Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көңүл кайттыкка карабай, кубанычыңды сактап кала аласың

Көңүл кайттыкка карабай, кубанычыңды сактап кала аласың

Көңүл кайттыкка карабай, кубанычыңды сактап кала аласың

КӨҢҮЛ кайттыкка кабылбаган ким бар? Атүгүл асмандагы Атабыз Жахаба Кудайдын да көңүлү чөгүп, кайгырган учуру болгон. Мисалы, ал ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан куткарып, батасын мол берсе да, Ыйык Китепте айтылгандай, алар Кудайды кайра-кайра сынап, «Ысрайылдын Ыйыгына акарат келтиришкен [«жүрөгүн оорутушкан», «ЖД»]» (Забур 77:41). Ошентсе да Жахаба «бактылуу Кудай» болгондуктан кубанычын жоготкон эмес (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»).

Чынында, көңүл кайттыкка учураткан себептер аз эмес. Бирок буга карабай кубанычыбызды кантип сактап кала алабыз? Жахаба Кудайдан көңүл чөгөттүккө кандай кароо керектигине байланыштуу эмнеге үйрөнсөк болот?

Көңүл кайттыкка эмнелер учуратышы мүмкүн?

Кудайдын Сөзүндө баарыбыз «мезгил менен кокустуктун» капшабына кабылышыбыз мүмкүн экени айтылат (Насаатчы 9:11, «ЖД»). Күтүлбөгөн жерден кылмыштуулукка, кырсыкка же ооруга кабылып, көңүл кайттыкка учурашыбыз мүмкүн. Ыйык Китепте: «Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөктү кыйнайт»,— деп да айтылат (Накыл сөздөр 13:12). Кандайдыр бир жакшы нерсени самап күтүү бизди кубанычка бөлөйт, бирок ал көпкө чейин жүзөгө ашпаса, ындыныбыз өчүшү ыктымал. Маселен, Данкан * миссионердик кызматты жогору баалап, ага бүт жүрөгүн арначу. Бирок бир топ жыл кызмат кылгандан кийин аялы экөөнө үйүнө кайтууга туура келген. «Өмүрүмдө биринчи жолу эмне кыларымды билбей калдым,— деп эскерет ал.— Эч кандай максатым жок болуп, бардыгы маанисин жоготкондой сезилди». Көңүл кайттык менен коштолуучу кайгы узакка созулушу да ыктымал. Клара менен ушундай болгон. Ал мындай дейт: «Балам жети айлык кезинде боюман түшүп калды. Бул бир нече жыл мурун болсо да, балдардын сахнадан сүйлөп чыкканын көргөнүмдө: „Балам аман болсо, ал да ушунчага чыгып калмак да“,— деп ойлой берем».

Ошондой эле кимдир бирөө ишенимибизди актабаганда, алсак, бирөө менен сүйлөшүп жүрүп, сүйлөшпөй калганда, нике түйүнү бузулганда, балдар ээнбаш чыкканда, жоро-жолдошубуз сатып кеткенде же досубуз кылган жакшылыгыбызды баалабаганда көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Ооба, биз жеткилеңсиз адамдардын арасында, оор учурда жашап жаткандыктан, көңүл кайттыкка учураткан себептер арбын.

Жолубуз болбой калганда да көңүлүбүз чөгөт. Мисалы, экзаменден кулаганда, жумушка орношо албай калганда же сүйгөн адамга жетпей калганда өзүбүздү эч нерсеге жараксыздай сезишибиз мүмкүн. Жакыныбыз рухий жактан алсыраганда да көңүлүбүз чөгүп, өзүбүзгө нааразы болушубуз ыктымал. Мария мындай дейт: «Кызым чындык жолунда бекем жүргөндөй сезилген. Мен болсо ага жакшы үлгү көрсөтүп жатам деп ойлогом. Бирок ал Жахаба Кудайды таштап, үйбүлөдөгү баалуулуктарды барк албай койгондо, жасаган аракетимдин баары текке кеткендей сезилип, өзүмдү күнөөлөгөм. Жашоонун башка жактарынан жеткен ийгиликтеримдин бири да анын ордун толтура албагансып сезилгендиктен, чөгүп кеткем».

Мындай көңүл чөгөттүк менен кантип күрөшө алабыз? Бул суроого жооп алыш үчүн Жахабанын үлгүсүнө назар салалы.

Көңүлдү көйгөйгө эмес, анын чечилишине буруу

Жахаба Кудай алгачкы түгөйгө сүйүү менен кам көрүп, эч нерседен кем кылбаса да, алар ыраазы болгондун ордуна, ага каршы козголоң чыгарышкан (Башталыш 2, 3-бөлүмдөр). Алардын баласы Кабылдын ою бузулуп, Жахабанын эскертүүсүнө кулак какпай, уялаш биртууганын өлтүрүп салган (Башталыш 4:1—8). Ошондо Жахабанын жүрөгү кандай ооруганын элестетсең.

Бирок бул эмне үчүн Кудайды кубанычынан айрылткан эмес? Себеби ал жер бетинде жеткилең адамдардын жашашын ниет кылган жана ошол ниетине ылайык иш кыла берген (Жакан 5:17). Ушул максатта ал куткаруу курмандыгын берип, Падышалыгын негиздеген (Матай 6:9, 10; Римдиктерге 5:18, 19). Ошентип, Жахаба Кудай көңүлүн көйгөйгө эмес, анын чечилишине бурган.

Кудай Сөзү бизди өткөн ишке кейий бербей, жагдайга оң көзкараш менен кароого үндөйт. Анда: «Эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне адептүүлүккө жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, ошол жөнүндө ойлогула»,— деп айтылат (Филипиликтерге 4:8).

Көңүл кайттыкка туура көзкарашта болуу

Кээде кайсы бир окуялардан улам жашообузда чукул өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн. Мисалы, күтүлбөгөн жерден жумушубуздан, өмүрлүк жарыбыздан же сыймыктуу жоопкерчиликтерибизден айрылып калышыбыз ыктымал. Ошондой эле денсоолугубуздан ажырашыбыз, үйсүз калышыбыз же досторубузду жоготушубуз этимал. Мындай кыйынчылыктарды кантип көтөрүп кетүүгө болот?

Андайда айрымдар биринчи кезекте эмнелерди кылуу керектигин аныктап алуу пайдалуу экенин байкашкан. Жогоруда айтылып өткөн Данкан мындай дейт: «Жубайым экөөбүз эми эч качан мурдагыдай кызмат кыла албаарыбызды түшүнгөндө, көңүлүбүз чөктү. Бара-бара биз негизги эки максатты көздөөнү — апабызга кам көрүүнү жана колдон келишинче толук убакыттагы кызматты улантууну — чечтик. Кандайдыр бир чечим чыгарууга туура келгенде, анын койгон максаттарыбызга кандай таасир этерин эске алабыз. Ошондо баары анык болуп калат».

Көбүбүз көңүлүбүз чөгүп турганда көйгөйдү күчөтүп жиберүүгө жакынбыз. Маселен, бала тарбиялоодо, кайсы бир ишти аткарууга зарыл талаптарга жооп берүүдө же чет тилдеги аймакта кабар айтууда кылган аракетибиз биз күткөндөй натыйжа бербей калса, өзүбүздү эч нерсеге жараксыздай сезишибиз ыктымал. Адамзат тарыхынын башталышында болгон окуя Кудайды капа кылса да, бул анын ойлогонун ишке ашыра албаарын билдирген эмес. Анын сыңарындай, жумшаган күч-аракетибиз алгач натыйжа бербесе эле, бул колубуздан эч нерсе келбейт дегенди билдирбейт (Мыйзам 32:4, 5).

Башкалар көңүлүбүздү калтырганда оңой эле ачууланышыбыз мүмкүн. Бирок Жахаба андай кылбайт. Дөөт падыша бир аял менен ойноштук кылып, анын күйөөсүн өлтүртүшү менен Жахабаны капаланткан. Ошентсе да Кудай Дөөттүн чын жүрөктөн өкүнгөнүн көргөн жана аны кызматчысы катары колдоно берген. Ишенимдүү падыша Жошапат да Кудайдын душмандары менен келишим түзүп, чоң жаңылыштык кетирген. Жахабанын пайгамбары ага: «Ушундай кылганың үчүн Теңир сага каарданып жатат. Бирок сенин жакшы иштериң да бар»,— деген (2 Жылнаама 19:2, 3). Жахаба Жошапаттын кетирген бир эле катасы үчүн аны чыккынчы деп эсептеген эмес. Ошо сыяктуу эле, биз досторубуздун кетирген каталарын жүрөгүбүзгө жакын алып, таарына бербесек, достугубузду жоготпойбуз. Анын үстүнө, көңүлүбүздү калтырган досторубуздун көп жакшы сапаттары бар болушу мүмкүн (Колосалыктарга 3:13).

Ийгиликке жетүүдө көңүл кайттыкка кабыларыбыз турган иш. Күнөө кетирип алганда өзүбүзгө аябай нааразы болоттурбуз. Бирок тийиштүү түрдө чечкиндүү иш-аракет кылуу менен алга умтула берсек, рухий жактан бутубузга туруп кете алабыз. Дөөт падыша өзүнө абдан нааразы болуп, жандүйнөсү кыйналганда мындай деп жазган: «Ар күнү кыйнала берип, денем алсырап калды... Бирок мен Сага [Жахабага] күнөөмдү ачык айттым... Сен мени күнөөмдүн айыптоосунан куткардың» (Забур 31:3—5). Эгер биз Кудайдын алдында туура эмес иш кылып алганыбызды түшүнсөк, андан кечирим сурап, жүрүм-турумубузду оңдошубуз жана мындан ары Кудайдын кеңештерине бек карманууга чечкиндүү болушубуз керек (1 Жакан 2:1, 2).

Көңүл кайттыкка кантип алдырбоо керек?

Ким эле болбосун, көңүл кайттыктын кайсы бир түрүнө кабылат. Анда буга өзүбүздү кантип даярдасак болот? Жашоосун толугу менен өзгөрткөн кыйынчылыкты башынан кечирген Бруно аттуу Ыйсанын улгайган жолдоочусу мындай деп ой бөлүшөт: «Мага көңүл чөгөттүк менен күрөшүүгө мурдагыдай эле Кудай менен болгон мамилемди бекемдөөгө умтулганым чоң жардам болду. Кудайдын бул каардуу дүйнөнү эмне үчүн азыркыга чейин жок кылбаганын билчүмүн. Көп жыл аралыгында Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө алдым. Ушундай кылганыма азыр абдан кубанам. Кудайдын дайыма мени менен болуп, көңүл чөгөттүк менен күрөшүүгө жардам берип жатканын билүүдөн жубатуу алчумун».

Келечек жөнүндө ой жүгүрткөндө бир нерседен шектенбесек болот: өзүбүзгө нааразы болсок да, башкалар көңүлүбүздү чөктүрсө да, Кудай эч качан көңүлүбүздү калтырбайт. Себеби Жахаба өзү айткандай, анын ысмынын мааниси «Мен ким болууну кааласам, ошол болом» дегенди билдирет (Чыгуу 3:14, «ЖД»). Бул анын убадаларын аткаруу үчүн ким болуу керек болсо, ошол боло аларына бекем ишенүүгө негиз берет. Ал өзүнүн эркин Падышалыгы аркылуу «асмандагыдай эле, жерде да» аткарарын убадалаган. Мына ошондуктан Пабыл мындай деп жазган: «Кудайдын... Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да... жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин» (Матай 6:10; Римдиктерге 8:38, 39).

Кудайдын Ышайа пайгамбар аркылуу: «Мен жаңы асманды жана жаңы жерди жаратып жатам, мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт»,— деген сөздөрү сөзсүз аткарыларына ишенсек болот (Ышайа 65:17). Ооба, бизди көңүл кайттык эске да келбей турган кандай сонун келечек күтүүдө!

[Шилтеме]

^ 5-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[11-беттеги сүрөт]

Күч-аракетибиз алгач натыйжа бербесе эле, бул колубуздан эч нерсе келбейт дегенди билдирбейт

[12-беттеги сүрөт]

Кудай Сөзү бизди өткөн ишке кейий бербей, жагдайга оң көзкараш менен кароого үндөйт

[13-беттеги сүрөт]

Адамдар капа кылса да, Кудай кубанычын жоготкон эмес, себеби ой-ниетинин орундаларын билген

[14-беттеги сүрөт]

Рухий максаттарды коюу көңүл чөгөттүк менен күрөшүүгө жардам берет