Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биздин күндөргө карата айтылган пайгамбарлыктар

Биздин күндөргө карата айтылган пайгамбарлыктар

Биздин күндөргө карата айтылган пайгамбарлыктар

ЫЙЫК КИТЕПТЕ Кудайдын Падышалыгынын жер жүзүнө түбөлүк тынчтык орнотуп, жакшы жашоо алып келери алдын ала айтылган (Даниел 2:44). Көбүнчө «Асмандагы Атабыз» деп аталган тиленүүдө Иса шакирттерин: «Падышалыгың келсин. Сенин эркиң, асмандагыдай эле, жерде да аткарылсын»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:10). Ал Зайтун тоосунда айткан белгилүү пайгамбарлыгында өзүнүн шакирттерине ошол Падышалыктын жер бетине орноордун алдында дүйнөдө кандай окуялар болорун жана кандай абал өкүм сүрөрүн ачып берген. Алардын баары биригип жүрөгү таза кишилер айкын көрө алган белгини түзмөк. Жеке силер ал белгинин төмөндө көрсөтүлгөндөрүнүн кайсыларын байкап жатасыңар?

Эл аралык согуштар. Иса: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт»,— деп алдын ала айткан (Матай 24:7). 1914-жылы башталган Биринчи дүйнөлүк согушка чейин согуштар көбүнчө белгилүү бир аймактарда эле болчу. Ал эми Биринчи дүйнөлүк согуш жер жүзүнүн көп бөлүгүн кучагына алган жана адамзат ага чейин угуп-көрбөгөн, үрөй учурган согуш куралдарынын көбөйүшүнө алып келген. Маселен, жаңы чыгарылган аэропландар карапайым калк жашаган жерлерге бомба таштоо үчүн колдонулган. Курал-жарактарды массалык түрдө чыгаруунун натыйжасында согуш болуп көрбөгөндөй кандуу, кыргындуу болгон: ага катышкан 65 миллион аскердин жарымына жакыны каза тапкан же жаракат алган. 20-кылым илгерилеген сайын, согуш андан да көп адамдын өмүрүн алып кете берген. Бир тарыхчы Экинчи дүйнөлүк согушта аскерлердин жана карапайым калктын чынында канчасы өлүмгө дуушар болгону «түбөлүккө белгисиз бойдон кала берерин» айткан. Согуш оту атүгүл бүгүнкү күнгө чейин өчпөй келет.

Ачарчылыктын кулач жайышы. Иса: «Ачарчылык... болот»,— деп пайгамбарлык кылган (Матай 24:7). 2005-жылы «Сайенс» журналында: «Учурда жер жүзүндө 854 миллион киши (дүйнө калкынын дээрлик 14 пайызы) ачарчылыктан же тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегет»,— делген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун 2007-жылдагы бир билдирүүсүнө ылайык, 33 өлкө өзүнүн жарандарын азык-түлүк менен жетиштүү түрдө камсыз кыла албайт. Дүйнө жүзү боюнча дан эгиндерин өндүрүү жогорулап жатса, эмне үчүн мындай болууда? Мунун бир себеби айдоо аянттарынын жана эгиндин адамдарды тамак-аш менен камсыз кылууга эмес, күйүүчү май чыгарууга колдонулуп жатканында. Түштүк Африканын бир гезитинде мындай делет: «Жол тандабас автоунаанын багын толтургудай күйүүчү май өндүрүү үчүн, бир кишиге бир жылга жете турган эгин сарпталат» («The Witness»). Өнүккөн өлкөлөрдө да азык-түлүк кымбаттагандыктан, көптөр тапкан акчасын же тамак-ашка же дары-дармек, жылуулук сыяктуу башка зарыл нерселерге жумшоону тандоого мажбур болууда.

Катуу жер титирөөлөр. «Катуу жертитирөөлөр... болот»,— деп айткан Иса (Лука 21:11). Эгер силерге азыркы учурда жер титирөөлөрдөн мурда болуп көрбөгөндөй көп киши каза болуп же жабыр тартып жаткандай сезилсе, жаңылган жоксуңар. 2007-жылы Р. К. Чадха аттуу индиялык сейсмолог: «Биз жер титирөөлөрдүн дүйнөлүк масштабда кескин түрдө көбөйүп баратканын байкап жатабыз. Мунун себебин эч ким билбейт»,— деп белгилеген. Анын үстүнө, жер титирөө көп болгон жерлердеги калктын санынын тез өсүшү андай кырсыктан набыт болгондордун көбөйүшүнө алып келүүдө. Кошмо Штаттардын Геологиялык кызматы билдиргендей, 2004-жылы Инди океанында цунамини пайда кылган жер титирөө «акыркы 500дөй жылдын аралыгындагы эң эле кыйратуучу жер титирөө болгон» жана «тарыхта катталган кыргындуу жер титирөөлөрдүн экинчиси болуп калган».

Айыккыс оорулар. Иса алдын ала: «Жугуштуу оорулар... болот»,— деп айткан (Лука 21:11). Бүтүндөй жер шары боюнча эски да, жаңы да оорулар мурдагыдан да көп адамдарды жабыркатууда жана аларды дарылоонун натыйжалуу ыкмалары табылбай келет. Алсак, безгек оорусу ээ-жаа бербей кайра-кайра күчөгөндүктөн, аны жок кылуу максатында эл аралык деңгээлде көрүлгөн чаралар оңунан чыккан эмес. Андан тышкары, кургак учук сыяктуу эски оорулар жана ЖИКС (СПИД), жаңы пайда болуп жаткан башка илдеттер миллиондогондордун өмүрүн алып кетүүдө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: «Учурда дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү кургак учуктун таякчасын жугузуп алган»,— деп билдирет. Ошондой эле ал уюм маалымдагандай, көптөгөн өлкөлөрдө КИВ-инфекциясы (ВИЧ) кургак учук эпидемиясынын жайылышына шарт түзүүдө. Секунд сайын бир киши кургак учукка чалдыгат жана ал дарттын дары-дармекке моюн бербеген оор түрлөрү пайда болууда. Мисалы, «Нью сайентист» журналында 2007-жылы Европада кургак учукка чалдыккан бир бейтапты айыктырууга «бир да дары жардам бербей койгону» айтылган.

Адеп нормаларынын төмөндөшү; адамдардын бузулушу. «Мыйзамсыздыктын күч алышынан улам көбүндө сүйүүнүн илеби кайтат»,— деген Иса (Матай 24:12). Адамдардын бузулушу жана адеп-ахлактыктын төмөндөшү тууралуу элчи Пабыл да алдын ала айткан. Ал Кудайдын Падышалыгы бул дүйнө түзүлүшүн кыйратардын алдындагы оор мезгил, «акыркы күндөр», жөнүндө мындай деген: «Адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, кекирейген, бой көтөргөн, акарат келтирүүчү, ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, саткын, өз дегенин бербеген, текебер, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн, Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн, бирок андай берилгендикти жашоосунда көрсөтпөгөн адамдар болушат» (2 Тиметей 3:1—5). Силер адамдардын ушундай терс сапаттарды барган сайын көбүрөөк чагылдырып жатканын байкап жатасыңарбы?

Иса менен Пабыл адамзатты ушундай абалга алып келген тарыхый, коомдук, саясий себептердин бардыгын санап өтүшкөн эмес. Анткен менен алардын пайгамбарлыктарында бүгүнкү күндө биз күбө болуп жаткан окуялар жана адамдардын маанайы так-таамай чагылдырылган. Ал эми келечегибиз тууралуу эмне айтууга болот? Машаяктын келери жөнүндө күн мурун даана-так айтылган Ышаянын пайгамбарлыгында Кудайдын Падышалыгынын жер жүзүндө кандай сонун өзгөрүүлөрдү жасай турганы да жазылган. Алар тууралуу кийинки макаладан билебиз.

[6-беттеги сүрөт]

«Бир эл бир элге... каршы көтөрүлөт»

[7-беттеги сүрөт]

© WHO/P. Virot

«Жугуштуу оорулар... болот»