Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бирөөгө ойлогон жамандыгы өз баштарына тиет

Бирөөгө ойлогон жамандыгы өз баштарына тиет

Жаш окурмандарыбыз үчүн

Бирөөгө ойлогон жамандыгы өз баштарына тиет

Көрсөтмө: Бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет. Андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканын элестетүү менен билдирүүнү жандандырууга аракет кыл.

ОКУЯНЫ ТАЛДА. ДАНИЕЛ 6:1—28-АЯТТАРДЫ ОКУ.

Сенин оюңча, Дарий кандай киши болгон? Анын сырткы көрүнүшүн сүрөттөп бере аласыңбы? Анын үнүнөн эмнени байкадың? (14, 16, 18—20-аяттарды дагы бир ирет окуп чык.)

․․․․․

Кандай деп ойлойсуң, арстандар жаткан ор кандай болгон жана ал жердеги арстандарды кандай элестетесиң?

․․․․․

Даниелдин арстандар жаткан орго ташталганынын алгачкы мүнөттөрүндө эмне болгонун сүрөттөп бер.

․․․․․

ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.

Эмне үчүн Дарийдин кол алдында кызмат кылган төрөлөр Даниелге көрө албастык кылышкан? (3-аятты кайра оку.)

․․․․․

Даниел жашыруун тилене алса да, эмне үчүн жашырынбай ачык тиленген? (10, 11-аяттарды кайра оку.)

․․․․․

Тиленүүгө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам эмне үчүн Дарийге жаккан? (7-аятты кайра оку.)

БИЛГЕНДЕРИҢДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.

Каршылыктарга карабай, кайраттуу болуу жөнүндө.

․․․․․

Тиленүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө.

․․․․․

Берилген кызматчыларына Жахабанын кам көрөрү жөнүндө.

․․․․․

БУЛ БИЛДИРҮҮДӨН ӨЗҮҢӨ КАНДАЙ ПАЙДА АЛДЫҢ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?

․․․․․