Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайды туурагыла»

«Кудайды туурагыла»

Кудайга жакында

«Кудайды туурагыла»

Эфестиктер 4:32—5:2

КАЙРЫМДУУЛУК. Боорукердик. Кечиримдүүлүк. Сүйүү. Бүгүнкү күндө, өкүнүчтүүсү, мындай сапаттарды чагылдырган адамдар аз. Бул сапаттарды чагылдыруу сага да кыйынга турабы? Канчалык аракеттенсең да, бул сапаттарды эч качан өрчүтө албачудай сезилеби? Көнүмүш болуп калган жаман адаттардан же мурда кылган туура эмес иштерден улам жүрөгүң айыптап, жакшы сапаттарды өрчүтө албайсың деп шыбырай бериши мүмкүн. Анткен менен Ыйык Китепте көңүл соороторлук чындык камтылат: Жараткан Кудай ар бир адамдын жакшы сапаттарды өрчүтө аларына толук ишенет.

Ыйык Жазмада: «Ошентип, Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар»,— деп айтылат (Эфестиктер 5:1). Бул сөздөр Кудайдын өзүнүн кызматчыларына толук ишенерин айгинелеп турат. Кандайча? Жахаба Кудай адам баласын өзүнүн бейнеси боюнча, өзүнө окшош кылып жараткан (Башталыш 1:26, 27). Башкача айтканда, адамдар Кудайдын сапаттарын чагылдыра алгыдай болуп жаратылган *. Ошондуктан Ыйык Китеп бизди «Кудайды тууроого» үндөгөндө, Жахаба өзү ар бирибизге: «Мен сага ишенем. Жеткилеңсиз болсоң да, мени туурай аласың»,— деп айткандай болот.

Биз Кудайдын кайсы сапаттарын туурай алабыз? Бул суроонун жообун талкууланып жаткан аяттын жанындагы аяттардан табууга болот. Пабылдын Кудайды тууроого чакырардан мурун сөзүн «ошентип» деп баштаганына көңүл бурсаңар. Бул сөз менен ал ага чейин кайрымдуулук, боорукердик, кечиримдүүлүк тууралуу айтылган аятты корутундулаган (Эфестиктер 4:32; 5:1). Анан Кудайды туроого үндөгөндөн кийин ишенимдештерин жан аябастык сүйүү көрсөтүп жашоого чакырган (Эфестиктер 5:2). Ооба, кайрымдуу, боорукер, кечиримдүү болуп, башкаларга сүйүү көрсөткүбүз келсе, бизге зор үлгү көрсөткөн Жахаба Кудайды туурасак болот.

Бизге Кудайды туроого эмне түрткү берет? Пабыл: «Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар»,— деп айткан. Бул сөздөр жүрөктү козгобой койбойт. Ойлоп көрсөңөр, Жахаба кызматчыларын өзүнүн сүйүктүү балдарындай көрөт. Кичинекей бала атасына окшош болгусу келгендей эле, Кудайды сүйгөндөр да асмандагы Атасын тууроого бүт күч-аракетин жумшашат.

Жахаба адамдарды өзүн тууроого мажбурлабайт. Ал бизге өз алдыбызча чечим чыгаруу эркиндигин берген. Ошондуктан Кудайды туурайбызбы же жокпу, өз эркибиз (Мыйзам 30:19, 20). Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганыңды, ошол себептүү ага жаккан сапаттарды өрчүтө аларыңды эч качан унутпа. Бирок Кудайды туураш үчүн адегенде ал жөнүндө билим алуу зарыл. Ыйык Китепти изилдөө аркылуу Кудайдын теңдешсиз сапаттарын жана ой-ниетин биле аласың. Анын сапаттары менен жакшы таанышкан миллиондогон адамдар аны тууроого түрткү алышууда.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Колосалыктар 3:9, 10дон Кудайдын бейнесине окшош болуу аныкындай сапаттарды чагылдыруу экенин билүүгө болот. Кудайдын жактыруусуна ээ болууну каалагандар «Жаратуучусунун бейнеси боюнча... жаңыланып турган жаңы табиятты кийиши» керек.