Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үйбүлөңдү «көркөм накыл сөздөр» менен кур

Үйбүлөңдү «көркөм накыл сөздөр» менен кур

Үйбүлөңдү «көркөм накыл сөздөр» менен кур

МАШИНЕДЕ жубайын күтүп отурган Дейвид ар бир мүнөт өткөн сайын чыдамы кетип, улам-улам саатын карап жатты. Акыры, бир нече убакыттан кийин жубайы Дайан үйдөн чыгат. Ошондо Дейвид өзүн кармай албай ачууга алдырып жиберет.

Анан жубайына: «Ушунча да күттүрөсүңбү? — деп кыйкырат.— Дайыма эле кечигип басып жүрөсүң! Даяр болуп турбайсыңбы!»

Дайандын көңүлү чөгүп, ыйлаган бойдон кайра үйгө чуркап кирип кетет. Дейвид өзүнүн туура эмес кылып алганын ошондо гана түшүнөт. Ачууга алдырып, ал жагдайды оордоткондон башка эч нерсе кылган жок. Эми ал эмне кылат? Машинесин өчүрүп, терең үшкүрүнүп, жубайынын аркасынан жөнөйт.

Бул мисал жашоодо чынында эле ушундай болорун көрсөтүп турган жокпу? Бир нерсени айтып алып, кайра өкүнүп калган учурларыңар болду беле? Ойлонбой сүйлөгөндө көп учурда айткан сөздөрүбүзгө кийин өкүнүп калабыз. Ыйык Китепте: «Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 15:28).

Бирок ойлонуп сүйлөө ачууланганда, корккондо же таарынганда кыйынга турат. Өзгөчө үйдөгүлөргө сезимдерибизди билдирүүдө аларды оңой эле жемелеп же сындап киришибиз мүмкүн. Натыйжада алардын көңүлүн оорутуп алышыбыз же чыр-чатакка себепкер болуп калышыбыз ыктымал.

Мындай нерселерден канткенде кача алабыз? Сезимдерибизди кантип башкарсак болот? Буга байланыштуу пайдалуу кеңештерди Ыйык Китептин жазуучуларынын бири Сулаймандын сөздөрүнөн табууга болот.

Эмне айтууну жана кантип айтууну ойлонгула

Жазманын Насаатчы китебинин жазуучусу Сулайман жашоодогу курулай убаракерчилик жөнүндө жазгандыктан, ага байланыштуу күчтүү сезимдери болсо керек. Ал: «Мен өмүрдү жек көрүп калдым»,— деген. Ал эми бир жолу өмүр тууралуу «түйшүктүн түйшүгү» деп айткан (Насаатчы 2:17; 12:8). Бирок Насаатчы китеби Сулаймандын нааразычылыктарынын тизмеги эле эмес. Ал жашоонун жаман жактары тууралуу гана айткан эмес. Сулаймандын китебинин корутунду сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, ал «көркөм накыл сөздөрдү тапканга аракет кылган, чындык сөздөрдү туура жазган» (Насаатчы 12:10). Башка котормодо анын «бул нерселерди мыкты жана так түшүндүрүүгө аракет кылганы» айтылат («Contemporary English Version»).

Сулайман сезимдерин башкаруунун зарылдыгын айкын түшүнгөн. Ал өзүнөн: «Айтайын деген сөздөрүм, чынында эле, туурабы же такпы? Ушул сөздөрдү колдонсом, алар башкалар үчүн жагымдуу жана ылайыктуу болобу?» — деп сураган деп айтууга болот. Чындыктын «көркөм накыл сөздөрүн» табууда ал ойлорун терс сезимдер ээлеп алышына жол берген эмес.

Жыйынтыгында анын жазгандары тек гана адабий мыкты чыгарма эмес, жашоонун маңызына байланыштуу Кудайдын акылмандуулугунун булагы болгон (2 Тиметейге 3:16, 17). Сулаймандын күчтүү сезимдер менен айтылган билдирүүлөрү жакындарыбыз менен жакшы мамиледе болууга жардам бере алабы? Буга байланыштуу бир мисал карап көрөлү.

Сезимдериңерди башкарууга үйрөнгүлө

Күндөлүгүн көтөрүп, мектептен көңүлү чөгүп келген баланы элестетсең. Атасы анын күндөлүгүн карап, бир сабактан начар баа алганын көрөт. Баласынын көптөн бери үй тапшырмасын аткарбай жүргөнүн билер замат ага абдан ачууланат. Анан аны ойлонбой эле: «Эй, жалкоо! Бул кейпиң менен сенден эчтеке чыкпайт!» — деп жемелеп кирет.

Ачууга алдыргандын ордуна, ал ата өзүнөн: «Уулум чын эле ушундайбы?» — деп сурап көргөнү дурус болмок. Бул суроо ага сезимге алдырбай, иштин чоо-жайын түшүнүүгө жардам бермек (Накыл сөздөр 17:27). Баласы бир сабактан начар баа алганы үчүн эле андан эч нерсе чыкпайт деп айтуу туурабы? Ал чынында эле жалкообу же ошол сабакты жакшы түшүнбөгөнүнөн улам үй тапшырманы аткара албай калганбы? Ыйык Китепте эстүү болуунун, иштин чоо-жайын түшүнүүнүн маанилүүлүгү бир нече ирет баса белгиленет (Титке 3:2; Жакып 3:17). Балдарын тарбиялоодо ата-энелер «чындык сөздөрдү» сүйлөшү керек.

Туура сөздөрдү тандагыла

Ата эмне айтардын алдында дайыма: «Бул сөздөрүм балдарыма жагымдуу жана алар кабыл ала тургандай болушу үчүн, аларды кандай айтсам?» — деп сураса болот. Туура сөздөрдү табуу оңой эмес. Бирок ата-энелер өспүрүмдөр көп учурда өздөрүн эч нерсеге татыксыз сезүүгө ийкемдүү келерин унутпашы керек. Алар бир эле жолу ката кетиришсе же колунан бир нерсе келбей калса, ошого өтө эле көп маани бере беришет да, өздөрү жөнүндө ошонун негизинде тыянак чыгарышат. Эгерде ата-энелер балдарын жемелесе, балдарынын андай сезимдерин ого бетер күчөтүп жибериши мүмкүн. Колосалыктарга 3:21де: «Аталар, балдарыңарды кыжырлантпагыла, алардын көңүлү чөкпөгүдөй болсун»,— деп айтылат.

Адатта, «дайыма» жана «эч качан» деген сыяктуу сөздөр көбүртүп-жабыртууга жатат. Ата-эне баласына: «Сен эч нерсеге жарабайсың!» — деп айтса, бул анын өзүн өзү сыйлоо сезимине кандай таасир этет? Баланы дайыма эле көр жемеге ала берсе, ал колуман эч нерсе келбейт деп ойлой башташы ыктымал. Андай сөздөр баланын көңүлүн чөгөргөндөн тышкары, туура да эмес.

Негизи, кандай гана жагдайда болбосун, анын жакшы жактарын көрө билүү алда канча жакшыраак. Жогоруда мисал кылынган ата баласына: «Балам, начар баа алганыңдан улам көңүлүң чөгүп жатат окшойт. Тапшырмаңды аткаруу үчүн аябай аракет кылганыңды билем. Кел, ошол сабагыңды карайлы, анан кыйынчылык туудуруп жаткан нерсени чечүүгө аракет кылалы»,— десе болмок. Баласына жакшы жардам берүү үчүн ата өзүнө кыйынчылыкты көрүүгө көмөк кыла турган бир нече суроо берип көргөнү дурус.

Мындай боорукердик жана ойлонуп иш кылуу ачууга алдырганга караганда алда канча жакшы натыйжа берет. Ыйык Китепте: «Жагымдуу сөз — бал, ал — жанга жагымдуу, сөөккө дары»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 16:24). Чынында, тынчтык жана сүйүү өкүм сүргөн чөйрөдө балдар, деги эле үйбүлөнүн бардык мүчөлөрү өздөрүн жакшы сезишет.

«Жүрөгү эмнеге толуп-ташыса...»

Макаланын башында сөз кылынган күйөөгө кайра токтолуп көрөлү. Аялына кыжырдангандан көрө, ал ошол убакытты жакшы сөздөрдү издөө үчүн колдонсо жакшы болбойт беле? Ал өзүнөн: «Аялым кечикпөө жагынан оңолушу керек болсо да, ал чын эле дайыма кечигип жүрөбү? Анын кемчилигин айтууга азыр ылайыктуу учурбу? Ачууланганым, жемелегеним ага оңолууга жардам береби?» — деп сурап көргөнү дурус болмок. Өзүбүзгө ушундай суроолорду берүү жакшы көргөн адамдарыбызды таарынтып албоого жардам берет (Накыл сөздөр 29:11).

Бирок үйбүлөбүздөгү талкуулашуу дайыма чыр-чатакка айлансачы? Анда сүйлөгөн сөздөрүбүзгө эле эмес, анын аркасында турган сезимдерибизге көңүл бурушубуз керек. Анткени сөздөрүбүз, өзгөчө, ачууланганда же кыжырданганда айткандарыбыз, чынында, жүрөгүбүздө эмне бар экенин көрсөтөт. Ыйса мындай деген: «Жүрөк эмнеге толсо, ооздон ошол чыгат» (Матай 12:34). Башкача айтканда, сүйлөгөн сөздөрүбүз көп учурда ойлогон ойлорубузду, каалоолорубузду жана маанайыбызды чагылдырат.

Жашоого болгон көзкарашыбыз реалдуубу, оңбу? Бул сүйлөгөн сөздөрүбүздөн жана аларды кандай айтарыбыздан байкалат. Өзүбүздүкүн бербөөгө, башкалардын жаман жагын гана көрүүгө жана соттоого жакын эмеспизби? Эгер ушундай болсо, башкаларды эмне айтканыбыз менен же кандай айтканыбыз менен таарынтып алабыз. Кандайча туура эмес ой жүгүртүп, туура эмес сүйлөй баштаганыбызды байкабай да калышыбыз мүмкүн. Атүгүл кандайдыр бир нерселерге карата туура эле көзкараштамын деп ойлошубуз да ыктымал. Бирок өзүбүздү алдоодон сак болушубуз керек (Накыл сөздөр 14:12).

Бизде Кудай Сөзү бар болгонуна кандай гана ыраазыбыз. Ыйык Китеп оюбузду текшерүүгө, туура, туура эместигин аныктоого жардам берет (Эврейлерге 4:12; Жакып 1:25). Табиятыбыздан кандай болбойлу, кандай тарбия албайлы, баарыбыз, эгер кааласак, ой жүгүртүүбүздү жана иш-аракеттерибизди өзгөртө алабыз (Эфестиктерге 4:23, 24).

Андан сырткары, Ыйык Китептин жардамы менен сылык сүйлөөгө үйрөнө алабыз. Башкалардан, маселен, жарыңардан, балдарыңардан же өзүңөрдү жакшы билген досуңардан буга байланыштуу силер жөнүндө кандай ойдо экенин ачык айтышын сурап көргүлө. Алардын айткандарын кабыл алуу үчүн жана өзгөрүшүңөр керек болсо, зарыл өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн момун болушуңар керек.

Ойлонуп сүйлөгүлө

Чынында эле башкаларды сөздөрүбүз менен таарынтып алууну каалабасак, Накыл сөздөр 16:23тө («Биздин мезгилдин котормосу») жазылган: «Акылдуу киши ойлонуп сүйлөйт жана анын айткандары орундуу»,— деген сөздөргө ылайык иш кылышыбыз керек. Сезимдерибизди башкаруу дайыма эле оңойго турбашы ыктымал. Ошентсе да башкаларды жемелеп, басынткандын ордуна, аларды түшүнүүгө аракет кылсак, сезимдерибизди билдирүү үчүн туура сөздөрдү табуу оңоюраак болот.

Албетте, баарыбыз тең жеткилеңсизбиз (Жакып 3:2). Кээде ойлонбой сүйлөп алабыз (Накыл сөздөр 12:18). Бирок Кудай Сөзүнүн жардамы менен ойлонуп сүйлөөгө жана башкалардын сезимдери менен кызыкчылыктарын өзүбүздүкүнөн жогору коюуга үйрөнө алабыз (Филипиликтерге 2:4). Келгиле, өзгөчө, үйбүлөдөгүлөрүбүз менен сүйлөшүүдө «көркөм накыл сөздөрдү» табууга чечкиндүү бололу. Ошондо сөздөрүбүз жакындарыбызды таарынтпай, кайра аларды бекемдейт (Римдиктерге 14:19).

[12-беттеги сүрөт]

Өкүнүп кала турган сөздөрдү айтуудан канткенде кача алабыз?