Башкаларга кандай мамиле кылуу керектигине байланыштуу...
Исадан эмнеге үйрөнсөк болот?
Башкаларга кандай мамиле кылуу керектигине байланыштуу...
Эмне үчүн жакшылык кылуу керек?
Башкалар силерге жаман мамиле кылганда да, аларга жакшылык кыласыңарбы? Эгер Исаны туурагыбыз келсе, атүгүл бизди жек көргөндөргө да жакшылык кылышыбыз керек. Иса мындай деген: «Силерге жакшылык кылгандарга гана жакшылык кылсаңар, эмнеңер мактоого татыктуу? Күнөөкөрлөр деле ошентишет эмеспи. Силер болсо душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү... токтотпогула... Ошондо... Эң Жогоркунун уулдары болосуңар, анткени ал жакшылыкты билбегендер менен жамандарга да жакшылык кылат» (Лука 6:32—36; 10:25—37).
Эмне үчүн кечиримдүү болуу керек?
Ката кетиргенибизде Кудайдын бизди кечиришин каалайбыз. Иса Кудайга кечирим сурап тиленүү орундуу экенин айткан (Матай 6:12). Бирок ал башкаларды кечиргенибизде гана Кудайдын бизди кечирерин баса белгилеген. Иса: «Эгерде силер башкалардын каталарын кечирсеңер, асмандагы Атаңар да силерди кечирет. Эгер алардын каталарын кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин каталарыңарды кечирбейт»,— деген (Матай 6:14, 15).
Үй-бүлөлөр канткенде бактылуу боло алышат?
Иса эч качан үй-бүлө күтпөсө да, биз андан үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу болууга байланыштуу көп нерсеге үйрөнө алабыз. Ал сүйлөгөн сөздөрү, кылган иштери менен бизге үлгү калтырган. Келгиле, Исаны кайсы үч жактан туурай аларыбызды карап көрөлү.
1. Күйөө аялын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Иса күйөөлөргө үлгү калтырып кеткен. Ал шакирттерине: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө»,— деген. Алар бир-бирин канчалык сүйүшү керек эле? «Мен силерди сүйгөндөй»,— деген Иса (Жакан 13:34). Ыйык Китепте бул принцип күйөөлөргө карата колдонулуп, мындай делет: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла. Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген... Ошол сыяктуу эле, күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, аны азыктандырып, бапестейт. Машаяк да жыйналышка ушундайча кам көрөт» (Эфестиктер 5:25, 28, 29).
2. Жубайлар бири-бирине берилгендик сакташы керек. Никеден тышкаркы жыныстык катнашта болуу Кудайга каршы жасалган күнөө болуп эсептелет жана үй-бүлөнү бузат. Иса мындай деген: «„Ошондуктан адам өзүнүн ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот“,— деп айтканын окуган жок белеңер? Ошентип, эми алар — эки эмес, бир дене. Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын... Силерге айтып коёюн, аялы менен бузуктуктан башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн адам ойноштук кылган болот» (Матай 19:4—9).
3. Балдар ата-энесинин тилин алышы керек. Иса жеткилең болсо да, кичинекей кезинде жеткилең эмес ата-энесинин тилин алган. Анын 12 жашар кези жөнүндө Ыйык Китепте: «Иса алар [ата-энеси] менен Назаретке кайтып келди. Ал андан ары да ата-энесине баш ийип, тил алчаак болду»,— деп айтылат (Лука 2:51; Эфестиктер 6:1—3).
Бул принциптерди колдонуу эмне үчүн маанилүү?
Иса шакирттерине үйрөткөн сабактарга карата мындай деген: «Буларды билип, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар» (Жакан 13:17). Исанын чыныгы жолдоочусу болуу үчүн биз анын башкаларга кандай мамиле кылуу керектигине байланыштуу кеңештерин иш жүзүндө колдонушубуз зарыл. Ал: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:35).
[17-беттеги сүрөт]
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 14-бөлүмүн карагыла.
[17-беттеги сүрөт]
* Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.
[16-беттеги сүрөт]
Исанын адашкан уул жөнүндөгү мисалы бизди башкаларга жакшылык кылуу жана аларды кечирүү маанилүү экенине үйрөтөт (Лука 15:11—32)
[17-беттеги сүрөт]
Жубайлар бири-бирине берилгендик сакташы керек