Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандарыбызга

Окурмандарыбызга

Окурмандарыбызга

«КҮЗӨТ МУНАРАСЫ» журналынын ушул санынан тартып журналда бир нече өзгөрүүлөр болорун билдирүүгө кубанычтабыз. Кандай өзгөрүүлөр болорун сөз кылардан мурун эмнелер өзгөртүлбөөрүн айта кетели.

Журналдын «Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт» деген аталышы өзгөртүлбөйт. Андыктан «Күзөт мунарасы» журналы мындан ары да Жахабаны чыныгы Кудай катары даңазалап, окурмандарды Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабар менен жубата берет. Журналдын ушул санынын 5—9-беттеринде Кудайдын Падышалыгы деген эмне экени жана анын качан келери талкууланат. Андан сырткары, «Күзөт мунарасы», жүздөгөн жылдар бою кылып келгендей эле, Ыйса Машайакка ишенүүгө түрткү берүүнү, ыйык китептик чындыктарды коргоону жана пайгамбарлыктардын негизинде дүйнөдөгү окуялардын маанисин түшүндүрүүнү уланта берет.

Анда эмнелер өзгөртүлөт? Келгиле, журналдын үч айда бир жолу чыга турган санында кандай кызыктуу жаңы рубрикалар болорун карап көрөлү *.

Үйбүлөлөр үчүн да пайдалуу рубрикалар үзгүлтүксүз чыгып турат. «Үйбүлөлүк бакыттын сыры» деген рубрикада азыркы учурдагы үйбүлөлөр кабылып жаткан кыйынчылыктар талкууланып, аларды ыйык китептик принциптердин жардамы менен кантип чечсе болору көрсөтүлөт. «Балдарыңарды үйрөткүлө» рубрикасы ата-энелер балдары менен бирге окушу үчүн арналган. Ал эми «Жаштар үчүн» рубрикасында жаштарды кызыктырган ыйык китептик темалар каралат.

Журналдын үч айда бир жолу чыга турган ушул санына башка да рубрикалар чыгып турат. «Алардын ишеним жолун жолдогула» рубрикасы бизге Ыйык Китепте айтылган кишилерден үлгү алууга түрткү берет. Мисалы, журналдын ушул санынын 18—21-беттеринен Илияс пайгамбар жөнүндө таасирдүү маалымат окуйбуз жана анын ишениминен кандай үлгү ала аларыбызды карайбыз. «...келген кат» рубрикасында дүйнөнүн булуң-бурчундагы миссионерлерден жана башкалардан келген маалымат камтылат. «Ыйсадан эмнеге үйрөнсөк болот?» рубрикасында болсо Ыйык Китептин негизги окуулары жөнөкөй түшүндүрүлөт.

«Күзөт мунарасы» журналы Ыйык Китепти баалаган жана анын чынында эмнеге окутарын билүүнү каалаган окурмандарга мындан ары да кызыктуу болоруна толук ишенебиз. Бул журнал силердин ыйык китептик чындыктарга болгон муктаждыгыңарды канааттандырууга жардам берет деп үмүттөнөбүз.

Басып чыгаргандар

[Шилтеме]

^ 4-абз. «Күзөт мунарасы» мындан ары эки санда чыгарылат. Үч айда бир жолу чыккан саны жалпы окурмандарга арналат. Ал эми изилдөөгө арналган ай сайын чыккан санын Жахабанын Күбөлөрү жыйналыш жолугушууларында колдонушат. Ал жолугушуулар бардыгы үчүн ачык.

Ойлондурарлык ар кандай рубрикалар ушул санына чыгып турат. «Силер билесиңерби?» рубрикасында ыйык китептик тандалган окуялардын маанисин түшүнүүгө жардам берген кызыктуу маалыматтар талкууланат. Ал эми «Кудайга жакында» деген рубрикада ыйык китептик белгилүү бир окуядан Жахаба тууралуу эмнени биле аларыбыз көрсөтүлөт. «Окурмандардын суроолору» рубрикасында болсо ыйык китептик жалпы суроолор талкууланат. Маселен, көптөр: «Кудайдын Падышалыгы адамдын жүрөгүндөбү?» — деп сурашат. Ал суроонун жообун 13-беттен табууга болот.