Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бизди кандай келечек күтүп турат?

Бизди кандай келечек күтүп турат?

Бизди кандай келечек күтүп турат?

Бул суроого жооп алуу эмне үчүн маанилүү? Адамдын келечекке болгон көзкарашы анын учурда кандай иш кыларына таасир этет. Алсак, келечектин жакшы болоруна үмүттөнбөгөндөр: «Ичип-жейли, баары бир өлөбүз да»,— деп жашоого жакын келишет (1 Корунттуктарга 15:32). Мындай маанай көбүнесе ашыра тоюуга, мас болууга алып келип, жандүйнө бейкуттугун тартууламак турсун, көңүл чөгөттүккө дуушар кылат.

Чынында, эгер келечегибиз толугу менен адамдардын колунда болсо, эртеңки күн жакшылык апкелет деп күтө албайт элек. Аба, суу жана жер болуп көрбөгөндөй деңгээлде булганууда. Ядролук согуштун жана террордук чабуулдардын коркунучу барган сайын көбөйүүдө. Дүйнөдө миллиарддагандар оору-сыркоонун, жакырчылыктын айынан жапа чегүүдө. Ошентсе да үмүт үзбөөгө орчундуу себептер бар.

Адамдар келечектин кандай болорун алдын ала так айта алышпайт. Ал эми Жахаба Кудай өзү жөнүндө мындай деген: «Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам, али боло элек нерселерди Мен байыркы замандан бери айтып келе жатам» (Ышайа 46:10). Жахаба биздин келечегибиз жөнүндө эмнелерди айткан?

Ыйык Китепте эмнелер айтылган?

Жахаба жердин кыйратылышына, андагы жашоо-тиричиликтин жок болушуна жол бербейт. Ыйык Китепте Кудайдын «жерди кыйраткандарды жок кылары» убадаланат (Аян 11:18). Жахаба өзүнүн Падышалыгы же асмандагы өкмөтү аркылуу жер жүзүн бардык жамандыктан тазалап, алгач ниет кылгандай жашоо-шартты орнотот (Башталыш 1:26—31; 2:8, 9; Матай 6:9, 10). Ыйык Китептеги төмөнкү аяттарда келечектен кабар берген маалыматтар камтылып, жакында жер бетиндеги ар бир кишиге таасир эте турган окуялар тууралуу айтылат.

Забур 45:9, 10. «Келгиле, Теңирдин иштерин — жер үстүн кандай кыйратканын көргүлө. Ал жер жүзүндөгү согуштарды токтотту, жааларды талкалады, найзаларды сындырды, арабаларды өрттөп жиберди».

Ышайа 35:5, 6. «Ошондо сокурлардын көздөрү ачылат, дүлөйлөрдүн кулактары ачылат. Ошондо аксак бугудай секирет, дудук ырдайт, анткени чөлдөн суулар, талаалардан өзөндөр атырылып чыгат».

Ышайа 65:21, 22. «Жаңы үйлөрдү куруп, ошол үйлөрдө жашашат, жүзүмзарларды отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар башка бирөө жашаш үчүн үй курушпайт, башка бирөө жеш үчүн жүзүмзар отургузушпайт».

Даниел 2:44. «Асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты орнотот, ал падышачылык башка элге берилбейт. Ал бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат».

Жакан 5:28, 29. «Мүрзөдө жаткандардын баары... [Ыйсанын] үнүн уга турган убак келет».

Аян 21:3, 4. «Кудай Өзү алар менен болуп... алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен».

Ыйык Китепте камтылган жооп кандайча жандүйнө бейкуттугуна ээ кылат?

Жогоруда сүрөттөлгөн жашоо-шарт, бир караганда, жомоктогудай сезилиши ыктымал. Бирок муну адам эмес, «жалган сүйлөбөгөн» Жахаба Кудай убада кылган (Титке 1:2).

Эгерде Кудайдын убадаларына ишеним артууга, анын мыйзамдары менен жашоого үйрөнсөк, абдан оор жагдай-шартка карабай, жандүйнө бейкуттугуна ээ боло алабыз. Бизди жандүйнө бейкуттугунан эч нерсе — согуш, жакырчылык, оору же карылык менен коштолуучу кыйынчылыктар, атүгүл өлүмдүн жакындаганын сезүү да — ажыратпайт. Эмне үчүн? Анткени биз Кудайдын Падышалыгынын жамандыктын баарын түп-тамыры менен жоёруна шектенбейбиз.

Мындай бекем үмүткө канткенде ээ боло алабыз? Ан үчүн «Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюбузду» жаңылантып туруу зарыл (Римдиктерге 12:2). Ыйык Китептеги убадалардын ишенүүгө татыктуулугуна ынануу үчүн, балким, кошумча далилдерди карап чыгаттырсыңар. Мындай изилдөө жүргүзүүгө жумшаган күч-аракетиңердин акыбети сөзсүз кайтат. Анткени башка эч бир иш жандүйнө бейкуттугун тартуулабайт.

[8-беттеги сүрөт]

Кудай Сөзүндө келечек тууралуу эмне делет?

Ышайа 35:5

[9-беттеги сүрөт]

Ышайа 35:6

Жакан 5:28, 29