндөн кийин деле, адамдар Кудайдын Падышалыгынын качан келерин билүүнү абдан самап келишет.

Ыйса, негизинен, Падышалык жөнүндө кабар айткандыктан, ал ушул суроону талкуулаган деп күтөттүрсүңөр. Ооба, чынында эле, талкуулаган. Ал өзүнүн «катышуусу» деп атаган белгилүү бир убакыт аралыгы жөнүндө көп жолу сөз кылган (Матай 24:37). Ыйсанын катышуусу Падышалыктын орношу менен тыгыз байланышта. Анын катышуусу эмнени билдирет? Келгиле, Машайактын катышуусу тууралуу Ыйык Китепте айтылган маанилүү төрт нерсени карап чыгалы.

1. Машайактын катышуусу ал өлгөнүнөн бир топ убакыт өткөндөн кийин башталмак. Ыйса өзүн «падышачылыкка дайындалып келүү үчүн, алыскы бир өлкөгө жөнөгөн» кишиге салыштырып, мисал айткан (Лука 19:12). Пайгамбарлык мааниге ээ ал мисал кандайча аткарылган? Ыйса өлүп, кайра тирилген, анан «алыскы бир өлкөгө», асманга, кеткен. Ал өзүнүн мисалында алдын ала айткандай, падышалык бийликке ээ болгондон «көп убакыт өткөндөн кийин» гана кайтып келмек (Матай 25:19).

Ыйсанын асманга кеткенинен бир канча жыл өткөндөн кийин элчи Пабыл: «Машайак күнөөлөр үчүн бир гана курмандык алып келип, түбөлүккө Кудайдын оң жагына отурду. Ал бардык душмандарынын Өзүнүн бут алдына жыгылышын күтүп жатат»,— деп жазган (Эврейлерге 10:12, 13). Демек, Ыйса асманда бир нече убак күтүшү керек эле. Акыры, Жахаба Кудай өзүнүн Уулун көп убакыт мурун убадалаган Падышалыктын Падышасы кылып дайындаганда, ал убакыт аяктаган. Машайактын катышуусу ошондо башталган. Адамдар ошол маанилүү окуяны көрө алат беле?

2. Анын катышуусу адамдарга көрүнбөйт. Ыйса өзүнүн катышуусунун белгилери жөнүндө айтканын эстесең (Матай 24:3). Адамдар анын катышуусун көрө ала турган болсо, белгилердин зарылдыгы болот беле? Маселен, океанды көргөнү баратканыңды элестетсең. Жолдо карай туура багыт көрсөтө турган жолбелгилерин көрүшүң мүмкүн. Жүрүп отуруп, океандын жээгине келип калдың дейли. Ошого карабай, алдыңда «Океан» деген жазуусу бар чоң белгинин болушун күтөт белең? Албетте, антпейт болчусуң! Көзүбүз менен көрүп турган нерселерге белгинин эмне зарылдыгы бар?

Ыйса өзүнүн катышуусунун белгилерин сүрөттөп жатып адамдар көрө ала турган эмес, асманда боло турган окуяларды аңдоого жардам берүүчү нерселер жөнүндө айткан. Ошондуктан ал: «Кудайдын Падышачылыгы көзгө көрүнбөй келет»,— деген (Лука 17:20). Анда ошол белгилер Машайактын катышуусунун башталганын кандайча көрсөтмөк?

3. Ыйсанын катышуусу жердеги оор кыйынчылыктар менен өзгөчөлөнмөк. Ыйса асман Падышасы катары өзүнүн катышуусу жер жүзүндөгү согуштар, ачарчылык, жертитирөөлөр, жугуштуу оорулар жана мыйзамсыздыктар менен коштолорун айткан (Матай 24:7—12; Лука 21:10, 11). Мындай кыйынчылыктардын себеби эмнеде эле? Ыйык Китепте «бул дүйнөнүн төрөсү», Шайтан, Машайактын катышуусу башталгандыктан, өзүнүн убактысынын аз калганын билип, каарданып жатканы тууралуу айтылат (Жакан 12:31; Аян 12:9, 12). Шайтандын каарданып жатканы жана Машайактын катышуусунун белгилери биздин күндөрдө айкын көрүнүүдө. Өзгөчө, 1914-жылдан тартып мындай көрүнүштөр бүткүл дүйнө жүзү боюнча болуп көрбөгөндөй байкалууда. Тарыхчылар ал жылдын адамзат тарыхындагы бурулуш жыл болгонуна кошулушат.

Булардын бардыгы жаман кабардай угулушу мүмкүн, бирок андай эмес. Анткени бул Кудайдын Падышалыгынын азыр асмандан башкарып жатканын билдирет. Жакында ал өкмөт бүт жер жүзүн башкара баштайт. Анда ал Падышалыктын башкаруусун кабыл алуу жана ал өкмөттүн эли болуу үчүн эмнелерди билүү зарыл?

4. Ыйсанын катышуусу бүт дүйнө жүзү боюнча кабар айтылышы менен өзгөчөлөнмөк. Ыйса өзүнүн катышуусу «Нухтун убагындагыдай» болорун айткан (Матай 24:37—39) *. Нух кеме куруучу эле эмес, «адилдикти жар салуучу» да болгон (2 Петир 2:5). Ал элге Кудайдын жакындап келе жаткан сотун эскерткен. Ыйса өзүнүн катышуусу учурунда да жолдоочуларынын ушу сыяктуу нерсени кыларын айткан. Ал: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет»,— деп пайгамбарлык кылган (Матай 24:14).

Буга чейинки макаладан көргөнүбүздөй, Кудайдын Падышалыгы дүйнө жүзүндөгү бардык өкмөттөрдү талкалайт. Кабар айтуу иши аркылуу асман Падышалыгынын жакында иш-аракет кыла баштаары тууралуу эскертилип, жакындап келе жаткан кыйроодон аман калууга жана Падышалыктын эли болууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Анда биз кандай иш-аракет кылышыбыз керек?

Кудайдын Падышалыгы сен үчүн жакшы кабарбы?

Ыйса айткан кабар эч нерсеге салыштырылгыс үмүт берген. Миңдеген жылдар мурун Эйденде козголоң чыкканда, Жахаба Кудай жагдайды оңдоо үчүн өкмөт түзүүнү ниет кылган. Ал өкмөт ишенимдүү адамзатты алгач Кудай караштыргандай абалга, жер бетиндеги бейиштеги түбөлүк өмүргө, жеткирмек. Көптөн күткөн ал өкмөттүн азыр асманда бийлик жүргүзүп жатканын билүү бизди кандай гана толкундандырат! Падышалык — элестетүүгө кыйын, татаал түшүнүк эмес, ал — чыныгы өкмөт!

Учурда Кудай дайындаган Падыша душмандарынын арасында бийлик жүргүзүп жатат (Забур 109:2). Кудайдан алыстаган азыркы бузулган дүйнөдө Машайак Атасынын каалоосун аткарып, Кудайдын чынында ким экенин билүүнү жана Ага «рух менен, чындык боюнча» сыйынууну каалагандарды издөөдө (Жакан 4:24). Кудайдын Падышалыгынын башкаруусунун алдында түбөлүк өмүр сүрүүгө бардык расадагы, курактагы жана социалдык абалы ар башка адамдар үмүттөнө алышат (Элчилер 10:34, 35). Биз сени да алдыда турган эң сонун мүмкүнчүлүктү пайдаланууга үндөйбүз. Азыр Кудайдын Падышалыгы тууралуу билим алсаң, келечекте адилет башкаруунун алдында түбөлүккө бактылуу өмүр сүрө аласың! (1 Жакан 2:17).

[Шилтеме]

^ 10-абз. Ыйсанын сөздөрү Ыйык Китептин айрым котормолорунда «катышуу» деген сөздүн туура эмес мааниде берилгенин көрүүгө жардам берет. Кээ бир котормолордо ал сөз «келиши» же «кайтып келиши» деп берилген. Бул сөздөр убакыттын кыска аралыгында болуучу окуяга карата колдонулат. Бирок Ыйса өзүнүн катышуусун Нухтун күндөрүндөгү Топон сууга, кыска убакыттагы бир эле окуяга эмес, бир нече убакка созулган убакыт аралыгына, «Нухтун күндөрүнө», салыштырганына көңүл бурсаңар. Ошол байыркы убакта адамдар күнүмдүк түйшүктөр менен алек болуп, берилген эскертүүгө кулак какпаган мезгил бир нече убакка созулгандай эле, Машайактын катышуусу да бир нече убакка созулмак.

[8-беттеги сүрөт]

Күн сайын угуп жаткан жаман кабарлар жакшы жашоого абдан аз калганын көрсөтүп турат

Antiaircraft gun: U.S. Army photo