Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жеткилең Адам атанын күнөө кетириши мүмкүн беле?

Жеткилең Адам атанын күнөө кетириши мүмкүн беле?

Окурмандардын суроолору

Жеткилең Адам атанын күнөө кетириши мүмкүн беле?

Ооба, мүмкүн болчу. Анткени Кудай Адам атаны өз алдынча чечим чыгаруу эркиндиги менен жараткан. Бирок бул белек жеткилеңдик деген түшүнүккө карама-каршы келбейт. Белгилей кетчү нерсе, Кудай гана толук мааниде жеткилең (Мыйзам 32:3, 4; Забур 17:31; Марк 10:18). Ал эми кимдир бирөөнүн же кандайдыр бир нерсенин жеткилеңдиги салыштырмалуу гана. Мисалы, бычак эт тууроого аябай ылайыктуу, бирок аны менен шорпо иче албайсың. Мындан көрүнүп тургандай, кайсы бир нерсе өзүнүн максаты боюнча колдонулганда гана «жеткилең» болот.

Адам ата кандай максат менен жаратылган? Кудай жер бетинде Адам атадан тараган аң-сезимдүү, өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигине ээ адамдардын жашашын ниет кылган. Алар Кудайга жана анын жолдоруна болгон сүйүүсүн өрчүткүсү келгенин анын койгон талаптарына чын жүрөктөн баш ийүү менен көрсөтө алышмак. Демек, Кудай адамдарды өзүнө эч ойлонбой эле тил ала бергидей кылып жараткан эмес. Аларга тил алууга сүйүүгө толгон жүрөгү түрткү бериши керек эле (Мыйзам 10:12, 13; 30:19, 20). Эгер Адам ата тил алууну же тил албоону өзү тандоого жөндөмсүз болуп жаратылса, анда ал жеткилеңсиз болмок. Ыйык Китепте Адам ата өзүнүн тандоо эркиндигин кандайча колдонгону жазылат. Ал аялына кошулуп, «жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жеп», Кудайдын мыйзамын бузган (Башталыш 2:17; 3:1—6).

Анда Кудай Адам атаны туура чечим чыгара албагандай же сыноолорго туруштук бере албагандай кылып жаратканбы? Жок. Адам ата күнөө кетиргенге чейин, Жахаба Кудай өзүнүн бардык жаратуулары тууралуу, анын ичинде биринчи түгөй жөнүндө «абдан жакшы» деп айткан (Башталыш 1:31). Эгер Кудай Адамды кандайдыр бир кемтиги менен жараткан болсо, аны жоопко тартпай эле, өзү кетирген катасын өзү оңдоп коймок. Бирок андай болбогондуктан, Адам адилеттүү түрдө жазаланган (Башталыш 3:17—19). Анын тил албастыгынын себеби Кудайга жана анын адил принциптерине болгон сүйүүсүнүн жетишсиздигинде эле.

Эми Иса тууралуу ойлонуп көрөлү. Иса Адам атадай эле жеткилең адам болгон. Ошондой эле Адамдын башка тукумдарынан айырмаланып, Кудайдын ыйык руху аркылуу төрөлгөндүктөн, анын күнөө кылууга жакындыгы болгон эмес (Лука 1:30, 31; 2:21; 3:23, 38). Иса катуу каршылыктарга карабай, Атасына ишенимдүү бойдон калууну чечкен. Ал эми Адам ата Жахабага билип туруп баш ийбей койгон жана тил албастыгынын кесепетин тарткан.

Анда Адамдын күнөө кетиргенинин себеби эмнеде болгон? Ал абалым мурдагыдан да жакшырат деп ойлоп, алданып калды беле? Жок, элчи Пабыл жазгандай, ал алданган эмес (1 Тиметей 2:14). Адам ата аялынын тыюу салынган жемиштен жегени туура эмес экенин билсе да, анын тетири ишин колдогон. Ал Жаратканына караганда аялына жагууну көбүрөөк көздөгөн. Обо эне ага тыюу салынган жемишти сунуштаганда, ал бир аз да болсо тил албастыгы Кудай менен болгон мамилесине кандай таасир этерин ойлонушу керек эле. Бирок Адам атанын Кудайга болгон сүйүүсү терең, күчтүү болбогондуктан, аялынын тымызын кысымына алдырып койгон.

Адам ата балалуу болгонго чейин күнөө кетиргендиктен, анын урпактарынын баары жеткилеңсиз болуп төрөлүшөт. Бактыга жараша, жеткилеңсиздигибизге карабай биз да, түпкү ата-энебиздей эле, өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигине ээбиз. Андыктан, келгиле, тил алуубузга жана сыйынуубузга татыктуу Кудайдын жакшылыктары тууралуу ой жүгүртүп, ага болгон сүйүүбүздү тереңдете берели (Забур 62:7; Матай 22:36, 37).