Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыныгы Кудай жөнүндө

Чыныгы Кудай жөнүндө

Ыйсадан эмнеге үйрөнсөк болот?

Чыныгы Кудай жөнүндө

Кудайдын ысмы барбы?

Ыйса адамдарды Кудайдын ысмы бар экенине окуткан. Ал: «Силер болсо мындай сыйынгыла: „Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун“»,— деген (Матай 6:9). Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, Кудайдын ысмы — Жахаба (Забур 82:19). Ыйса өзүнүн жолдоочулары тууралуу Атасына тиленип жатып: «Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим»,— деген (Жакан 17:26).

Жахаба деген ким?

Ыйса Жахабаны «жалгыз чыныгы Кудай» деп атаган, себеби Ал — бардыгынын Жаратуучусу (Жакан 17:3). Ыйса: «Жаратуучу эң башында эле адамдарды эркек-аял кылып жаратканын окуган жок белеңер?» — деген (Матай 19:4). Ошондой эле ал Кудайдын Рух экенин айткан (Жакан 4:24). Андыктан биз Кудайды көрө албайбыз (Чыгуу 33:17—20).

Кудай бизден эмнени күтөт?

Бир киши Ыйсадан эң маанилүү осуят кайсы экенин сураганда, ал мындай деп жооп берген: «Эң биринчи осуят бул: „Кулак сал, Ысрайыл! Биздин Кудай-Теңирибиз — жалгыз Теңир. Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, бүт жан-дилиң менен, бүт түшүнүгүң менен жана бардык күч-кубатың менен сүй!“». Ал эми экинчи осуят бул: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» (Марк 12:28—31).

Кудайды сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

Ыйса: «Мен Атамды сүйөм»,— деп айткан. Ал Атасына болгон сүйүүсүн кантип көрсөткөн? «Атам Мага эмнени осуят кылган болсо, Мен ошону аткарам»,— деген ал (Жакан 14:31). Ошондой эле: «Мен ар дайым Ага жакканды кылам»,— деген (Жакан 8:29). Кудай жөнүндө билүүгө умтулганыбыз Ага жагат. Өзүнүн жолдоочулары тууралуу тиленип жатып, Ыйса: «Ал түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени... таануу»,— деп айткан (Жакан 17:3; 1 Тиметейге 2:4).

Канткенде Кудай жөнүндө биле алабыз?

Кудай жөнүндө билүүнүн бир жолу — жараткан нерселерине байкоо салуу. Мисалы, Ыйса мындай деген: «Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар!». Муну менен Ыйса эмнени айткысы келген? Материалдык муктаждыктарыбыз жөнүндө тынчсыздана берип, Кудайга кызмат кылбай калбашыбыз керек (Матай 6:26—33).

Жахаба жөнүндө билүүнүн эң жакшы жолу — Анын Сөзүн, Ыйык Китепти, изилдөө. Ыйса Ыйык Жазманы «Кудай сөзү» деп атаган (Лука 8:21). Ошондой эле Кудайга: «Сенин сөзүң — чындык»,— деген (Жакан 17:17; 2 Петир 1:20, 21).

Ыйса адамдарга Жахаба жөнүндөгү чындыкты билүүгө жардам берген. Окуучуларынын бири Ыйса тууралуу мындай деген: «Ал жолдо бизге сүйлөп келе жатканда, бизге Ыйык Жазууну түшүндүрүп берип жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле?» (Лука 24:32). Кудай жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн биз момун болуп, үйрөнүүгө даяр болушубуз зарыл. Ыйса: «Жолуңардан кайтып, кичинекей балдардай болбосоңор, Асман Падышачылыгына кирбейсиңер»,— деп айткан (Матай 18:3).

Кудай жөнүндөгү билим эмне үчүн бакыт тартуулайт?

Биз жашоонун маңызын табууну каалайбыз. Ал эми Кудай бизге бул жагынан жардам бере алат. Ыйса мындай деген: «Рухий муктаждыктарын сезгендер бактылуу» (Матай 5:3, «ЖД»). Жахаба бизди эң туура жашоо өткөрүүгө үйрөтөт. «Кудай сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деген Ыйса (Лука 11:28; Ышайа 11:9).

[17-беттеги сүрөт]

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» * китебинин 1-бөлүмүн карагыла

[Шилтеме]

^ 18-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

[16-беттеги сүрөт]

«Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим» (Жакан 17:26)

Биз Жахаба жөнүндө анын жаратууларынан жана Ыйык Китептен биле алабыз