Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ачууга алдырган биртууган

Ачууга алдырган биртууган

Жаш окурмандарыбыз үчүн

Ачууга алдырган биртууган

Көрсөтмө: Бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет. Андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканын элестетүү менен билдирүүнү жандандырууга аракет кыл.

ОКУЯНЫ ТАЛДА. ОКУ: БАШТАЛЫШ 4:1—12.

Сенин оюң боюнча, Кабылдын сырткы көрүнүшү менен мүнөзү кандай болгон? Абылдыкычы?

․․․․․

Кабыл «күнөөкөр дененин иштерине» кирген кайсы сапаттарды чагылдырган жана муну кайдан билебиз? (Галатиялыктар 5:19—21)

․․․․․

ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ. 4—7-АЯТТАРДЫ КАЙРА ОКУ.

Жахабанын тартууну кабыл алганы же кабыл албаганы тартуунун өзүнө эле байланыштуу болгонбу? (Накыл сөздөр 21:2)

․․․․․

Кайсы учурларда ачууланууну актоого болот? Бирок Кабылдын ачууланганы эмне үчүн таптакыр туура эмес эле?

․․․․․

Кайсы учурда «кызганчаактык көрсөтүү» орундуу? Эмне себептен Кабылдын кызганганы орунсуз болчу? (1 Падышалар 19:10)

․․․․․

Ачуусуна «үстөмдүк кылуу» үчүн Кабыл эмне кылса болмок?

․․․․․

БИЛГЕНДЕРИҢДИ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨР ТУУРАЛУУ ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.

Ачууга алдыруу.

․․․․․

Кызганчаактык.

․․․․․

Жаман сапаттарга «үстөмдүк кылууга» эмне жардам берет?

․․․․․

БУЛ БИЛДИРҮҮДӨН ӨЗҮҢӨ КАНДАЙ ПАЙДА АЛДЫҢ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?

․․․․․