Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөлөрдү бузабы?

Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөлөрдү бузабы?

Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөлөрдү бузабы?

КӨПТӨР: «Жубайлардын бири башка динге өтүп кетсе, үй-бүлө бузулат»,— деп ойлошот. Айрым учурларда жубайлардын бири Жахабанын Күбөсү болууну чечсе, башкалардан ушундай сөз угушу мүмкүн. Бирок бул туурабы?

Жубайлардын бири башка динге кызыга баштаса же өз динин таштап башка динге өтүп жатса, албетте, жубайлардын экинчиси абдан тынчсызданышы мүмкүн. Ал кыжалат болуп, жубайына ачууланышы ыктымал.

Көбүнчө динин алмаштырууга аялдар жакын келет. Эгер сенин жубайың Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатса, бул никеңерге кандай таасир этиши ыктымал? Эгер сен Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан жар болсоң, жолдошуң көп тынчсызданбашы үчүн эмне кылсаң болот?

Күйөөлөр эмне дешет?

Австралияда жашаган Марктын үйлөнгөнүнө 12 жыл болгондо, аялы Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштайт. Ал: «Аялым менен жакшы жашачумун, жакшы жерде иштечүмүн. Жашоом ойдогудай болчу. Күндөрдүн биринде эле аялым Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Ошондо жашообуз эми мурдагыдай болбойт го деп чочуладым. Аялым Ыйык Китепке жаңыдан кызыга баштаганда бир аз кооптонуп жүргөм, бирок ал Жахабанын Күбөлөрүндөй болуп чөмүлтүлөрүн айтканда, иштин бүткөнү го дедим»,— дейт.

Марк аялынын дининин айынан үй-бүлөбүз бузулабы деп тынчсыздана баштаган. Ошондуктан аялына Ыйык Китепти окутпай, Жахабанын Күбөлөрү менен таптакыр сүйлөштүрбөй коюуну ойлойт. Бирок ачууга алдырып, акылсыздык кылбайын дейт. Ошентип, арадан убакыт өтөт. Анын үй-бүлөсү кийин эмне болгон?

«Бактыга жараша, азыр аялым экөөбүз мурдагыдан да ынтымактуубуз. Анын чөмүлтүлгөнүнө 15 жыл болду. Ошондон бери ортобуздагы мамиле күндөн-күнгө жакшырып келет»,— дейт Марк. Алардын никесин эмне бекемдеген? Марк: «Эми ойлосом, буга негизинен аялымдын Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгону себеп болуптур. Ал мага ар дайым сый-урмат менен мамиле кылат»,— деп сөзүн улайт.

Үй-бүлөсүн сактап калган жубайлар ой бөлүшөт

Эгер сен Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан жар болсоң, жолдошуң көп тынчсызданбашы үчүн эмне кылсаң болот? Төмөндө жер шарынын ар кайсы бөлүгүндө жашаган аялдар ой бөлүшөт.

Сакико, Жапониядан: «Турмуш курганыма 31 жыл болду. Азыр үч баланын энесимин. Ошондой эле 22 жылдан бери Жахабанын Күбөсүмүн. Ишенимиңди тең бөлүшпөгөн адам менен жашоо кээде кыйынга турат. Ошондуктан мен „укканга даяр болууга“, „сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпоого“ карата берилген ыйык китептик кеңешти колдонгонго бүт күчүмдү жумшайм (Жакып 1:19). Күйөөмө жумшак мамиле жасап, анын айткандарын, ыйык китептик принциптерге каршы келбесе, дайыма аткарууга даярмын. Бул биздин никебиздин бекем болушуна өбөлгө түзүп келет».

Надежда, Орусиядан: «Мен 16 жыл мурун чөмүлтүлгөм. Ал эми жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 28 жыл болду. Ыйык Китепти изилдегенге чейин үй-бүлөнүн башчысы күйөө болушу керек дегенге кошулчу эмесмин. Үй-бүлөдө чечимди мен чыгарар элем. Бирок бара-бара ыйык китептик принциптер үй-бүлөнүн ынтымагына салым кошорун түшүндүм (1 Корунттуктар 11:3). Акырындык менен баш ийүүгө үйрөнө баштадым жана менин өзгөргөнүм жолдошума байкалбай койгон жок».

Марли, Бразилиядан: «Жолдошум экөөбүз 21 жыл чогуу жашап, эки кыздуу болдук. 16 жыл мурун чөмүлтүлгөм. Жахаба Кудай жубайлардын эки башка эмес, бирге жашашын каалаарын билгендиктен, жакшы аял болууга умтулуп, сүйлөгөн сөздөрүм жана кылган иштерим менен Жахаба Кудайды жана жолдошумду кубантууга аракет жасап келем».

Лариса, Орусиядан: «Мындан 19 жыл мурун Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлүп, өзүмдүн мүнөзүмдү оңдошум керектигин түшүнгөм. Мага Ыйык Китеп жакшы жакка өзгөрүүгө жардам бергенин жолдошум да байкайт. Анткени Ыйык Китептен алган билимим мага жолдошумду көбүрөөк баалоого жардам берди. Башында балдарды тарбиялоого карата экөөбүз эки башка ойдо болчубуз, бирок азыр андай кыйынчылыктар жок. Азыр жолдошум мага балдарым менен жыйналышка барууга тоскоолдук кылбайт. Анткени ал балдарыбыздын пайдалуу гана нерселерге үйрөнүп жатканын жакшы түшүнөт».

Валькирия, Бразилиядан: «Жолдошум экөөбүздүн коломто отун түтөткөнүбүзгө 19 жылдын жүзү болду; ортобузда бир уул бар. 13 жыл мурун Жахабанын Күбөсү болгом. Башында жолдошум кабар айтуу ишине катышканымды жактырбай жүрдү. Бирок ал мага канчалык нааразы болбосун, ага сүйүү менен мамиле кылып, Ыйык Китептин мага жакшы таасир этип жатканын көрүшү үчүн, колумдан келишинче аракет кылып жүрдүм. Бара-бара жолдошум кабар айтуу ишине катышуу мен үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнүп калды. Бүгүн ал менин рухий иштерге катышып жатканымды толук колдойт. Атүгүл ал мени алыскы айыл жерлериндеги ыйык китептик изилдөөлөрүмө машинеси менен жеткирип барып, изилдөө бүткүчө эшикте күтүп турат».

Таасири зор

Эгер сенин жарың да Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатса, бул никеңерди бузат деп чочулаба. Дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндө жашаган күйөөлөр жана аялдар Ыйык Китептин үй-бүлөлүк жашоого тийгизген оң таасири зор экенин өз тажрыйбаларынан көрүшүүдө.

Жахабанын Күбөсү эмес бир күйөө мындай дейт: «Башында аялымдын Жахабанын Күбөлөрүнүн динин кабыл алганына ичимен жаман болуп жүрдүм. Бирок азыр анын Жахабанын Күбөсү экенине сүйүнөм». Дагы бир күйөө аялы тууралуу: «Аялымдын Кудайга берилгендигин, чечкиндүүлүгүн жана чынчылдыгын көрүп, Жахабанын Күбөлөрүнө абдан суктанам. Үй-бүлөбүздүн бактылуу болушуна аялымдын дини зор таасир этти. Биз бири-бирибиздин кебибизди угуп, өмүр бою бири-бирибизге жөлөк-таяк болгубуз келет»,— дейт.

[25-беттеги сүрөт]

Жахабанын Күбөлөрү никеге кандай карашат?

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептин Кудайдын ыйык руху менен жазылганына ишенишет. Ошондуктан алар Кудайдын Сөзүндө никеге байланыштуу айтылгандарга олуттуу карашат. Төмөнкү суроолорго Ыйык Китепте кандай жооптор камтылганын карап көрсөңөр.

Жахабанын Күбөлөрү ишенимдештерин ишенимде эмес жубайынан бөлөк жашоого үндөйбү? Жок. Элчи Пабыл буга байланыштуу мындай деп жазган: «Кайсы бир биртуугандын аялы ага ишенимдеш болбосо, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал аялын таштабасын. Күйөөсү ишенимдеш болбогон аял да, күйөөсү чогуу жашаганга макул болсо, аны таштабасын» (1 Корунттуктар 7:12, 13). Жахабанын Күбөлөрү ушул кеңешке ылайык иш кылышат.

Жахабанын Күбөсү болгон аял, эгер күйөөсү ишенимде эмес болсо, анын айткандарын укпай коюшу керекпи? Жок. Бул тууралуу элчи Петир: «Силер, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу баш ийгидей болушсун. Алар силердин терең урмат-сыйыңарды, таза жүрүм-турумуңарды көрүп, Сөзгө баш ийишсин»,— деп жазган (1 Петир 3:1, 2).

Жахабанын Күбөлөрү күйөөлөр чексиз бийликке ээ деп окутабы? Жок. Элчи Пабыл: «Ар бир эркектин башчысы Машаяк, аялдын башчысы эркек, Машаяктын башчысы Кудай экенин билишиңерди каалайм»,— деген (1 Корунттуктар 11:3). Исанын жолун жолдогон аял күйөөсүн үй-бүлөнүн башчысы катары урматтайт. Бирок күйөөнүн бийлиги чексиз эмес. Ал Кудайдын жана Исанын алдында жооптуу. Андыктан, эгер күйөөсү аялын Кудайдын мыйзамына каршы иш кылууга мажбурласа, Исанын жолун жолдогон аял «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш иет» (Элчилер 5:29).

Жахабанын Күбөлөрү ажырашууга тыюу салынат деп окутабы? Жок. Иса пайгамбар: «Силерге айтып коёюн, аялы менен бузуктуктан башка себеп менен [аялы башка бирөө менен ойноштук кылбаса да] ажырашып, башкага үйлөнгөн адам ойноштук кылган болот»,— деп айткан (Матай 19:9). Андыктан Жахабанын Күбөлөрү, Исанын айткандарына ылайык, бузуктукту ажырашууга жол берген себеп катары эсептешет. Бирок алар болор-болбос себептер менен ажырашууга болбой турганын билишет. Ошондой эле ишенимдештерин Исанын: «Адам өзүнүн ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот... Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деген сөздөрүнө ылайык жашоого үндөшөт (Матай 19:5, 6).