Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Доминикан республикасынан келген кат

Доминикан республикасынан келген кат

Доминикан республикасынан келген кат

«Буга чейин мындай сүйүүнү мага эч ким көрсөткөн эмес»

НЮРКА ошол жумада жыйналыштан биринчи жолу тапшырма менен чыккан. Ал эмнени айтарын Брайл арибинде жазып, жазгандарын жаттап алган. Мен болсо ыйык китептик чындыкты билгиси келген кызыгуучунун ролун аткарып, аны менен сахнада элем. Микрофонго сүйлөгөнүмдө, ал өзүнүн угузуучу аппараты аркылуу айткандарымды угуп жатты. Тапшырмабызды аткарып бүткөндө абдан ыраазы болгон угуучулар дүркүрөтө кол чабышты. Аны атүгүл Нюрка да уга алды. Анын жүзүнөн абдан сүйүнгөнүн, терең канааттануу алганын көрүүгө болор эле. Бул, албетте, мени да кубанычка бөлөдү. Чынында эле, миссионер болуп кызмат кылган кандай сонун!

Нюрканы биринчи жолу жолуктурганым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал эки жыл мурун болгон эле. Айылдын чаңдуу жолу менен жарым сааттай жол жүргөн соң, Нюрка дароо эле көзүмө урунду. Ал жыгач менен шлакоблоктон курулган, чатыры дат баскан каңылтыр темир менен жабылган анча чоң эмес үйдүн кире беришинде отурган экен. Короодон коён, эчкилердин үнү, иттердин үргөнү угулуп, мал-жандыктын жыты келди. Нюрканын башын жерге салып отурганынан жалгыздык жанына батканын, көңүлү чөгүңкү экенин көрүүгө болор эле. Жашы 34тө болсо да, мага ал кыйла улуу көрүндү.

Аярлык менен ийнине колумду тийгизгенимде, он бир жыл мурун көзүнөн айрылган Нюрка биз жакты карагансыды. Кулагына катуу сүйлөп, өзүмдү жана жанымдагы ишенимдешимди тааныштырдым. Кийинчерээк биз Нюрканын тукум кууган оорунун — Марфан синдромунунун — азабын тартып жүргөнүн билдик. Ошондой эле диабеттин оор формасы менен ооругандыктан, ага кандагы канттын деңгээлин дайыма текшерип турууга туура келет экен.

Ыйык Китепти колуна бергенимде, Нюрка анын кайсы китеп экенин таанып, мурда Ыйык Жазманы окуганды жакшы көрчү экенин айтты. Анан мен: «Жөнөкөй, жалгыздыктын каарын тарткан, жардамга муктаж ал кызды Кудай Сөзүндөгү сергитүүчү чындыкка кантип окутсам?» — деп ойлодум. Менин кубанычыма, Нюрка тамга тааныйт экен. Ошон үчүн ага желимден жасалган тамгаларды берип үйрөтө баштадым. Көп өтпөй ал аларды бири-биринен айырмалап калды. Кийинчерээк жаңдоо тилинде колум менен көрсөтүп жаткан белгини кармап билип, ар бир тамганы америка жаңдоо тилинин тамгалары менен байланыштырууга үйрөндү. Бара-бара ал башка жаңсоолорду да өздөштүрүп кетти. Жаңдоо тилин өзүм да жаңыдан үйрөнө баштагандыктан, ар бир изилдөөгө даярданууга бир нече саат кетчү. Бирок Нюрка экөөбүздүн каалообуз күчтүү болгондуктан, жаңдоо тилин бат эле өздөштүрдүк.

Нюркага тил үйрөнүүдө ийгиликтерди жасоого кайрымдуулук уюму белек кылган угузуучу аппараттар жакшы жардам берди. Аппараттар жөнөкөй болгону менен, пайдасы зор эле. Он жылдан ашуун убакыт бою эч нерсени көрбөй, эч ким менен сүйлөшпөй жүрүп, Нюрка түнт болуп кеткен. Бирок Жахабанын руху анын аң-сезимин, жүрөгүн ойготуп, билимге, үмүткө, сүйүүгө толтурду. Көп өтпөй Нюрка таяктын жардамы менен үйүнөн чыгып, кошуналарына ыйык китептик чындыкты айта баштады.

Нюрка азыр таежеси, анын кызы жана дагы бир тууганы менен ыйык китептик изилдөө өткөрөт. Ал кылдат даярданып, өтүлө турган ар бир сабакты жаттап алат. Аны менен Ыйык Китепти изилдегендер абзацты окугандан кийин, ал Брайл арибиндеги китебинен суроосун окуйт. Шериги болсо кызыгуучунун жоопторун Нюрканын кулагына угуза айтып берет же ал кармап биле алгыдай жаңсоолор менен жаңдоо тилине которот.

Жыйналыштагылардын баары Нюркага колдоо көрсөтүп, аны кубаттап турушат. Айрым ишенимдеш байкелер ага жыйналышка жана жыйындарга барууга жардам беришет. Башкалар болсо аны менен чогуу кабар айтышат. Жакында эле Нюрка: «Буга чейин мындай сүйүүнү мага эч ким көрсөткөн эмес» — деп, сезими менен бөлүштү. Анын жакынкы облустук жыйында чөмүлтүлөм деген каалоосу бар.

Азыр биз Нюрка жашаган жерге барып калганда, анын үйдүн кире беришинде күнгө жылынып, башын көтөрүп жылмайып отурганын көрөбүз. Андан эмнеге жылмайып жатканын сурасам, ал: «Мен келечек жөнүндө, жер жүзүнүн баары гүлдөгөн бейишке айланган убак жөнүндө ой жүгүртүп, өзүмдүн ошол жерде жүргөнүмдү элестетип жаткам»,— деди.

[23-беттеги сүрөт]

Нюрка жыйналыштагылар менен Падышалык залынын алдында

[23-беттеги сүрөт]

Нюрка үйрөнүп-билгендерин башкалар менен бөлүшүүдө