Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эволюция менен Ыйык Китеп бири-бирине шайкеш келеби?

Эволюция менен Ыйык Китеп бири-бирине шайкеш келеби?

Эволюция менен Ыйык Китеп бири-бирине шайкеш келеби?

КУДАЙ адамдарды жаныбарлардан жаратуу үчүн эволюцияны колдонгонбу? Ал микроорганизмдин өрчүп отуруп балыкка, анан сойлоочулар менен сүт эмүүчүлөргө айланып, акыры, маймылдардан адам келип чыгышын жетектеп турганбы? Айрым окумуштуулар менен диний жетекчилер эволюция теориясына да, Ыйык Китепке да ишенүүгө үндөшөт. Анткени алар Ыйык Китептин Башталыш китеби каймана тилде жазылган деп эсептешет. Силер балким: «Адамдар жаныбарлардан келип чыккан деген теория Ыйык Китепке шайкеш келиши мүмкүнбү?» — деп таң калат чыгарсыңар.

Биз кимбиз, кайда баратабыз, кандай жашоо өткөрүшүбүз керек? Ушунун баарын түшүнүү үчүн каяктан пайда болгонубузду билүү абдан маанилүү. Кайдан келип чыкканыбызды билүүнүн аркасында гана Кудай эмне үчүн азап-чегүүлөргө жол берерин жана анын адамзатка карата кандай ой-ниети бар экенин аңдай алабыз. Бизди Кудай Жаратканына ишенбесек, аны менен жакын мамиледе боло албайбыз. Келгиле анда, адамзаттын келип чыгышы, азыркы жашоосу жана келечеги тууралуу Ыйык Китепте эмне айтыларын карап көрөлү. Мунун аркасында эволюция теориясы Ыйык Китепке шайкеш келер-келбесин биле алабыз.

Түпкү атабыз

Эволюцияны жактагандар адамдар бир эле адамдан тараганын четке кагып, жаныбарлар өрчүп отуруп, адамдар келип чыккан деп ырасташат. Бирок Ыйык Китепте бул тууралуу башкача айтылат. Анда баарыбыз бир кишиден, Адам атадан, тараганыбыз жазылат. Ошондой эле Адам атанын аялынын жана айрым балдарынын аттары жазылган. Андан сырткары, анын кылган иштери, айткан сөздөрү, качан жашап, качан өлгөнү, ушулардын баары тууралуу майда-баратына чейин айтылат. Ыйса ал билдирүүнү карапайым эл үчүн гана жазылган окуя катары эсептеген эмес. Бир жолу билимдүү диний жетекчилерден ал: «Жаратуучу эң башында эле адамдарды эркек-аял кылып жаратканын окуган жок белеңер?» — деп сураган (Матай 19:3—5). Андан кийин Адам ата менен Обо эне жөнүндө Башталыш 2:24тө жазылган сөздөрдү цитата кылган.

Ыйык Китептин жазуучусу жана мыкты тарыхчы Лука Адам ата, Ыйса сыяктуу, чынында эле жашаган киши болгонун айткан. Ал Ыйсанын санжырасын Адам атага чейин жазган (Лука 3:23—38). Элчи Пабыл да эл алдында, анын ичинде белгилүү грек мектептеринде билим алган философтордун алдында сүйлөп жатып: «Дүйнөнү жана анын ичинде эмне болсо, ошонун бардыгын жараткан Кудай... бүт жер жүзүндө жашасын деп, Ал бир адамдан бүткүл адамзатты жаратты»,— деген (Элчилер 17:24—26). Ооба, Ыйык Китеп бүткүл адамзат «бир адамдан» тараган деп окутат. Адам атанын алгачкы абалы тууралуу андагы айтылгандар эволюция менен шайкеш келеби?

Жеткилеңдиктен айрылуу

Ыйык Китепке ылайык, Жахаба Кудай биринчи адамды жеткилең кылып жараткан. Кудай үчүн деги эле бир нерсени кемчилик менен жаратуу мүмкүн эмес. Жаратуу жөнүндөгү билдирүүдө: «Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты... Өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгы абдан жакшы экенин көрдү»,— деп айтылат (Башталыш 1:27, 31). Жеткилең деп кандай кишини айтууга болот?

Жеткилең киши чечим чыгаруу эркиндигине ээ жана Кудайдын сапаттарын толугу менен чагылдыра алат. Ыйык Китепте: «Кудай адамды адил кылып жараткан, бирок адамдар ар кандай ойлоп чыгарылган нерселерге берилип кетишкен»,— делет (Насаатчы 7:29). Адам ата Кудайга каршы чыккан. Натыйжада ал өзү да, демек, анын тукумдары да жеткилеңдиктен айрылган. Көп учурда туура нерселерди кылууну кааласак да, андай кыла албай өзүбүзгө нааразы болгонубуздун себеби дал ошол жеткилеңсиздикте. Элчи Пабыл: «Мен өзүмдүн эмне кылып жатканымды түшүнбөйм. Анткени мен өзүм каалаганды эмес, өзүм жек көргөндү кылып жатам»,— деген (Римдиктерге 7:15).

Ыйык Китепке ылайык, жеткилең киши чың денсоолукта түбөлүк өмүр сүрмөк. Бул Кудайдын биринчи адамга эгер ал Анын тилин алса, эч качан өлмөк эместигин айтканынан көрүнүп турат (Башталыш 2:16, 17; 3:22, 23). Эгер биринчи адам ооруй турган же козголоң чыгара тургандай болуп жаратылса, Жахаба аны «абдан жакшы» деп айтмак эмес. Адамдын денеси эң сонун жаратылса да, эмне себептен организмдин ооруга жана ар кандай бузулууларга ийкемдүү келерин жеткилеңдиктен айрылып калганыбызды билүүдөн улам түшүнүүгө болот. Андыктан эволюция Ыйык Китепке шайкеш келбейт. Анткени эволюция теориясы боюнча адам жаныбардан өрчүп отуруп эң жогорку деңгээлге жеткен жандык деп ырасталат. Ал эми Ыйык Китепте бүгүнкү күндөгү адам жеткилең адамдын жеткилеңдиктен айрылып, күндөн күнгө начарлап бараткан урпагы деп түшүндүрүлөт.

Кудай адамды жаратыш үчүн эволюцияны колдонгон деген ырастоо Ыйык Китепте Кудайдын сапаттары тууралуу айтылгандар менен да дал келбейт. Эгер Кудай адамды эволюция жолу менен жаратса, бул адамзатты азыркы кейиштүү абалга Кудай алып келди дегенди билдирмек. Бирок Ыйык Жазмада Кудай жөнүндө: «Ал — таяныч. Анын иштери жеткилең, Анын жолдору — чындык. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал акыйкат, Ал — чындык. Бирок алар Теңирдин алдында бузулушту, алар — кежир, бузулган тукум, ошондуктан Анын балдары эмес»,— делет (Мыйзам 32:4, 5). Андыктан адамзаттын азыркы учурда азап чегип жатканы — Кудайдын эволюцияны колдонгонунун эмес, биринчи адамдын Кудайга каршы чыгып, өзүнүн да, урпактарынын да жеткилеңдиктен айрылып калганынын натыйжасы. Эми, Адам ата жөнүндө карап чыкканыбыздай эле, Ыйык Китепте Ыйса тууралуу эмне айтыларын да карап көрөлү. Ыйса тууралуу анда айтылгандарга эволюция төп келеби?

Эволюцияга да, Ыйсанын окууларына да ишенүүгө болобу?

«Машайак биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөн». Бул Ыйсанын жолдоочулары ишенген негизги окуулардын бири экенин билет чыгарсыңар (1 Корунттуктарга 15:3; 1 Петир 3:18). Бул окууга эволюциянын дал келбээрин түшүнүү үчүн алгач эмне үчүн Ыйык Китепте адамзат күнөөлүү делерин жана күнөө бизге кандай таасир этерин билишибиз керек.

Биз Кудайдын сүйүү жана адилеттүүлүк сыяктуу сапаттарын толугу менен чагылдыра албайбыз. Андыктан баарыбыз күнөөлүүбүз деп айтууга болот. Ошол себептүү Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан» (Римдиктерге 3:23). Ыйык Китеп өлүмдүн себеби күнөө деп окутат. 1 Корунттуктарга 15:56да: «Өлүмдүн уу тиши — күнөө»,— делет. Ооруп жатканыбыздын негизги себеби да тукум кууп өткөн күнөөдө. Ыйса оору менен күнөө тыгыз байланышта экенин көрсөтүп, бир жолу шал оорулуу кишиге: «Күнөөлөрүң кечирилди»,— деген, ошондо ал айыгып калган (Матай 9:2—7).

Ыйсанын өлүмү бизге кандайча жардам бере алат? Ыйык Китепте Адам ата менен Ыйса Машайактын ортосундагы айырмачылык көрсөтүлүп, мындай делет: «Адам атанын айынан баары өлүштү, ал эми Машайак аркылуу баары тирилишет» (1 Корунттуктарга 15:22). Өзүнүн өмүрүн курмандыкка берип, Ыйса Адам атадан тукум кууп өткөн күнөө үчүн кун төлөгөн. Мунун аркасында Ыйсага ишенгендер жана тил алгандар Адам ата жоготкон нерсеге — түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө — ээ болушат (Жакан 3:16; Римдиктерге 6:23).

Эволюция теориясы Ыйсанын окууларына дал келбээрин байкадыңарбы? Эгер «Адам атанын айынан баары өлгөнүнө» ишенбесек, «Машайак аркылуу баары тирилерине» кантип үмүттөнө алабыз?

Адамдар эмне үчүн эволюцияга ишенишет?

Ыйык Китеп эволюция сыяктуу теориялар кандайча кеңири тараганын түшүнүүгө жардам берет. Анда мындай делет: «Анткени адамдар туура окутууну кабыл албай, кошомат кылып сүйлөй турган окутуучуларды өз каалоолору боюнча тандап кала турган убак келет. Чындыкты уккулары келбей, тамсилдерге кулак төшөп калышат» (2 Тиметейге 4:3, 4). Эволюция теориясы көбүнчө илимий тил менен түшүндүрүлгөнү менен, чынында, диний окуу. Анткени ал жашоого кандай карашыбызды жана Кудайга болгон көзкарашыбыз кандай болушу керектигин үйрөтөт. Анын окуулары адамды өзүмчүл, көзкарандысыз болууга тымызын үндөйт. Эволюцияга ишенгендердин көпчүлүгү Кудайга да ишенерин айтышат. Бирок алар бардыгын Кудай жараткан деп ойлошпойт, ошондой эле, алардын ою боюнча, Кудай адамдардын ишине кийлигишпейт жана аларды соттобойт. Мындай көзкараш аларга, албетте, майдай жагат.

Эволюцияны жактагандар көбүнчө фактыларга эмес, «өз каалоолоруна» — эволюция жалпы кабыл алган теория деп эсептелген илимий чөйрөдө кадыр-барктуу болуу каалоосуна — жетектелиши мүмкүн. Биохимия профессору Майкл Бихи жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн тирүү клетканын ичинде жүрүүчү татаал процесстерди изилдөөгө арнаган. Ал клеткада эволюция процессинин жүрүшүнө окуткандардын ырастоолоруна, чынында, эч кандай негиз жок экенин айткан. Эволюция процесси ушундай кичине, молекулалык деңгээлде, жүрүшү мүмкүнбү? «Молекулалык эволюцияга илимий негиз жок,— дейт профессор.— Илимий адабияттардын — абдан кеңири тараган журналдар, илимий журнал же китептердин — биринде да кандайдыр бир татаал, биохимиялык системада молекулалык эволюциянын кандайча жүргөнү, атүгүл кандайча жүрүшү мүмкүн болгондугу да түшүндүрүлбөйт... Дарвиндин молекулалык эволюцияны ырастоосу — жөн гана курулай сөз».

Эгер эволюцияга эч кандай далил жок болсо, анда эмне себептен аны жактагандар ал тууралуу ишенимдүү айтышат? Мунун себебин Бихи мындайча түшүндүрөт: «Көптөр, анын ичинде беделдүү окумуштуулар да жөн гана бардыгын табияттан тыш кандайдыр бир күч жаратканын билүүнү каалашпайт».

Эволюция теориясы билимдүү болуп көрүнгүсү келген диний жетекчилерди да өзүнө тартат. Алар элчи Пабылдын Ыйсанын Римдеги жолдоочуларына жазган катында айтылган кишилерге окшош. Пабыл мындай деп жазган: «Кудай жөнүндө эмнени билүү мүмкүн болсо, ошол аларга белгилүү... Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт. Анткени алар Кудайды таанып билип туруп, Аны Кудай катары даңкташкан жок, Ага ыраазычылык келтиришкен жок, тескерисинче, куру кыялдарга батышты, алардын акылдары караңгыланды. Өздөрүн акылдуу эсептеп, акылынан ажырашты» (Римдиктерге 1:19—22). Жалган окутуучуларга алданып калбоо үчүн эмне кылуу керек?

Жаратканга фактылардын негизинде ишенүү

Ыйык Китеп ишеним деген эмне экенине аныктама берүүдө далилдердин маанилүүлүгүн баса белгилейт. Анда: «Ишеним — бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү»,— делет (Эврейлерге 11:1). Кудайга болгон чыныгы ишеним Жараткандын бар экенин айкын көрсөтүп турган далилдерге негизделиши керек. Ыйык Китепте андай далилдерди кайдан табууга болору айтылган.

Ыйык Китептин жазуучусу Дөөт: «Мен Сени даңктайм, анткени мен таң каларлык жаратылганмын»,— деген (Забур 138:14). Өзүбүздүн жана башка тирүү жандыктардын кандай кереметтүү жаратылганы тууралуу ой жүгүртсөк, Жаратканыбыздын акылына суктанбай койбойбуз. Жашообузга шарт түзгөн миңдеген процесстердин ар бири эң сонун долбоорлонгон. Ошондой эле аалам да математикалык тактыкты жана тартипти айгинелеп турат. Дөөт мындай деп жазган: «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат» (Забур 18:2).

Ыйык Китепте да Жараткандын бар экенин көрсөтүп турган далилдер көп. Анын 66 китебинин өз ара шайкештигине, андагы адеп-ахлак нормалардын пайдалуулугуна жана пайгамбарлыктардын толугу менен аткарылышына байланыштуу изилдөө жүргүзсөңөр, ал китептин автору Жараткан экенине абдан көп далилдерди табасыңар. Ыйык Китептин окууларын түшүнүүнүн аркасында да анын, чынында эле, Жараткандын Сөзү экенине ишене аласыңар. Алсак, азап-кайгынын себептери, Кудайдын Падышалыгы, адамзаттын келечеги жана канткенде бактылуу боло аларыбызга байланыштуу ыйык китептик окууларды түшүнгөндө ал китепте Кудайдын зор акылмандыгы чагылдырылганына ынанасыңар. Ошондо силер да Пабылдын: «Оо, Кудайдын акылы кандай терең, Анын билими кандай жеткилең! Анын чечимдери акыл жеткис, Анын жолдору изилденгис!» — деген сөздөрүнө толук кошула аласыңар (Римдиктерге 11:33).

Карап чыккан далилдерден улам ишенимиңер өскөн соң, Ыйык Китепти окуп жатканда Жараткандын өзүн угуп жатканыңарга ынана аласыңар. Ал эми ал мындай деген: «Мен жерди жараттым жана анын үстүнө адамды жараттым. Мен, Менин колдорум асманды жайды, анын бүт кошуундарына мыйзам берген Менмин» (Ышайа 45:12). Бардык нерсенин Жаратканы Жахаба экенине далил табыш үчүн күч-аракет жумшаганыңарга эч качан өкүнбөйсүңөр.

[14-беттеги сүрөт]

Элчи Пабыл билимдүү гректерге: «Кудай... бир адамдан бүткүл адамзатты жаратты»,— деген

[15-беттеги сүрөт]

Эволюция теориясы боюнча, адам жаныбардан өрчүп отуруп эң жогорку деңгээлге жеткен жандык деп ырасталат. Ал эми Ыйык Китепте бүгүнкү күндөгү адам жеткилең адамдын жеткилеңдиктен айрылып, күндөн күнгө начарлап бараткан урпагы деп түшүндүрүлөт

«Молекулалык эволюцияга илимий негиз жок»

[17-беттеги сүрөт]

Тирүү жандыктардын кандай кереметтүү жаратылганы тууралуу ой жүгүртсөк, Жаратканыбыздын акылына суктанбай койбойбуз