Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тандаган жолуң каякка алпарат?

Тандаган жолуң каякка алпарат?

Тандаган жолуң каякка алпарат?

ӨМҮР ЖОЛУНДА бизге көптөгөн чечимдерди чыгарууга туура келет. Андыктан кайсы бир жолго түшөрдөн мурун анын каякка алпарарын аныктап билип алганыбыз акылдуулукка жатат. Тилекке каршы, айрымдар туура эмес чечим чыгарып, кийин өкүнүп калышкан. Балким, сенин да: «Аттиң ай, мындай болорун билгенде тигинтпейт белем»,— деп бармагыңды тиштеген учурларың болгон чыгар.

Тажрыйбалуу саякатчы кайсы жолдун каякка алпарарын билүүгө аракет кылат. Ал картаны карайт же жолду жакшы билгендерден сураштырат. Ошондой эле жол белгилерине да көңүл бурат. Ал эми сен эң туура жолду кантип таба аласың? Бир жолу Кудай байыркы ысрайыл эли жөнүндө Муса аркылуу: «Оо, алар бул тууралуу ойлонуп, эмне болорун баамдаса кана!» — деп айткан (Мыйзам 32:29).

Эң жакшы жетекчилик

Өмүр саякатында кайсы жолдун каякка алпарарына байланыштуу шектенүүгө бизде эч кандай негиз жок. Анткени бардыгын көрүп турган Кудай саякатчыларга эң туура жолду тандоого жетекчилик бере алат. Ал адамдардын көп сандаган жолдордо жүргөнүн жана алардын каякка алпарарын көрүп турат. Ыйык Китепте: «Адамдын жолдору Теңирдин көз алдында, Ал анын ар бир кадамын ченеп турат»,— делет (Накыл сөздөр 5:21).

Жахаба аны сүйгөндөргө кам көрөт. Ал өзүнүн Сөзү — Ыйык Китеп — аркылуу аларга эң туура жолду көрсөтөт. Кудай бизге: «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм. Менин көзүм сенин үстүңдө»,— дейт. Андыктан кайсы бир жолго түшөрдөн мурун, байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтүдөй болуп, Жахабадан жетекчилик издегенибиз акылдуулукка жатат. Дөөтү: «Мага жүрө турган жолумду көрсөт»,— деп тиленген (Забур 31:8; 142:8).

Ишеничтүү, тажрыйбалуу саякатчы көрсөткөн жолго түшсөң, өзүңдү ишенимдүү, коопсуз сезип, ал жолдун каякка алпарарын ойлоп тынчсызданбайсың. Дөөтү Жахабадан көрсөтмө, жетекчилик сурап, ал көрсөткөн жол менен жүргөн. Ошондуктан, 22-забурда көркөм сүрөттөлгөндөй, жандүйнө бейкуттугуна ээ болгон. Дөөтү мындай деп жазган: «Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм. Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат. Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат. Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм» (Забур 22:1—4).

Алардын келечеги кандай болот?

Өмүр саякатында жүргөндөрдүн бири — забурчу Асап же анын урпактарынын бири — туура жолдон «тайгаланып кете жаздаганын» айткан. Эмне себептен? Ал мыйзамсыз, зулум адамдардын гүлдөп жатканын көрүп, алардын «жыргал турмушуна» көз арткан. Алар ага жыргап жүргөндөй көрүнгөн. Андан да жаманы, забурчу өзү тандаган адилдик жолунда жүрүүнүн акылдуулукка жатарына шек санай баштаган (Забур 72:2, 3, 6, 12, 13).

Анан забурчу Жахабанын ыйык жайына кирип тиленген да, ыймансыздарды эмне күтүп турганы жөнүндө ой жүгүрткөн. Ал «алардын акыр аягын түшүнгүсү» келип, өзү көз арткандардын келечеги кандай болору тууралуу ойлонгон. Забурчу андай адамдардын «тайгак жолдо» жүргөнүн жана «күтүлбөгөн жерден бүлгүнгө учурай» турганын түшүнгөн. Ал эми забурчунун тандаган жолу жөнүндө эмне айтууга болот? Ал Жахабага: «Анан мени даңкың менен кабыл аласың»,— деген (Забур 72:17—19, 24).

Туура эмес же шектүү жол менен гүлдөп жаткандардын иштеринин кесепеттери жөнүндө ой жүгүртүп, забурчу өзүнүн туура жолдо баратканына ынанган. Ал: «Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы!» — деп тыянак чыгарган. Ооба, Жахаба Кудайга жакындай бергенибиз түбөлүк пайда алып келет (Забур 72:28).

«Басар жолуңду ойлонуп бас»

Биз да ошондой жагдайга кабылышыбыз мүмкүн. Сага азгырыктуу ишкердик келишим түзүү, кызматтан көтөрүлүү же кирешелүү иште шерик болуу сунуш кылынышы ыктымал. Албетте, жаңы башталган ар бир иш тобокелдик менен коштолот. Ошентсе да тандаган жолуңдун каякка алып барары жөнүндө алдын ала ойлонгонуң дурус. Кесепеттери кандай болушу мүмкүн? Сенден үйбүлөңдү калтырып, алыска кетүү талап кылынбайбы? Андайда өмүрлүк жарыңа же өзүңө кыйынчылык туулбайбы? Сага чогуу иштегендер же мейманканалардагы жана башка жайлардагы кишилер терс таасирин тийгизбейби? Басар жолуңдун каякка алпарары тууралуу жакшылап ойлонсоң, бул сага туура чечим чыгарууга жардам берет. Сулаймандын: «Басар жолуңду ойлонуп бас»,— деген кеңешине кулак как (Накыл сөздөр 4:26).

Бул кеңештин үстүнөн баарыбыз, айрыкча, жаштар ой жүгүртүшү керек. Бир жигит жыныстык сезимдерди козгогон видеофильм алып көргөн. Кийинчерээк өзү айтып бергендей, ал видеофильмди көргөндөн кийин ушунчалык кумарланып, жакын жерде жашаган бир сойкуну издеп чыккан. Натыйжада катуу кайгыга батып, абийири кыйнап, оору жугузуп алган жокмунбу деп тынчы кеткен. Ошентип, ал Ыйык Китепте: «Ошол замат жаш улан союларын билбеген өгүздөй болуп... аялдын артынан жөнөдү»,— деп сөз кылынган бир уландай иш кылган. Ал басар жолунун каякка алпарарын ойлосо гана! (Накыл сөздөр 7:22, 23).

Жол белгилерине көңүл бур

Жол белгилерин этибар албоонун акылсыздыкка жатарына көптөр кошулат. Тилекке каршы, айрымдар, берилген көрсөтмөлөр көңүлүнө төп келбесе, өмүр жолундагы белгилерге көңүл бурушпайт. Мисалга Жеремиянын убагында жашаган ысрайылдыктарды алалы. Ал эл эки жолдун бирин тандашы керек болчу. Ошондуктан Жахаба аларга: «Байыркы жолдор жөнүндө сураштыргыла, жакшы жол кайда экенин сурагыла, ошол жолго түшкүлө»,— деп кеңеш берген. Бирок эл тоң моюндук кылып, ал жолго түшпөй турганын айткан (Жеремия 6:16). Алардын козголоңчулдук менен тандаган жолу каякка алып барган? Б.з.ч. 607-жылы бабылдыктар Иерусалимдин таш-талканын чыгарып, анын тургундарын Бабылга туткундап кетишкен.

Кудай орноткон жол белгилерин этибарга албагандык эч качан жакшылыкка алып барбайт. Ыйык Жазма бизди буга үндөйт: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт» (Накыл сөздөр 3:5, 6).

Кудайдын айрым эскертүүлөрү «Жүрүүгө болбойт!» деген сыяктуу белгилерге окшош. Мисалы, Ыйык Китепте: «Мыйзамсыздардын жолуна түшпө, зулумдардын жолу менен жүрбө»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 4:14). Андай зыяндуу жолдордун бири Накыл сөздөр 5:3, 4-аяттарда: «Башка бирөөнүн аялы тилинен бал тамызып сүйлөйт, сүйлөгөн сөздөрү зайтун майынан да жумшак. Бирок анын акыры эрмендей ачуу, эки миздүү кылычтай курч»,— деп сүрөттөлөт. Кээ бирөөлөргө сойку же башка бирөө менен адеп-ахлаксыз мамиледе болуу кызык көрүнүшү мүмкүн. Бирок жүрүм-турумубузду таза сактоого жардам берген «Жүрүүгө болбойт!» деген сыяктуу белгилерди этибарга албагандык, акыры, жамандык менен бүтөт.

Андай жолго кадам таштаардан мурун өзүңөн: «Бул жол каякка алпарат?» — деп сурап көр. Бир азга токтоп, чечимиңдин натыйжасы тууралуу ойлонуп көргөнүң сени кесепеттүү жолго түшүүдөн сактайт. Кудайдын эскертүүлөрүн четке каккандар ЖИКС (СПИД) сыяктуу жыныстык жол менен жугуучу ооруларга чалдыгышат, күтүүсүз кошбойлуулукка кабылышат, бойдон алдырууга аргасыз болушат. Андан тышкары, ортодогу мамилелер бузулат, абийирлери булганат. Адеп-ахлаксыз ишке баргандардын жолу каякка алып барарын элчи Пабыл ачык көрсөткөн. Алар «Кудайдын падышалыгын мурастабайт» (1 Корунттуктар 6:9, 10).

«Жол мына»

Кээде кайсы жолдун каякка алпарарын билүү кыйынга турат. Андыктан Кудайдын бизге сүйүү менен кам көрүп, айкын көрсөтмөлөрдү берип жатканына кандай гана ыраазыбыз! Жахаба: «Жол мына, ушул жол менен жүргүлө»,— дейт (Ышайа 30:21). Жахаба көрсөтүп жаткан жол каякка алып барат? Ал жол тар жана оор болгону менен, Иса анын түбөлүк өмүргө алып барарын айткан (Матай 7:14).

Өзүң бараткан жол тууралуу бир азга ойлонуп көрсөң. Туура жолдо баратасыңбы? Ал каякка алып барат? Тиленүү аркылуу Жахабанын жетекчилигин изде. «Жол картасына» — Ыйык Китепке — кайрыл. Ошондой эле Кудай жолунда жүргөн тажрыйбалуу саякатчылардын бири менен кеңешсең болот. Эгер туура эмес багытта баратканыңды көрсөң, багытыңды тез арада өзгөрт.

Саякатчы жол белгилеринен туура жолдо баратканын көргөндө сүйүнөт. Эгер өмүр жолуңду текшерип көрүп, адилдердин жолунда баратканыңа ынансаң, андан ары да ошол жол менен жүрүүгө чечкиндүү бол. Саякаттын эң мол баталар менен коштоло турган бөлүгү али алдыда (2 Петир 3:13).

Ар бир жол кайсы бир жакка алпарат. Ал эми сен тандаган жол каякка алпарат? Кийин ошол жолго түшкөнүң үчүн өкүнгөндөн эч пайда чыкпайт. Ошондуктан өмүр жолунда эмки кадамды таштаардын алдында өзүңөн: «Бул жол каякка алып барат?» — деп сурап көр.

[16-беттеги сүрөт]

Кандай чечим ЧЫГАРАСЫҢ?

Жаштарга дүйнөдө кеңири тараган нерселерди татып көрүүгө кысым көрсөтүлөт жана алар ар кандай азгырыктарга кабылышат. Сен да төмөнкүдөй жагдайларга туш болушуң мүмкүн:

▪ Кимдир бирөө сага тамеки чегүүнү сунуш кылат.

▪ Мугалимиң жакшы эле ой менен сени жогорку окуу жайга тапшырууга үндөйт.

▪ Теңтуштарың спирт ичимдиктери, атүгүл баңгизат көп боло турган отурушка чакырышат.

▪ Айрымдар Интернетте өзүң жөнүндө маалымат калтырууну сунуш кылат.

▪ Досторуңдун бири зордук-зомбулук же адеп-ахлаксыздык чагылдырылган фильм көрүүгө чакырат.

Ушундай жагдайлардын бирине туш болуп калсаң, эмне кыласың? Дароо эле макул болосуңбу же натыйжасы кандай болору тууралуу жакшылап ойлоносуңбу? Андай учурда өзүңө: «Ким көйнөгүн күйгүзбөй, отту колтугуна катып жүрө алат? Ким бутун күйгүзбөй, күйүп турган чоктун үстүнөн басып жүрө алат?» — деген суроолорду берип көргөнүң акылдуулукка жатат (Накыл сөздөр 6:27, 28).