Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаякка тиешелүү пайгамбарлыктар

Машаякка тиешелүү пайгамбарлыктар

Машаякка тиешелүү пайгамбарлыктар

ЖҮЙҮТ эли Ышаянын жана башка пайгамбарлардын Машаяк тууралуу пайгамбарлык кылганын жакшы билишкен. Ошондуктан биринчи кылымда көптөгөн жүйүттөр Машаякты жакында келет деп «күтүп жүрүшкөн» (Лука 3:15). Анын үстүнө, ыйык китептик пайгамбарлыктарда Машаяктын жашоосу жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин жазылган эле. Бир да адам андай пайгамбарлыктарды алдын ала так-даана айта алмак эмес жана алардын аткарылышына таасир эте албайт болчу.

Машаяктын төрөлүшү. Ышая пайгамбар Машаяктын кыздан төрөлөрүн күн мурун айткан. Ал эми элчи Матай Исанын керемет жолу менен төрөлгөнүн баяндагандан кийин: «Мунун баары Жахабанын өз пайгамбары аркылуу айткан бул сөздөрү аткарылышы үчүн болду: „Кыз кошбойлуу болуп, уул төрөйт“»,— деп жазган (Матай 1:22, 23; Ышайа 7:14). Ошондой эле Ышая убадаланган Машаяктын Жышайдын уулу Дөөтүнүн тукумунан чыгарын айткан. Кийинчерээк Иса дал ошол тукумдан чыккан (Матай 1:6, 16; Лука 3:23, 31, 32). Иса төрөлгөнгө чейин, Жебирейил периште анын энеси Мариямга: «Кудай ага атасы Дөөтүнүн тактысын берет»,— деген (Лука 1:32, 33; Ышайа 11:1—5, 10; Римдиктер 15:12).

Машаяктын жашоосу. Иса пайгамбар Назарет шаарындагы синагогадан Ышаянын пайгамбарлыгынан: «Жахаба мага өзүнүн рухун берди, анткени ал мени жакырларга жакшы кабар айтууга майлады»,— деген сөздөрдү үн чыгара окуйт. Анан ал пайгамбарлыктын өзүнө тиешелүү экенин белгилеп: «Силер эми эле уккан сөздөр бүгүн аткарылды»,— дейт (Лука 4:17—21; Ышайа 61:1, 2). Ышая пайгамбар Исанын жардамга муктаж адамдарга боорукердик, жумшактык, кичи пейилдик менен мамиле кыларын да айткан. Кийинчерээк Иса жөнүндө Матай мындай деп жазган: «[Анын] артынан бир топ киши ээрчип жөнөдү. Иса алардын баарын айыктырды. Бирок ал өзү жөнүндө эч кимге айтпоону буйруду. Бул Ышая пайгамбар аркылуу айтылган төмөнкү сөздөрдүн аткарылышы үчүн болду: „...Ал талашып-тартышпайт, кыйкырбайт... чала сынган камышты сындырбайт“» (Матай 8:16, 17; 12:10—21; Ышайа 42:1—4; 53:4, 5).

Машаяктын азап тартышы. Ышая ысрайылдыктардын көпчүлүгү Машаякты кабыл албай турганын, тескерисинче, ал аларга «мүдүрүлө турган таш» болорун пайгамбарлык кылган (1 Петир 2:6—8; Ышайа 8:14, 15). Чынында эле, Иса көптөгөн кереметтерди көрсөтсө да, алар ага ишенишкен эмес. «Ошентип, Ышая пайгамбардын: „Жахаба, биз уккан нерсеге ким ишенди?..“ — деген сөздөрү аткарылган» (Жакан 12:37, 38; Ышайа 53:1). Жүйүттөр жаңылыш ой менен Машаяктан аларды Римдин бийлигинен дароо бошотот жана жерге Дөөтүнүн эгемендүү падышалыгын орнотот деп күтүп, аны кабыл албай коюшкан. Ошондой эле Иса азап тартып өлгөндүктөн, жүйүттөр аны убадаланган Машаяк катары эсептешкен эмес. Бирок Ышая пайгамбар Машаяктын Падыша болгонго чейин азап чегиши керектигин алдын ала айткан болчу.

Ышайа китебинде Машаяктын: «Мени уруп жаткандарга Мен кыр аркамды тосуп бердим... Маскаралап, жаба түкүрүшкөндө, жүзүмдү жапкан жокмун»,— деген пайгамбарлык сөздөрү жазылган. Кийинчерээк Матай анын кандайча аткарылганын мындай деп билдирет: «Анын бетине түкүрүштү, сабашты. Кээ бирөөлөр жаакка чабышты» (Ышайа 50:6; Матай 26:67). Ышая: «Ал кыйналганда, үн чыгарган жок»,— деп да жазган. Рим башкаруучусу Пилат Исадан аны айыптап жаткан жүйүттөргө эмне үчүн жооп бербей жатканын сураганда, «Иса эчтеке деп жооп берген» эмес. Пилат «буга абдан таң калган» (Ышайа 53:7; Матай 27:12—14; Элчилер 8:28, 32—35).

Машаяктын өлүмү. Ышаянын пайгамбарлыгы Иса өлгөндө да, андан кийин да аткарыла берген. «Ага кылмышкерлер менен бирге мүрзө даярдашты, бирок Ал байдын мүрзөсүнө коюлду»,— деп жазган Ышая пайгамбар (Ышайа 53:9). Бири-бирине карама-каршыдай көрүнгөн бул пайгамбарлык кандайча аткарылган? Иса эки кылмышкер менен бирге устунга кадалган (Матай 27:38). Бирок кийин ариматаялык Жусуп деген бир бай киши анын сөөгүн асканын бооруна оюлган жаңы мүрзөсүнө койгон (Матай 27:57—60). Андан сырткары, Иса өлгөндө Ышая айткан эң маанилүү пайгамбарлыктардын бири аткарылган. Ал Машаяк тууралуу: «Менин адилет Кулум көп адамдарды актайт, алардын күнөөлөрүн Өз мойнуна көтөрөт»,— деген. Ооба, Иса ишенимдүү адамдардын баарын күнөөдөн арылтуу үчүн, өзүн кун катары берген (Ышайа 53:8, 11; Римдиктер 4:25).

Пайгамбарлыктар дайыма аткарылат

Машаяктын ким экенин Ыйык Жазманын негизинде далилдөө үчүн Иса өзү да, элчилери да Ыйык Китептин башка китептерине караганда, Ышайа китебинен көп үзүндү келтиришкен. Бирок келечек тууралуу Ышайа китебинде эле айтылган эмес. Эврей Жазмаларынын башка китептеринде да Исага, анын Падышалыгына жана ал Падышалык келечекте ишке ашыра турган жакшы нерселер жөнүндө алдын ала жазылган * (Элчилер 28:23; Аян 19:10). Ал пайгамбарлыктардын сөзсүз аткарыларына эмне үчүн ишенүүгө болмок? Иса аны угуп жаткан жүйүттөргө мындай деген: «Мени Мыйзамды же пайгамбарлардын сөздөрүн [башкача айтканда, Эврей Жазмаларын] жокко чыгаруу үчүн келди деп ойлобогула. Жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим. Силерге айтып коёюн, асман менен жер жок болуп кеткен күндө да, Мыйзамдын эң кичинекей тамгасы, атүгүл тамганын бир сызыгы да жок болбойт. Анда жазылгандын баары аткарылат» (Матай 5:17, 18).

Иса башкалардын көңүлүн Ыйык Китептеги өзүнө байланыштуу айтылган пайгамбарлыктарга эле эмес, келечекте аткарыла турган пайгамбарлыктарга да бурган (Даниел 9:27; Матай 15:7—9; 24:15). Андан тышкары, Иса да, анын шакирттери да күн мурун алардын көзү өткөндөн кийин боло турган окуяларды айтышкан. Бүгүнкү күндө биз ал пайгамбарлыктардын көбүнүн аткарылып жатканына күбө болуудабыз. Кийинки макалада ушул жана келечекте аткарыла турган ыйык китептик башка пайгамбарлыктар талкууланат.

[Шилтемелер]

^ 9-абз. Исага байланыштуу аткарылган пайгамбарлыктар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 200-бетин карагыла.

[4-беттеги сүрөт]

«Кыз... уул төрөйт»

[5-беттеги сүрөт]

«Маскарала[шканда]... жүзүмдү жапкан жокмун»