Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биз кайдан пайда болгонбуз?

Биз кайдан пайда болгонбуз?

Биз кайдан пайда болгонбуз?

Бул суроого жооп алуу эмне үчүн маанилүү? Көптөрдү жашоо-тиричилик капысынан эле пайда болгон деп окутушкан. Аларга акыл-эс жөндөмү, эмоциялык жана рухий муктаждыктары бар адам баласы эволюциянын — кокусунан болгон бир катар окуялардын — аркасында жаралган деп айтышкан.

Бирок ойлонуп көрсөңөр: эгерде биз, чынында эле, эволюциядан улам пайда болсок жана Жараткан жок болсо, адам баласын кандайдыр бир мааниде жетим деп айтууга болмок. Себеби адамдардан алда канча акылдуу, жетекчилик издеп кайрыла турган, кыйынчылыктарды чечүүгө жардам бере турган бирөө болмок эмес. Ошондой эле экологиялык кризисти алдын алуу, саясий талаш-тартыштарды жана жеке кыйынчылыктарыбызды чечүү үчүн адамдык акылмандыкка таянуудан башка арга калмак эмес.

Мындай ой силерди жандүйнө бейкуттугуна ээ кылабы? Кылбаса, башка жолун карап көрөлү: бул кызыктуу гана эмес, маңыздуу жана акылга сыярлык.

Ыйык Китепте эмнелер айтылган?

Ыйык Китепте айтылгандай, адам баласын Кудай жараткан. Ооба, биз маани-маңызы, негизи жок эволюциянын жемиши эмеспиз. Биз — мээримдүү, акылдуу Атанын балдарыбыз. Ыйык Китептеги төмөнкү айкын билдирүүлөргө көңүл бурсаңар:

Башталыш 1:27. «Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты».

Забур 138:14. «Мен Сени даңктайм, анткени мен таң каларлык жаратылгам. Сенин иштериң керемет, аны менин жаным толук түшүнөт».

Матай 19:4—6. «Жаратуучу эң башында эле адамдарды эркек-аял кылып жаратканын окуган жок белеңер? Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот. Эми алар эки эмес, бир дене. Ошондуктан Кудай кошконду адам ажыратпасын».

Элчилер 17:24, 25. «Ал — дүйнөнү жана анын ичинде эмне болсо, ошонун бардыгын жараткан Кудай, асман менен жердин Теңири, ошондуктан Ал адамдын колу менен курулган ийбадатканаларда жашабайт. Ал бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт, анткени бардыгына өмүр, дем жана керектүү нерсенин бардыгын берген — Ал Өзү».

Аян 4:11. «Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат».

Ыйык Китепте камтылган жооп кандайча жандүйнө бейкуттугуна ээ кылат?

«Жердеги ар бир үйбүлө өзүнүн аты үчүн Ага [Кудайга] милдеттүү» экенин билүү башкаларга болгон көзкарашыбызды өзгөртөт (Эфестиктерге 3:15, «ЖД»). Андан тышкары, бул өзүбүзгө жана кыйынчылыктарга кандай караарыбызга таасир этет. Мисалы, ой жүгүртүүбүз төмөнкүдөй болуп өзгөрүшү мүмкүн.

Олуттуу чечимдерди чыгарууга туура келгенде, биз адамдардын карама-каршы келген ойлоруна өтө эле тынчсызданбайбыз. Тескерисинче, ишенимдүүлүк менен Ыйык Китептин кеңештерине таянабыз. Эмне үчүн? Себеби «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот» (2 Тиметейге 3:16, 17).

Албетте, ыйык китептик кеңештерди колдонуу аракет кылууну, өзүн өзү башкара билүүнү талап кылат. Ошондой эле кээде өзүбүздүн ийкемдүүлүктөрүбүз менен күрөшүүгө да туура келиши ыктымал (Башталыш 8:21). Ошентсе да бизди асмандагы мээримдүү Атабыз жаратканын моюнга алсак, анда ал биз үчүн эмне жакшы болорун эң сонун билет деген тыянакка келебиз (Ышайа 55:9). Анын Сөзүндө: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт»,— деген чакырык камтылган (Накыл сөздөр 3:5, 6). Ушул кеңешти колдонуу менен кыйынчылыктарга кабылганда же олуттуу чечим чыгарууда көп тынчсыздануулардан арылабыз.

Бейкалыс мамилеге кабылганыбызда, өзүбүздү улуту, маданияты бөлөк адамдардан кайсы бир жагынан төмөн ойлоп басынтпайбыз. Тескерисинче, теңсалмактуулук менен өзүн өзү сыйлоо сезимин өрчүтөбүз. Эмне себептен? Анткени асмандагы Атабыз Жахаба Кудайда «бет карамалык жок», ошондой эле «ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагат» (Элчилер 10:34, 35).

Андан тышкары, Кудайдын беткарама эмес экенин билүү башкаларга бейкалыс пикирде болбоого жардам берет. Ошондой эле өзүбүздү башка улуттун өкүлдөрүнөн жогору ойлоого эч кандай негиз жок экенин түшүнөбүз, себеби «бүт жер жүзүндө жашасын деп, Ал [Кудай] бир адамдан бүткүл адамзатты жараткан» (Элчилер 17:26).

Албетте, бизди Кудай жаратканын жана ал бизге кам көрөрүн билүү жандүйнө бейкуттугуна ээ болууга шарт түзөт. Бирок жандүйнө тынчтыгын сактап калуу үчүн дагы көп нерселерди билүү зарыл.

[4-беттеги сүрөт]

Адам баласы эволюция аркылуу пайда болгонбу?

[5-беттеги сүрөт]

Жараткандын бизге кам көрөрүн билүү жандүйнө бейкуттугун тартуулайт