Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакынкы келечегибизге байланыштуу пайгамбарлыктар

Жакынкы келечегибизге байланыштуу пайгамбарлыктар

Жакынкы келечегибизге байланыштуу пайгамбарлыктар

АДАМ баласынын жана жердин келечеги тууралуу талкуулап жатып, элчи Петир: «Анын [Кудайдын] убадасы боюнча, адилдик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз»,— деп жазган (2 Петир 3:13). «Жаңы асман менен жаңы жер» жөнүндөгү бул убада алгач Ышая пайгамбар аркылуу берилген (Ышайа 65:17; 66:22). Петир ал пайгамбарлыкка шилтеме кылып, анын ошол убакта толугу менен аткарыла элек экенин көрсөткөн.

Кийинчерээк, болжол менен б.з. 96-жылы, элчи Жаканга берилген аянда «жаңы асман менен жаңы жер» Кудайдын Падышалыгы алып келе турган баталар менен байланыштырылган (Аян 21:1—4). Исанын жана элчи Пабылдын Кудайдын Падышалыгы жер бетине орноордун алдында дүйнөдө кандай абал өкүм сүрөрү тууралуу айткандары бүгүнкү күндө аткарылууда. Андыктан биз ошол Падышалык жакында жаңы дүйнөнү орнотот деп күтө алабыз. Ал жаңы дүйнө кандай болот? Муну Ыйык Китептин Ышайа китебинен билебиз.

Жаңы замандагы баталар

Жер жүзүндө тынчтык болот жана адамдар Кудайга биримдикте сыйынышат. «[Адамдар] кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнүшпөйт» (Ышайа 2:2—4).

Адамдар менен жаныбарлардын ортосунда тынчтык өкүм сүрөт. «Карышкыр козу менен бирге жашайт, илбирс улак менен бирге жатат. Музоо, жаш арстан, өгүз бирге болушат, алардын баарын жаш бала жетелейт. Уй ургаачы аюу менен бирге жайылып жүрөт, алардын балдары да бирге жатышат. Арстан өгүздөй болуп чөп жейт... Менин ыйык тоомдун бүт жеринде жамандык кылышпайт, зыян келтиришпейт, анткени деңиз сууга толгонсуп, жер Кудайдын билимине толот» (Ышайа 11:6—9).

Тамак-аш мол болот. «Себайот Теңир бардык элге ушул тоонун үстүндө дасторкон жайып, тамактын майлуусун, шараптын тазасын, жиликтин чучугун, шараптын эң тазасын коёт» (Ышайа 25:6).

Өлүм болбойт. «Теңир өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Кудай-Теңир бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт, бүт жер жүзүндөгү Өз элинин маскарачылыгын алып салат, анткени Теңир ушинтип айтып жатат» (Ышайа 25:8).

Өлгөндөр тирилтилет. «Сенин өлгөндөрүң тирилишет, өлүү денелер кайра турушат! Топуракта жаткандар, ойгонгула да кубангыла!.. Жер өлгөндөрдү бүркөт» (Ышайа 26:19).

Машаяк адилеттик менен соттойт. «Ал... Өзүнүн көзү менен көргөнү боюнча соттобойт, Өзүнүн кулагы менен укканы боюнча иш чечпейт. Ал алсыздарды адилеттик менен соттойт, жерде азап чеккендердин ишин акыйкаттык менен чечет» (Ышайа 11:3, 4).

Сокурлар көрүп, дүлөйлөр угат. «Сокурлардын көздөрү ачылат, дүлөйлөрдүн кулактары ачылат» (Ышайа 35:5).

Такыр жер жемиштүү болот. «Чөл менен какшыган жер кайрадан кубанат, эл жашабаган өлкө кайрадан сүйүнөт, нарцисс сыяктуу гүлдөйт. Ал сонун болуп гүлдөп, кубанат, салтанат куруп кубанып турат» (Ышайа 35:1, 2).

Жаңы жер. «Мен жаңы асманды [асмандагы жаңы өкмөттү] жана жаңы жерди [адил адамдардан турган жаңы коомду] жаратып жатам, мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт. Силер болсо Мен жаратканга кылымдар бою кубанып, шаттанасыңар... [Кудай убадалаган жаңы дүйнөнү мурастагандар] жаңы үйлөрдү куруп, ошол үйлөрдө жашашат, жүзүмзарларды отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар башка бирөө жашаш үчүн үй курушпайт, башка бирөө жеш үчүн жүзүмзар отургузушпайт, анткени Менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот. Мен тандап алган адамдар өз эмгегинин үзүрүн көпкө чейин көрүшөт. Алар текке эмгектенбейт, балдарын кайгы үчүн төрөбөйт, анткени алар Теңирдин батасын алган тукум болот, алардын укум-тукуму өздөрү менен бирге болот. Алар чакырардан мурун эле, Мен жооп берем. Алар сүйлөп жатканда эле, Мен угам». «Мен жарата турган жаңы асман жана жаңы жер дайыма Менин алдымда тургандай эле,— дейт Теңир,— силердин тукумуңар да, ысымыңар да дайыма Менин алдымда турат» (Ышайа 65:17—25; 66:22).

Кереметтүү келечек жөнүндөгү пайгамбарлыктар

Келечекте боло турган баталар тууралуу Ыйык Жазманын Ышайа китебинде эле айтылбайт. Ыйык Китепте Кудайдын Машаяк башкарган Падышалык аркылуу кандай укмуштуу нерселерди ишке ашырарын көрсөткөн көптөгөн пайгамбарлыктар камтылган *. Бейишке айланган ошондой жерде жашагыңар келет беле? Силерде ушундай мүмкүнчүлүк бар! Ал үчүн Кудайдын келечекке карата ой-ниеттери тууралуу Ыйык Китептин чынында эмнеге окутарын жана канткенде андай баталарга ээ боло аларыңарды билүүгө аракет кылгыла. Жахабанын Күбөлөрү бул жагынан силерге жардам берүүгө кубанычта болушат.

[Шилтемелер]

^ 15-абз. Кудайдын Падышалыгы жана анын эмнелерди ишке ашырары жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 76—85-беттерин карагыла.

[8-беттеги сүрөт]

Адамдар бири-бири менен жана жаныбарлар менен тынчтыкта болушат

[9-беттеги сүрөт]

Өлгөндөр тирилтилет

[10-беттеги сүрөт]

Бүт жер жүзү бейишке айланат