Кудай Нухка ырайым кылган бул бизди эмне үчүн кызыктырышы керек?
Кудай Нухка ырайым кылган бул бизди эмне үчүн кызыктырышы керек?
КӨБҮБҮЗДҮН эле маанилүү кабар уккан учурларыбыз болгон. Ошол маалда кайсы жерде болгонубуз, эмне кылып жатканыбыз эле эмес, ал кабарды укканда кандай сезимде болгонубуз да эсибизде. Нух үчүн Жахаба Кудайдан, ааламдын Эгедеринен, кабар алган күн унутулгус болуп калганы шексиз. Ооба, ал кабардын мааниси зор эле: Жахаба «ар бир жанды» жок кыларын айткан. Анан Нухка өзүн, үйбүлөсүн жана жаныбарлардын бардык түрүн сактап калуу үчүн абдан чоң кеме курууну тапшырган (Башталыш 6:9—21).
Нух буга кандай жооп кайтарган? Бул кабарды укканда ал кубанды беле же нааразы болгонбу? Ал үйбүлөсүнө ошол кабарды кантип айтып берген? Ыйык Китепте ал тууралуу айтылбайт. Бирок анда: «Нух бардыгын жасады: Кудай кандай буйруса, ал так ошондой жасады»,— делет (Башталыш 6:22).
Бул аяттагы сөздөр маанилүү, анткени алар Нухтун эмне себептен Кудайдын алдында ырайым тапканын түшүнүүгө жардам берет. Кудай эмнени тапшырбасын, баарын аткарууга даяр болгондуктан Нух анын ырайымына ээ болгон (Башталыш 6:8). Кудай ага дагы эмнеден улам ырайым кылган? Бул суроого жооп алганыбыз маанилүү, себеби биз Кудай жерди кайрадан ыймансыздардан тазалаганда аман калышыбыз үчүн, Нухтан үлгү алышыбыз керек. Келгиле анда, адегенде Топон сууга чейин Нухтун күндөрүндө жашоо кандай болгонун карап чыгалы.
Жин-перилердин жерге келиши
Нух адамзат тарыхынын башталышында жашаган. Ал биринчи адам жаратылгандан болжол менен миң жыл өткөндөн кийин төрөлгөн. Адамдар ал убакта, көптөр элестеткендей, жапайы, түктүү, бүкүрөйгөн, колдоруна союл кармаган аңкоо жаратуулар болушкан эмес. Ал учурда темирден, жезден ширетилип жасалган куралдар бар болчу. Кыязы, Нух кеме курууда аларды колдонсо керек. Ошондой эле музыкалык аспаптар да бар эле. Адамдар үйлөнүп-жайланып, балдарын чоңойтушкан жана дыйканчылык кылып, мал багышкан, соода-сатык иштерин да жүргүзүшкөн. Бул жагынан алганда, ал учурдагы жашоо азыркыга эле окшош болгон (Башталыш 4:20—22; Лука 17:26—28).
* (Башталыш 5:5, 27; 9:29).
Бирок айрым нерселер азыркыдан кыйла айырмаланчу. Алсак, адамдар бир топ узак жашашкан. Ал убакта 800 жылдан узак жашоо таң калыштуу деле эмес болчу. Мисалы, Нух — 950 жыл, Адам — 930 жыл, ал эми Нухтун чоңатасы Матушал 969 жыл жашаганДагы бир айырмачылыгы Башталыш 6:1, 2-аяттарда мындайча баяндалган: «Жер бетинде адамдар көбөйө баштаганда, алардан кыздар төрөлдү. Кудайдын уулдары адамдардын кыздары чырайлуу экенин көрүп, ар бири өзүнүн тандаганын аялдыкка ала баштады». Бул аяттарда айтылган «Кудайдын уулдары» жерде жашоо үчүн адам кейпин кийип асмандан түшкөн периштелер эле. Алар Кудайдын буйругу боюнча да, адамзаттын пайдасы үчүн да келген эмес. Тескерисинче, алар жердеги сулуу аялдар менен жыныстык мамиледе болууну көздөп, асмандагы «өздөрүнүн жайын таштап кетишкен». Ошентип, алар жин-перилер болуп калышкан (Жүйүт 6).
Күчү жана акыл-эси жагынан адамдардан алда канча жогору турган, козголоңчул, бузуку жин-перилер адамзатка абдан жаман таасир тийгизишкен. Сыягы, алар адамзат коомун башкарып, аларга үстөмдүк кылышкан. Жаман иштерин түн жамынып жашыруун кылган кылмыштуу топтун башчысынан айырмаланып, ал жин-перилер Кудайдын иш-чараларына каршы ачык эле козголоң чыгарышкан.
Кудайдын ал уулдары аялдар менен жыныстык катнашта болушкан жана алардан төрөлгөн балдар адаттан тыш күчкө ээ болуп чоңоюшкан. Аларды эврей тилинде «нефилимдер» деп аташчу. «Ошол кезде жер бетинде алп адамдар [нефилимдер] болгон,— делет Ыйык Жазмада.— Кудайдын уулдары адамдардын кыздарына жакындашканда, алар төрөп, алп адамдар көбөйгөн. Алар байыртадан эле күчтүү, атактуу адамдар болушкан» (Башталыш 6:4). Нефилимдер адамдын жүрөгүнүн үшүн алган алптар болгон. «Нефилим» деген сөз «кулатуучулар», башкача айтканда, башкаларды кулаткандар деген маанини туюнтат. Алар ырайымсыз киши өлтүргүчтөр эле. Алардын зөөкүрдүк менен жасаган жорук-жосундары байыркы уламыш, жомоктордо да айтылып келет.
Адил адамдардын азап тартышы
Ыйык Китепте ошол муундун чектен чыга бузулганы сүрөттөлөт. Анда «адамдардын абдан бузулганы», «алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык» болгону, жер бети «жаман иштерге толуп... ар бир жандын терс жолго түшкөнү» айтылат (Башталыш 6:5, 11, 12).
Нух мына ушундай кишилердин арасында жашаган. Айланасындагылардан айырмаланып, Нух «Кудайдын алдында түз жүргөн», адил киши эле (Башталыш 6:9). Албетте, адил адамга адилетсиздердин арасында жашоо оңой эмес. Нух адамдардын сөздөрүнөн, кылган иштеринен улам кыйналып, зээни кейисе керек. Ал өзүн Топон суудан кийин жашаган адил Лоттой сезгендир. Содомдун бузулган тургундарынын арасында жашаган Лот «алардын бузулган жашоосун, мыйзамсыз иштерин угуп-көрүп, күн сайын жаны кыйналган» (2 Петир 2:7, 8). Ооба, Нух жөнүндө да ушуну айтууга болот.
Төбө чачты тик тургузган жаңылыктар же тегеректеги адамдардын бузуку жүрүм-туруму сени да капалантабы? Ошондой болсо, Нухтун кандай сезимде болгонун жакшы түшүнсөң керек. Ага 600 жыл бою ыймансыздардын арасында жашоо кандай кыйын болгонун элестетип көрсөң! Топон суу башталганда ал ошончо жашта эле. Нух куткарылууну чыдамсыздык менен күтсө керек! (Нух көпчүлүктүн пикиринен корккон эмес
Нух «өз замандаштарынын ичинен... кемчиликсиз» болгон (Башталыш 6:9). Ыйык Китепте анын замандаштарынын көзкарашы боюнча эмес, алардын ичинен кемчиликсиз болгон деп сыпатталганына көңүл бурсаңар. Башкача айтканда, Нух Кудайдын көз алдында кемчиликсиз болгон, ал эми Топон сууга чейин жашагандар аны кызыктай киши деп эсептешкен. Биз анын көпчүлүктүн оюна кошулбаганына, Кудайга жакпаган көңүл ачуулар менен шаан-шөкөттөргө катышпаганына шектенбесек болот. Ал кеме кура баштаганда, эл ага кандай караганын ойлоп көрсөң. Алар аны шылдыңдап күлүп, мазакташса керек. Алар Нухтун айткандарына маани беришкен эмес.
Андан тышкары, Нух Кудайга бекем ишенген жана башкалардын алдында ишенимин көрсөтүүдөн тартынган эмес. Ыйык Китепте анын «адилдиктин кабарчысы» болгону айтылат (2 Петир 2:5, «ЖД»). Нух каршылыктарга кабыларын билген. Анын чоңатасынын атасы Энох адил киши болгон жана Кудайдын ыймансыз дүйнөнү соттоорун алдын ала айткан. Албетте, мунун аркасында Энох каршылыктарга дуушар болгон, бирок Кудай каршылаштарына аны өлтүрүүгө жол берген эмес (Башталыш 5:18, 21—24; Эврейлерге 11:5; 12:1; Жүйүт 14, 15). Шайтан, жин-перилер, нефилимдер жана элдин көбү Нухтун кабарын четке кагып, ага каршылык көрсөтүшкөн. Ошондуктан Нух кайраттуу болушу жана Жахабанын аны куткара аларына бекем ишениши керек эле.
Кудайга кызмат кылгандар дайыма каршылыктарга кабылып келишет. Атүгүл Ыйса Машайак да жек көрүндү болгон жана аны жолдогондор да ошондой мамилеге кабылышкан (Матай 10:22; Жакан 15:18). Көпчүлүк Кудайга кызмат кылууну каалабаса да, Нух кайраттуулук менен кызматын уланта берген. Ал Кудайга каршы чыккандарга жагууга караганда, Кудайдын жактыруусуна ээ болуу алда канча маанилүү экенин түшүнгөн жана Кудайдын алдында ырайым тапкан.
Нух олуттуу көңүл бурган
Жогоруда айтылып өткөндөй, Нух башкаларга тайманбастык менен кабар айта берген. Замандаштары анын кабарын кандай кабыл алышкан? Ыйык Китепте: «Топон сууга чейин, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин ойлонушкан эмес»,— деп айтылат. Ооба, алар эскертүүгө кулак кагышкан эмес (Матай 24:38, 39).
Ыйса биздин күндө да ошондой болорун айткан. Жахабанын Күбөлөрү жүз жылдан ашуун убактан бери Анын адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөнү орнотуу жөнүндөгү убадасын аткаруу үчүн чечкиндүү иш-аракет кыларын жар салып келишет. Алардын кабарын миллиондогондор кабыл алганы менен, миллиарддагандар ага маани бербей келишет. Алар билип туруп, Топон суунун чынында эле болгон маанилүү тарыхый окуя экенин четке кагууда (2 Петир 3:5, 13).
Бирок Нух буга олуттуу көңүл буруп, Жахаба Кудайдын айткандарына ишенген. Ошентип, ал тилалчаактыгынан улам куткарылган. Элчи Пабыл: «Ишеними аркылуу Нух пайгамбар али көрүнө элек нерсе жөнүндө аян алып, өз үй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн, Кудайдан коркуу менен кеме курган»,— деп жазган (Эврейлерге 11:7).
Биз үчүн мыкты үлгү
Нух курган кеме абдан чоң, футбол талаасынан узунураак, үч кабаттуу үйдөн бийик болгон. Ал жыгачтан жасалган кемелердин эң чоңу деп эсептелген «Вайоминг» кемесинен 30 метрге узунураак болгон. Албетте, Нухтун кемеси кадимки кеме болгон эмес, ал тек гана суу үстүндө калкып турушу керек эле. Ошентсе да аны куруу үчүн эң мыкты куруу ыкмалары талап кылынган. Кеменин ичи-тышы чайыр менен капталууга тийиш эле. Аны курууга, сыягы, 50 жылдан ашык убакыт кеткен (Башталыш 6:14—16).
Ал эле эмес, Нух үйбүлөсүнө жана жаныбарларга бир жылга жеткидей азык камдаган. Топон суу башталганга чейин жаныбарларды чогултуп, кемеге киргизүү керек болгон. «Теңир эмнени буйруса, Нух ошонун бардыгын жасаган». Бардыгы даяр болуп, Жахаба кеменин эшигин жапканда, Нух абдан жеңилдей түшсө керек! (Башталыш 6:19—21; 7:5, 16).
Анан Топон суу башталган. Жаан кырк күн, кырк түн нөшөрлөп жааган. Кемедегилердин баары, суу тартылгыча, бир жыл бою кемеде болушкан (Башталыш 7:11, 12; 8:13—16). Жер тазаланып, мыйзамсыздардын баары жок кылынган. Бир гана Нух менен анын үйбүлөсү аман калган.
Ыйык Китепте айтылгандай, Топон суу жөнүндөгү билдирүү келечекте эмне болорун көрсөтүп турат. Кандайча? «Азыркы асман менен жер от үчүн сакталып турат,— делет Кудай Сөзүндө.— Сот боло турган күнгө, кудайсыздар жок боло турган күнгө чейин сакталат». Бирок, Нухтун күндөрүндөгүдөй эле, аман калгандар да болот. Ыйык Жазма бизди Жахабанын ага берилгендерди сыноодон кантип куткарууну билерине ынандырат (2 Петир 2:5, 6, 9; 3:7).
Нух Кудайга берилген, ыймансыздардын арасында адил жашоо өткөргөн киши болгон. Ал Кудайга толугу менен баш ийген. Кудайга кызмат кылууну каалабагандар тарабынан жек көрүндү болорун билсе да, эржүрөктүк менен туура иш кыла берген. Бул жагынан Нухтан үлгү алуу менен биз Кудайдын ырайымына ээ болобуз жана куткарылып, жакында келе турган жаңы дүйнөдө жашай алабыз (Забур 36:9, 10).
[Шилтеме]
^ 7-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2007-жылдын октябрь— декабрындагы санынын 30-бетиндеги «Алар чынында эле узак жашаганбы?» деген макаланы карагыла.
[5-беттеги сүрөт]
Нефилимдердин зөөкүрдүк менен жасаган жорук-жосундары байыркы уламыштарда айтылып келет
[5-беттеги сүрөт]
Alinari/Art Resource, NY
[7-беттеги сүрөт]
Нухтукундай ишеним көрсөтүү менен Кудайдын ырайымына ээ болобуз