Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жааш жаман кишилерге кошулуп, Жахабаны таштап кеткен

Жааш жаман кишилерге кошулуп, Жахабаны таштап кеткен

Балдарыңарды үйрөткүлө

Жааш жаман кишилерге кошулуп, Жахабаны таштап кеткен

КУДАЙДЫН ибадатканасы турган Иерусалим шаарында оор абал өкүм сүрүп турган. Ахазай падышанын өлгөнүнө бир аз эле болгон. Ошондо анын энеси Аталея өз неберелерин — Ахазайдын балдарын — өлтүртүп, төбө чачты тик тургузган иш жасаган. Эмне үчүн өлтүрткөнүн билесиңби? ~ * Анткени ал өз неберелеринин ордуна падыша болгусу келген.

Бирок Аталеянын неберелеринин бири Жааш аман калат. Бул жөнүндө Аталея билген да эмес. Кандайча ушундай болгонун билгиң келеби? ~ Жааштын Жешеба деген эжеси аны Кудайдын ибадатканасына жашырып, аман алып калат. Анткени анын күйөөсү Жойат ибадатканада башкы дин кызматчы болчу. Ошентип, ал экөө Жаашты өлүмдөн куткарып калышат.

Алар Жаашты алты жашка чыкканга чейин ибадатканада жашыруун багышат. Ибадатканадан ал Жахаба Кудай жана анын мыйзамдары жөнүндө билим алат. Жааш жетиге чыкканда, Жойат аны падыша тактысына отургузууга чара көрөт. Жойат кандай чара көргөнүн жана Жааштын чоң энеси, каардуу ханыша Аталеянын эмне болгонун билгиң келеби? ~

Жойат ошол учурда Иерусалимде падышаларды кайтарган сакчыларды жашыруун чогултат. Ал аларга жубайы экөө Ахазай падышанын кичинекей баласын кантип аман алып калышканын айтып берет да, Жаашты аларга көрсөтөт. Сакчылар анын айткандарын угуп, Жааштын падыша болууга укуктуу экенине ынанышат. Андан соң Жаашты падыша кылуу үчүн, эмне кылуу керектигин сүйлөшүшөт.

Жойат Жаашты эл алдына алып чыгып, башына таажы кийгизет. Ошондо эл «кол чаап: „Жашасын падыша!“ — деп кыйкырат». Сакчылар Жаашты тегеректеп, коргоп турушат. Элдин шаңга бөлөнүп жатканын уккан Аталея чуркап чыгып: «Чыккынчылык! Чыккынчылык!» — деп кыйкырат. Бирок Жойаттын буйругу менен сакчылар Аталеяны өлтүрүшөт (2 Падышалар 11:1—16).

Кандай деп ойлойсуң, Жааш өмүрү өткөнчө Жойаттын айткандарын угуп, туура иш кыла бергенби? ~ Жок. Ал Жойаттын көзүнүн тирүүсүндө гана туура иштерди кылган. Мисалы, Кудайдын ибадатканасын оңдоо үчүн элден акча чогултууга чара көргөн. Анткени атасы Ахазайдын жана чоң атасы Жорамдын убагында эл ибадатканага акча чогултуп бербей калган эле. Келгиле анда, башкы дин кызматчы Жойат өлгөндө эмне болгонун карап көрөлү (2 Падышалар 12:1—16).

Жойат өлгөндө Жааш 40ка чыгып калган эле. Жааш Жахабага кызмат кылган адамдар менен достошкондун ордуна, жалган кудайларга сыйынгандар менен дос болуп кетет. Ошол учурда Жойаттын уулу Захария дин кызматчы болчу. Кандай деп ойлойсуң, Жааштын жаман иштерин билгенде Захария эмне кылган? ~

Захария Жаашка: «Силер Теңирди таштап салдыңар, Ал да силерди таштап салат»,— деген. Захариянын сөздөрүнө Жааштын абдан ачуусу келип, аны таш бараңга алып өлтүртөт. Жааштын өзүн бир кездерде Захариянын атасы өлүмдөн куткарып калган эле. Ал эми кийин өзү анын баласын — Захарияны — өлтүртүп, кандай гана жаман ишке барган! (2 Жылнаама 24:1—3, 15—22).

Ыйык Китептеги ушул окуядан эмнеге үйрөнсөк болот? ~ Эч качан таш боор жана мыкаачы Аталеядай болбойлу. Тескерисинче, Иса үйрөткөндөй, биз ишенимдештерибизди, атүгүл душмандарыбызды да жакшы көрүшүбүз керек (Матай 5:44; Жакан 13:34, 35). Эгер биз, Жааштай болуп, жакшы иштерди кыла баштасак, андан ары да ошол жолдон тайбаш үчүн, Жахабаны сүйгөн жана ага кызмат кылууга үндөгөн адамдар менен дос боло беришибиз керектигин унутпайлы.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаланы балдарыңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) турган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.

Суроолор:

❍ Жаашты кимден жана кантип куткарып калышкан?

❍ Жааш такка кантип келген жана ал кандай иштерди кылган?

❍ Жааш эмне үчүн жаман адам болуп калган жана ал кимди өлтүрткөн?

❍ Ушул окуядан эмнеге үйрөнсөк болот?

Жаашты куткарып калышкан