Кайгырып жаткан балаңарга жардам бергиле
Кайгырып жаткан балаңарга жардам бергиле
КИШИ үзүлбөгөн китеп дүкөнгө кирген бир эне ачуусу келип, сатуучуга: «Дүкөнүңөр китепке жык толгону менен, балама жардам берерлик эч нерсе жок экен!» — деп нааразы болгон. Күтүлбөгөн жерден жакын адамынан айрылышкандыктан, ал кичинекей баласына жардам берүү үчүн кеңеш издеп жүргөн болчу.
Эненин тынчсыздануусу негиздүү эле. Анткени камкор үйбүлөсүнүн курчоосунда бейкапар жашап жаткан бала сүйүктүү адамын шум ажал алып кеткенин билгенде аябай кыйналат. Андыктан жакыныңар каза болгондо же өлүм алдында жатканда, балаңарга кантип жардам берсеңер болот?
Албетте, жакыныңардан айрылганда өзүңөр да ар кандай сезимдер менен күрөшүп, бушайман болушуңар, күйүт тартып кыйналышыңар мүмкүн. Ошентсе да балаңар силердин колдоо көрсөтүшүңөргө муктаж экенин унутпагыла. Миннесотадагы (АКШ) бир оорукана тарабынан чыгарылган басылмада: «Балдар башкалардын сөздөрүн чала-бучук угуп калышат да, өздөрүнчө ой жүгүртүп, уккандарын көп учурда туура эмес түшүнүп алышат»,— деп жазылган. Андан ары: «Балдарга чындыкты айтуу керек»,— деп кошумчаланган. Ошондуктан балага курагына жараша чындыкты түшүндүрүп берүү жакшыдыр. Бирок балдардын түшүнүгү бири-бириникинен кыйла айырмалангандыктан, бул оңойго турбашы мүмкүн (1 Корунттуктар 13:11).
Өлүм эмне экенин кантип түшүндүрүүгө болот?
Айрым адистердин айтымында, ата-энелер баласы менен өлүм жөнүндө сүйлөшкөндө «уктап жатат», «андан айрылдык» же «алыска кетти» деген сөздөрдү колдонууда этият болушу керек. Анткени андай сөздөрдү түшүндүрүп бербесе, баланын башы маң болушу мүмкүн. Бир жолу Исанын: «Досубуз Лазар уктап калды» — деп, өлүмдү уйкуга салыштырганы чын. Бирок анын бул сөздөрдү кичинекей балдарга айтпаганын эске алуу керек. Шакирттери чоң эле кишилер болушса да, алар Лазардын чын эле уктап калганы жөнүндө сөз жүрүп жатат деп ойлоп алышкан. Ошондуктан Иса такташ үчүн аларга: «Лазар өлүп калды»,— деп айткан (Жакан 11:11—14). Эгер чоң кишилерге айрым нерселерди айкын түшүндүрүп берүү керек болсо, анда балдар буга ого бетер муктаж эмеспи?
Жазуучулар Мэри-Энн Эмсвилер жана Жеймс П. Эмсвилер: «Баласына өлүм деген эмне экенин түшүндүрүп жатканда эне жылмалап сүйлөгөнгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок мунун айынан бала мурун оюна да келбеген нерселерди ойлой башташы ыктымал. Бул коркунучтуу жана зыяндуу»,— деп белгилешет. Мисалы, балага каза болгон жакын адамын «уктап калды» деп эле койсо, ал: «Кечинде уктап калсам, мен да кайра ойгонбой калат турбаймынбы»,— деп коркушу мүмкүн. Же ага өлгөн жакынын «алыска кетти» десе, ал өзүн четке кагылгандай же ташталгандай сезиши ыктымал.
Көптөгөн ата-энелер өлүм эмне экенин түшүндүрүп жатканда балдарынын абстрактуу түшүнүктөргө же жымсалдап айтылган сөздөргө караганда жөнөкөй, ачык айтылган сөздөрдү оңоюраак түшүнөрүн байкашкан (1 Корунттуктар 14:9). Адистер балаңарды тынчсыздануулары менен бөлүшүүгө жана суроо берүүгө үндөөнү кеңеш кылышат. Балаңар менен бат-баттан сүйлөшүп турсаңар, кандай туура эмес ойлору бар экенин жана ага дагы кантип жардам берсе болорун биле аласыңар.
Туура жетекчилик камтылган булак
Кайгырып жүргөн кезинде бала силердин жетекчилигиңерге, колдоо көрсөтүшүңөргө жана суроолоруна жооп беришиңерге муктаж. Өлүмгө байланыштуу туура маалыматты кайдан табууга болот? Көптөр Ыйык Китептин чындап сооротуп, үмүт берерине ынанышты. Ал китепте өлүмдүн кандайча пайда болгону, өлгөндөрдүн абалы жана алар үчүн кандай үмүт бар экени айкын-так түшүндүрүлөт. Өлгөндөрдүн «эч нерсе билбей» турганы жөнүндөгү чындык балаңарга каза болгон жакын адамынын эч жерде кыйналбаганын түшүнгөнгө жардам берет (Насаатчы 9:5). Андан тышкары, Ыйык Китепте бейишке айланган жер бетинде өлгөн сүйүктүү жакындарыбызды кайрадан көрөрүбүз жөнүндөгү Кудайдын убадасы камтылат (Жакан 5:28, 29).
Балаңар менен сүйлөшкөндө Ыйык Жазманы колдонсоңор, ага оор жагдайларда ал китептен туура жетекчилик, соороторлук ойлорду тапса болорун түшүнүүгө жардам бересиңер. Ошол эле учурда ал силердин ата-эне катары жашоодогу маанилүү маселелерде жетекчиликти дайыма Кудайдын Сөзүнөн издей турганыңарды байкайт (Накыл сөздөр 22:6; 2 Тиметей 3:15).
Көптөрдү тынчсыздандырган суроолор
Оор жоготууга учураганда балаңарга кантип жардам берүүнү билбей кыйналышыңар мүмкүн. Мындайда эмне кылсаңар болот? * Ушундай учурларда пайда болчу суроолордун айрымдарына токтолуп өтөлү.
• Күйүт тартып жатканымды баламан жашырышым керекпи? Балаңарды аяганыңар — табигый нерсе. Андыктан күйүт тартып жатканыңарды ага көрсөткөнүңөр туура эмес болуп калабы? Көптөгөн ата-энелер кайгысын жашырбай, баласына күйүт тартуу табигый нерсе экенин көрсөтүү оң натыйжа берерин байкашты. Кээ бирөөлөр балдары менен чогуу Ыйык Китептин негизинде талкуу жүргүзүп, кайгысын башкалардан жашырбаган каармандар жөнүндө сүйлөшүшөт. Мисалы, жакын досу Лазар өлгөндө, Иса көзүнө жаш алган; ал сезимдерин жашырган эмес (Жакан 11:35).
• Кичинекей балам мүрзөгө барышы же сөөк коюуда аткарылчу каада-салттарга катышышы керекпи? Эгер балаңар мүрзөгө бара турган болсо же каадаларга катыша турган болсо, андан эмне күтүлөрүн жана андай иштер эмне үчүн аткарыларын ага күн мурун түшүндүрүп берүү зарыл. Албетте, айрым учурларда ата-энелер негиздүү себептерден улам балдарын андай каадалардын баарына Римдиктер 12:10, 15; Жакан 13:34, 35).
же кээ бирлерине катыштырбоону туура көрүшү мүмкүн. Анткен менен Жахабанын Күбөлөрү өткөргөн сөөк коюу каадаларына катышкан балдар Ыйык Китептин негизинде айтылчу баяндамадан пайда ала алышат. Андан сырткары, ал жерге келгендердин «назиктик менен көрсөткөн» сүйүүсү балаңарга да жакшы таасир этип, сооротушу мүмкүн (• Балам менен каза болгон жакыныбыз жөнүндө сүйлөшкөнүм туурабы? Кээ бир адистердин айтымында, балаңар менен бул темада эч сүйлөшпөй койсоңор, ага өлгөн жакыныңар жөнүндө бир нерсе жашырып же аны таптакыр унутууну каалап жатканыңардай сезилип, туура эмес жыйынтыкка келиши мүмкүн. Жазуучу Жулия Раткей: «Балдарга жагымдуу эскерүүлөр менен жашоого жана коркпоого жардам берүү маанилүү»,— деп айтат. Каза болгон адамыңардын жакшы жактары, жашоосунда болгон кубанычтуу окуялары жөнүндө ачык сүйлөшүү кайгырып жүргөнүңөрдө өзүңөргө да, балаңарга да күч-кубат бериши мүмкүн. Жахабанын Күбөлөрү балдарына Ыйык Китептеги үмүт жөнүндө, башкача айтканда, өлгөндөрдүн жер бетиндеги бейиште тирилери жана ал убакта оору, өлүм болбой турганы жөнүндө айтып берип, соорото алышат (Аян 21:4).
• Кайгырып жүргөн балама кантип жардам берсем болот? Кайгыдан улам балаңар алсырап, атүгүл ооруп да калышы мүмкүн. Ал өзүн алсыз, жардамсыз калгандай сезгендиктен кыжырданышы же тынчсызданышы ыктымал. Балаңар өзүн күнөөлүү сезсе, жаныңардан такыр чыкпай калса, кеч келгениңерде же ооруп калганыңарда чочуласа, таң калбагыла. Мындай учурда ага кантип жардам берсеңер болот? Балаңарга анын кыйналып жүргөнүн байкабай жатканыңардай сезилбеши керек. Андыктан сезимтал болуп, анын ал-абалына көңүл буруп тургула. Жакын адамыңардын өлүмү балаңарга катуу таасир эткенин баркка албай койбогула. Аны дайыма сооротуп, суроо берүүгө жана ой-сезимдери менен ачык бөлүшүүгө үндөгүлө. «Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу» балаңардын да, өзүңөрдүн да үмүтүңөрдү бекемдей аласыңар (Римдиктер 15:4).
• Үйбүлөлүк жана башка иштерди аткарууга кайра качан киришишим керек? Адистердин ою боюнча, мүмкүн болушунча, андай иштердин көбүн уланта берген туура. Кээ бирөөлөр пайдалуу иштер менен алектенүү күйүттү көтөрүп кетүүгө чоң жардам берерин айтышат. Жахабанын Күбөлөрүнүн арасындагы көптөгөн ата-энелер рухий иштерди, алардын ичинде Ыйык Китепти үйбүлө менен изилдөөнү, жыйналыш жолугушууларына катышууну үзгүлтүккө учуратпоо үйбүлөнү бекемдеп, жакшы таасир этерин байкашкан (Мыйзам 6:4—9; Эврейлер 10:24, 25).
Албетте, Жахаба Кудай оору менен өлүмдү жок кылганга чейин, балдардын жакындарынан айрылган учурлары болору шексиз (Ышайа 25:8). Бирок сооротуп, бекемдеп туруу менен биз аларга оор жоготууну көтөрүп кетүүгө жардам бере алабыз.
[Шилтеме]
^ 13-абз. Бул макалада айтылгандарды эреже катары кабыл алууга болбойт. Ар кайсы өлкөдөгү жана маданияттагы элдердин каада-салттары, жагдай-шарттары бири-бириникинен кыйла айырмаланарын эске алуу керек.
[25-беттеги сүрөт]
Балаңарды тынчсыздануулары менен бөлүшүүгө, суроо берүүгө үндөгүлө
[26-беттеги сүрөт]
Күндөлүк иштериңерди, анын ичинде үйбүлөлүк изилдөөңөрдү токтотпогула