Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келечекти алдын ала ким биле алат?

Келечекти алдын ала ким биле алат?

Келечекти алдын ала ким биле алат?

«Мен Кудаймын... Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам, али боло элек нерселерди Мен байыркы замандан бери айтып келе жатам» (Ышайа 46:9, 10).

АЗЫРКЫ оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө саясий, экономикалык жана социалдык кырдаалды талдоочулар тарыхты жана учурдагы абалды изилдеп, келечекти алдын ала айтууга умтулушат. Ал эми айрымдар жеке аларды кандай келечек күтүп турганын билүү үчүн астрологияга кайрылышат же спиритизм менен алектенишет. Натыйжада мындай адамдар көбүнчө көңүл кайттыкка учурашат. Бул дүйнөнү, үй-бүлөбүздү жана ар бирибизди кандай келечек күтүп турганын билүү мүмкүнбү? Деги, кимдир бирөө келечекти алдын ала так айта алабы?

Ышая пайгамбарга айткан жогорудагы сөздөрүндө Кудуреттүү Кудай Жахаба өзүнүн келечекти алдын ала айтууга жөндөмдүү экенин баса белгилеген. Ал Ышая пайгамбар аркылуу байыркы ысрайылдыктардын Бабыл туткунунан бошотуларын, алардын Иерусалимди жана ибадаткананы кайра курарын алдын ала айткан. Бабыл жөнүндөгү ал пайгамбарлык майда-чүйдөсүнө чейин так айтылган эле. Алсак, Ышая пайгамбар 200 жылдай мурун эле Бабылды Кореш аттуу падышанын басып аларын пайгамбарлык кылган. Андан сырткары, Корештин ал шаарды кандайча багындырарын, башкача айтканда, шаарды коргоп турган Эфрат дарыясынын нугун башка жакка бурарын баяндаган. Ышая атүгүл шаардын чоң дарбазаларынын шалаакылыктан улам жабылбай каларын, натыйжада Корештин шаарды оңой эле басып аларын айткан (Ышайа 44:24—45:7).

Ал эми адамдардын келечекти күн мурун билүүгө кудурети жетпейт. Даанышман Сулайман падыша: «Эртеңки күн менен мактанба, анткени эртеңки күнү эмне болорун билбейсиң»,— деп жазган (Накыл сөздөр 27:1). Бул сөздөрдүн чындык экени талашсыз. Бир да киши атүгүл өзүнүн келечеги кандай болорун биле албайт. Анда келечегибизди Кудай гана билет деп эмне үчүн айтууга болот? Анткени ал өзү жараткан нерселердин баарын, анын ичинде адам баласынын табиятын жана алардын эмне кылууга жакын келерин толугу менен түшүнөт. Эгер ал кааласа, жеке адамдын да, бүтүндөй элдин да келечекте кандай иш-аракет кыларын даана көрө билет. Ошондой эле кудурети күчтүү болгондуктан окуялардын жүрүшүн башкара алат. Кудай өзүнүн пайгамбарлары аркылуу алдын ала кайсы бир окуянын болорун айтса, «Өз кулунун сөзүн ишке ашырат» жана «Өзүнүн элчилеринин сөздөрүн аткарат» (Ышайа 44:26). Демек, бир гана Жахаба Кудай өзүнүн айткандарын толугу менен жүзөгө ашырат.

Ышая пайгамбар Иса Машаяк төрөлгөнгө чейин 700 жылдан ашуун убакыт мурун жашаса да, Машаяктын келери жөнүндө пайгамбарлык кылган. Бирок 18-кылымдын башында Ыйык Китепти сынга алгандар Ышайа китебинин ишенүүгө татыктуулугуна шек туудурушкан. Алар Ышаянын пайгамбарлыгы, чынында, алдын ала айтылган эмес, ал окуялар болуп өткөндөн кийин гана жазылган деп ырасташкан. Мындай ырастоо туура беле? 1947-жылы Жансыз деңизге жакын жердеги үңкүрдөн байыркы түрмөктөр менен кошо Ышайа китебинин кол жазмасы табылган. Изилдөөчүлөр ошол кол жазманын Машаяк төрөлгөнгө чейин жүз жылдан ашуун убакыт мурун жазылганын аныкташкан. Ооба, Ыйык Китепте келечек жөнүндө так маалымат жазылган.

Ышая жана Ыйык Китептин башка жазуучулары келечекте боло турган окуяларды өздөрүнүн акылына таянып айтышкан эмес. Алар «Кудайдын ыйык рухуна жетектелишкен» (2 Петир 1:21). Кийинки макалада биз Исанын жашоосунун Ышая пайгамбар аркылуу күн мурун айтылган айрым өзгөчөлүктөрүнө токтолобуз. Анан Исанын жана анын шакирттеринин биздин күндөргө, келечекке тиешелүү кандай окуяларды алдын ала айтышканын карап чыгабыз.