Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай сени көрүп турабы?

Кудай сени көрүп турабы?

Кудай сени көрүп турабы?

ЖАРАТКАН Жахаба Кудай бизди көрө алабы? Албетте, көрө алат! Ыйык Китепте: «Көздү берген Кудай көрбөйт бекен?» — деп айтылган (Забур 93:9). Жахабанын көрүү жөндөмү адамдардыкынан алда канча жогору. Ал сырткы көрүнүшүбүздү эле эмес, жүрөгүбүздөгүнү да көрүп, текшерип турат (Накыл сөздөр 17:3; 21:2). Ооба, ойлорубуз, ниеттерибиз жана жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү каалоолорубуздун баары ага белгилүү.

Жахаба биз туш болгон кыйынчылыктарыбызды билет жана жалындуу тиленүүлөрүбүзгө жооп берет. Забурчу буга байланыштуу мындай деген: «Теңирдин көздөрү адил адамдарды көрүп турат, кулагы алардын зар-муңун угат... Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, моюн сунгандарды куткарат» (Забур 33:16, 19). Жахабанын жагдай-шартыбызды түшүнөрүн жана чын жүрөктөн айтылган өтүнүчтөрүбүздү угарын билүү кандай гана сооротот!

Жахаба Кудай атүгүл караңгыда жасаган иштерибизди да көрөт. Ооба, «Анын көз алдында баары ачык-айкын. Анын алдында жооп беребиз» (Эврейлерге 4:13). Демек, Кудай жакшы иштерибизди да, жаман иштерибизди да байкайт (Накыл сөздөр 15:3). Мисалы, Башталыш 6:8, 9-аяттарда Нухтун Жахабанын «алдында ырайым тапканы» жана анын «алдында түз жүргөнү» айтылат. Ал Кудайдын адил принциптерине карманып, тилалчаак болгондуктан, Жахабанын жактыруусуна ээ болуп, мол бата алган (Башталыш 6:22). Ал эми Нухтун замандаштары зулум жана бузулган адамдардан болушкан. Буга Кудай көз жумган эмес. Ал «жер бетиндеги адамдардын абдан бузулганын, алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык экенин көргөн». Ошондуктан кудайсыздарды жок кылып, Нухту жана анын үйбүлөсүн аман алып калган (Башталыш 6:5; 7:23).

Сен да Жахабанын жактыруусуна ээсиңби? «Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат» (2 Жылнаама 16:9). Ошондуктан ал жакында жер жүзүндөгү бардык ыймансыздарды жок кылат, ал эми момундардын өмүрүн сактап калат (Забур 36:10, 11).