Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Канткенде жакшы ата боло аласыңар?

Канткенде жакшы ата боло аласыңар?

Канткенде жакшы ата боло аласыңар?

«Аталар, балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла» (Колосалыктар 3:21).

БАЛДАРЫН кыжырдантпаш үчүн аталар эмне кыла алат? Ал үчүн алар өздөрүнүн аталык милдетинин маанилүүлүгүн жакшы түшүнүшү керек. Психикалык ден соолукка байланыштуу бир журналда «балдардын эмоциялык жана акыл-эс жагынан өсүп-жетилүүсү көбүнесе эркектин башка бирөөгө артууга болбой турган аталык оор милдетин кандай аткарарынан көз каранды» экени айтылган.

Атанын милдетине эмнелер кирет? Көптөр атаны балдарын камчыга алып турган жазалоочудай көрүшөт. Энелер да, адатта, тентек кылып жаткан балдарын: «Сениби, шашпа, атаң келсин!..» — деп коркутушат. Албетте, балдар жакшы адамдардан болуп чоңоюшу үчүн аларды оңдоп-түзөп, катуу болчу жерден катуу болуу керек. Бирок жакшы ата болуш үчүн мындан да көп нерселер талап кылынат.

Өкүнүчтүүсү, аталардын көбүндө жакшы ата кандай болорун көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Айрымдар атасыз өсүшкөн. Башкалардын атасы катаал болгондуктан, кийин өздөрү да балдарына ошондой мамиле кылып калышкан. Ушундай чөйрөдө чоңойгонуна карабай андай аталар канткенде өздөрүнүн милдетин жакшы аткара алышат?

Ыйык Китепте үй-бүлөлүк жашоого байланыштуу мыкты кеңештер камтылат. Ал жакшы ата болууга жардам берген иш жүзүндө колдонорлук кеңештерге да бай. Алар тек гана кагаз бетине жазылган көрсөтмөлөр эмес; ал кеңештерди колдонгондор алардын пайдасын дайыма көрүп келишет. Анткени Ыйык Китептеги кеңештер анын Жаратманынын жана үй-бүлөнүн Негиздөөчүсүнүн — Жахаба Кудайдын — акылмандуулугун чагылдырат (Эфестиктер 3:14, 15). Андыктан силер, аталар, Жазмадагы кеңештерди карап чыгуудан көптөгөн пайдаларды аларыңар шексиз *.

Атанын тарбиясы балдардын денелик жана эмоциялык саламаттыгы үчүн эле эмес, алардын рухий жыргалчылыгы үчүн да абдан маанилүү. Атанын мээриминен өксүбөгөн, аны менен ынак мамиледе болгон балага Кудай менен да ынак мамиле өрчүтүү оңой. Ыйык Китепте Жаратканыбыз Жахабанын кандайдыр бир мааниде биздин Атабыз экени айтылат (Ышайа 64:8). Келгиле, аталардын балдарынын кандай муктаждыктарын канааттандырышы керек экенин карап чыгалы. Төмөндө аталарга бул жагынан жардам бере турган ыйык китептик принциптер каралат.

Балдар аталык мээримге муктаж

Жакшы ата кандай болушу керек экенине байланыштуу Жахаба эң сонун үлгү көрсөтөт. Ыйык Китептеги: «Атасы Уулун жакшы көрөт»,— деген сөздөрдөн Кудайдын Исага, тун Уулуна, болгон сезимдери айкын көрүнүүдө (Жакан 3:35; Колосалыктар 1:15). Жахаба Уулуна болгон сүйүүсүн жана Уулу анын жактыруусуна ээ экенин бир нече ирет билдирген. Иса чөмүлтүлгөндө Жахаба ага асмандан: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сени колдойм»,— деп айткан (Лука 3:22). Иса Атасынын аны жакшы көрөрүнө эч качан күмөн саначу эмес. Аталар Кудайдын үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө алышат?

Балдарыңардан «жакшы көрөм» деген эки ооз сөзүңөрдү аябагыла. Беш баланын атасы Кельвин: «Балдарымды жакшы көрөрүмдү сөз менен эле эмес, ар бирине жеке кызыгуу көрсөтүү менен да билдиргенге аракет кылчумун. Кичинекей кезинде алардын жалаягын алмаштырып, киринтчүмүн»,— дейт. Ошондой эле балдарыңар силердин аларды баалаарыңарды сезиши керек. Андыктан балдарыңарды кагып-силкип, тыя бергенден көрө, көбүрөөк мактагыла. Эки өспүрүм кызы бар Донизети мындай дейт: «Атасы балдарын мактоого ар дайым мүмкүнчүлүк издеши керек». Ата-энеси жакшы көрөрүн билдирип, мактап турган балдар өзүн өзү сыйлоо сезимине ээ болуп чоңоюшат. Ал эми бул сезим аларга Кудай менен тыгыз мамиле өрчүтүүгө жардам берет.

Балдарга жакшы үлгү болгонуңар маанилүү

Жакан 5:19да Исанын «Атасынан көргөндү гана кылганы» айтылат. Көңүл бурсаңар, Иса Атасынан көргөндөрдү кылган. Балдар да көп учурда ушундай кылышат. Мисалы, атасы жубайына урмат-сый менен мамиле кылса, баласы да чоңойгондо аял кишиге урмат-сый менен мамиле кылышы мүмкүн. Атасынын үлгүсү атүгүл кыздарынын эркектерге болгон көз карашына таасир этиши ыктымал.

Балдарыңардын оңой менен кечирим сурабай турганын байкайсыңарбы? Кайра эле, бул жагынан өзүңөр үлгү көрсөткөнүңөр маанилүү. Кельвин балдарынын бир жолу кымбат фотоаппаратты талкалап алышканын эстейт. Ошого ал аябай ачууланып, жыгач үстөлдү бир койгондо, үстөл экиге бөлүнүп калган. Көңүлү жайына келгенде Кельвин ачууга алдырып, өзүн кармай албай калганына аябай өкүнүп, балдарынан да, аялынан да кечирим сураган. Анын кечирим сураганы балдарына жакшы таасир эткен. Азыр аларга кечирим суроо кыйынга турбайт.

Балдар сүйүү менен кубаныч өкүм сүргөн чөйрөгө муктаж

Жахаба — «бактылуу Кудай» (1 Тиметей 1:11). Ошондуктан Иса Атасынын жанында болууну жакшы көрчү. Анын Атасы менен болгон мамилеси тууралуу Накыл сөздөр 8:30да мындай деп жазылган: «Мен Анын [Атамдын] жанында сүрөтчү болчумун... Анын алдында ар дайым кубанып турчумун». Ооба, Атасы менен Уулу бири-бирине аябай ынак болушкан!

Аталар, балдарыңардын балалыгы сүйүү менен кубаныч өкүм сүргөн чөйрөдө өтүшү үчүн эмне кыла аласыңар? Ал үчүн балдарыңар менен чогуу ойноп-күлүүгө атайын убакыт бөлүшүңөр керек. Чогуу ойноп-күлүү ата менен баланы ого бетер жакындатат. Өспүрүм баласы бар Феликс аттуу бир ата да ушуга ынанган. Ал мындай дейт: «Уулум менен чогуу көңүл ачып, эс алганда бири-бирибизге аябай жакындайбыз. Биз ар кандай оюндарды ойнойбуз, досторубуз менен баарлашабыз, кызыктуу жерлерди көрүп келебиз. Мунун аркасында өзүбүздүн чындап эле ынтымактуу, биримдиктүү үй-бүлө экенибизди сезебиз».

Балдарга рухий тарбия берүү зарыл

Атасынан алган таалими Исага зор таасир эткендиктен, ал: «Мен дүйнөгө андан [Атамдан] уккандарымды гана айтам»,— деген (Жакан 8:26). Кудайдын көз карашы боюнча, аталар балдарын адеп-ахлактыкка үйрөтүүгө жана аларга рухий тарбия берүүгө милдеттүү. Ата балдарына эмне туура, эмне туура эмес экенин түшүндүрүп, алардын жүрөгүндө адил принциптердин терең орун алышына көмөк көрсөтүшү зарыл. Муну баланын ымыркай кезинен эле баштаган жакшы (2 Тиметей 3:14, 15). Маселен, Феликс уулуна кенедейинен эле Ыйык Китептеги аңгемелерди окуп берчү. Ал баласына кооз сүрөттөрү бар, кызыктуу аңгемелер камтылган китептерди, анын ичинде «Ыйык китептик аңгемелер» * деген китепти окуп берчү. Уулу чоңойгон сайын анын курагына жараша Ыйык Китепке негизделген башка адабияттарды колдончу.

Бирок Донизети айткандай, үй-бүлө менен чогуу Ыйык Китепти изилдөөнү көңүлдүү өткөрүү дайыма эле оңой боло бербейт. Ошондой эле ал: «Изилдөө өткөргөндө ата-эненин рухий билимди баалаары көрүнүп турушу керек. Андай болбосо, балдар аны бат эле байкап коюшат»,— деген. Ал эми үч баланын атасы Карлос мындай деп ой бөлүшөт: «Биз үй-бүлөбүздүн көңүл бурушубуз керек болгон жактары жөнүндө сүйлөшүүгө жума сайын убакыт бөлөбүз. Ар бирибиз эмкиде эмне туурасында сүйлөшсө болоруна байланыштуу сунуштарыбызды айтабыз». Кельвин болсо балдарына мүмкүнчүлүк болгон сайын Кудай жөнүндө айтып берчү. Бул Муса пайгамбардын: «Мен бүгүн осуяттап жаткан ушул сөздөрдү жүрөгүңдө сакта. Аларды үйдө отурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт»,— деген сөздөрүн эске салат (Мыйзам 6:6, 7).

Балдарды оңдоп-түзөп туруу керек

Балдар карамдуу, жоопкерчиликтүү адамдардан болуп чоңоюшу үчүн, аларды тарбиялап, оңдоп-түзөп туруу керек. Кээ бир ата-энелер тарбиялоо дегенди балдарын уруп-сабоо, коркутуп-үркүтүү же тилдөө деп ойлошот. Бирок Ыйык Китеп ата-энелердин балдарын ырайымсыздык менен тарбиялаганын колдобойт. Тескерисинче, ата-энелерди балдарын жазалоодо Жахаба Кудайдан үлгү алууга, аларды сүйүү менен тарбиялоого чакырат (Эврейлер 12:4—11). Ыйык Жазмада: «Аталар, балдарыңарды кыжырдантпагыла, тескерисинче, аларга Жахабанын ой жүгүртүүсүн өздөштүрүүгө жардам берип, анын акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деп жазылган (Эфестиктер 6:4).

Ошентсе да кээде баланы жазалаш керек болуп калат. Бирок ал эмне үчүн жазаланып жатканын түшүнүшү зарыл. Бала, кандай жол менен жазаланбасын, өзүн четке кагылгандай сезип калбашы керек. Баланын бир жерин мертинтип алгыча сабоо Ыйык Китепте айтылгандарга таптакыр туура келбейт (Накыл сөздөр 16:32). Кельвин мындай дейт: «Балдарымды кандайдыр бир олуттуу себептерден улам жазалаганда, мен аларды жакшы көргөндүктөн жазалап жатканымды көрсөтүүгө аракет кылчумун».

Балдар коргоого муктаж

Балдарды башкалардын зыян келтире турган таасиринен жана кооптуу чөйрөдөн коргоо кажет. Бүгүнкү күндө балдардын аруулугун булгоону көздөгөн кара өзгөй адамдар көп (2 Тиметей 3:1—5, 13). Мындай коркунучтардын балдарыңарды кантип коргой аласыңар? Ыйык Китепте: «Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат»,— делет (Накыл сөздөр 22:3). Андыктан балдарыңарды коргош үчүн, кырсыкты көрө билгиле. Ал үчүн көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн болгон жагдайларды алдын алып, тийиштүү чараларды көргөнүңөр абзел. Мисалы, балдарыңарга Интернетти колдонууга уруксат берген болсоңор, анын кооптуу жактарын да түшүндүрүп койгула. Үйүңөрдө компьютер болсо, аны көзгө көрүнүктүү жерге койгонуңар жакшы.

Аталар балдарын азыркы бузулган дүйнөдө кабылышы мүмкүн болгон кооптуу жагдайларга даярдашы керек. Балдарыңарды кимдир бирөө алдап-азгыра турган болсо, алар эмне кылышы керек экенин билеби? * Балдарыңар жыныстык мүчөлөрүн канткенде туура, канткенде туура эмес колдонуларын билүүгө тийиш. «Мындай тарбия берүүнү эч кимге, атүгүл мугалимдерге ыраа көрчү эмесмин,— дейт Кельвин.— Балдарыма жыныстык тарбия берүүгө, аларды бузуку кишилер тууралуу эскертүүгө өзүм милдеттүүмүн деп эсептечүмүн». Кельвиндин балдарынын баары жамандыктан тышкары, аман-эсен чоңоюп, азыр өз-өзүнчө түтүн булатып, бактылуу үй-бүлөлөрдөн.

Кудайдан жардам издегиле

Атанын балдарына бере ала турган эң баалуу белеги — аларга Жараткан менен өз ара бекем мамиле өрчүтүүгө жардам берүү. Бул жагынан аталардын өздөрүнүн үлгүсү абдан маанилүү. Донизети мындай дейт: «Аталар Кудай менен болгон мамилесин жогору баалаарын көрсөтүшү керек. Атасынын Жахаба менен болгон мамилесин баалаары, ага канчалык таянары, өзгөчө, кыйынчылыктар пайда болгондо көрүнөт. Үй-бүлөңөр менен чогуу тиленген сайын Кудайга анын кылган жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдирип турсаңар, балдарыңар да Кудай менен дос болуу маанилүү экенин түшүнөт».

Демек, жакшы ата болуунун сыры — баланы кантип тарбиялоо керек экенин эң жакшы билген Жахаба Кудайдан жетекчилик издөө. Эгер балдарыңарды Кудай Сөзүндө берилген кеңештерге ылайык тарбиялап, түз жолго салсаңар, Накыл сөздөр 22:6да айтылгандай, алар ал жолдон «карыганда да чыкпайт».

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Бул макаладагы Ыйык Китепке негизделген кеңештер, негизинен, аталарга берилсе да, аларды энелер да колдоно алат.

^ 18-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

^ 25-абз. Балдарды бузуку адамдардын жыныстык асылууларынан кантип коргоого болору тууралуу көбүрөөк маалыматты Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ойгонгула!» журналынын 2007-жылы октябрда чыккан санынын (ор.) 3—11-беттеринен табууга болот.

[19-беттеги сүрөт]

Ата балдарына жакшы үлгү болушу керек

[20-беттеги сүрөт]

Ата балдарына рухий жактан тарбия бериши керек

[21-беттеги сүрөт]

Балдарды сүйүү менен оңдоп-түзөө керек