Кудайдын ысмы барбы?
Кудайдын ысмы барбы?
Көптөр эмне дешет?
▪ «Кудай деген Кудай да. Анын ысмы болмок беле?..»
▪ «Анын токсон тогуз ысмы бар».
Иса пайгамбар эмне деген?
▪ «Ошондуктан мындай деп тиленгиле: „Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын“» (Матай 6:9). Ооба, Иса пайгамбар Кудайдын ысмы бар экенин билген.
▪ «Сен мага кандай сүйүү көрсөтсөң, алар да башкаларга ошондой сүйүү көрсөтүшү үчүн жана алар менен биримдикте болушум үчүн, сенин атыңды аларга ачып бердим, дагы да ачып берем» (Жакан 17:26). Иса башкаларга Кудайдын ысмын ачып берген.
▪ «„Жахабанын ысмы менен келатканга Анын батасы тийсин!“ — деп айтканыңарга чейин мени көрбөйсүңөр» * (Лука 13:35; Забур 117:26). Ырас, бул аяттан көрүнүп тургандай, Иса пайгамбар Кудайды атынан атаган.
КУДАЙ ысмынын ким экенин адамдарга өзү ачып берген. Чыгуу 34:5-аяттан анын «Өзүнүн ысымын „Жахаба“ деп жарыялаганын» окуйбуз *. Кудайдын ысмы кыргыз тилинде «Жахаба» деп айтылат. Кызыктуусу, «Жахаба» деген ысым Ыйык Китептин түп нускасында бир нече миң жолу кездешкен. Белгилей кетчү нерсе, Ыйык Китепте бир да ысым Кудайдын ысмынчалык көп кездешпейт.
«Кудайдын ысмы ким?» — деген суроого айрымдар: «Кудайдын ысмы — Кудай»,— деп жооп бериши мүмкүн. Бирок мындай жооп: «Шайлоодо ким шайланыптыр?» — деген суроого: «Талапкер шайланыптыр»,— дегенге эле тете болуп калмак. Чынында, «Кудай» деген да, «талапкер» деген да ысым эмес, жөн гана наамдар. Андыктан мындай жооп канааттандырарлык эмес.
Ойлонуп көрсөң, Кудай эмне үчүн өз ысмын бизге ачып берген? Анткени ал биздин өзү жөнүндө жакшы билишибизди каалайт. Алсак, кимдир бирөө башкалар үчүн байке, башкарма, ата же чоң ата болушу мүмкүн. Ушул наамдар адамдын ким экенинен кабар берет. Ал эми анын ысмын укканда гана ошол адамдын өзүн элестетебиз. Анын сыңарындай, Кудай, Кудуреттүү, Алла таала, Жараткан деген сыяктуу наамдарды укканда Кудай ушундай касиет-сапаттарга ээ экенин билебиз. Ал эми анын «Жахаба» деген ысмын укканда гана Кудайдын өзүн элестетебиз. Кандай деп ойлойсуң, Кудайдын ысмын билбей туруп, Кудайды билем деп айтууга мүмкүнбү?
Кудайдын ысмын билип эле коюу жетишсиз; ага биз ысмын айтып кайрылышыбыз керек. Эмне үчүн? Себеби Ыйык Китепте: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»,— деп жазылган (Римдиктер 10:13; Жоел 2:32).
[Шилтемелер]
^ 8-абз. Иса пайгамбар бул жерде Забур 117:26-аяттан цитата кылган. Түп нускада «Теңир» деген сөздүн ордунда «Жахаба» деп жазылып турат.
^ 9-абз. Кудайдын ысмынын мааниси жана анын ысмынын Ыйык Китептин айрым котормолорунда эмне үчүн кездешпээри жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 195—197-беттерин карагыла.
[6-беттеги кыстырма]
Кимдир бирөө башкалар үчүн байке, башкарма, ата же чоң ата болушу мүмкүн. Ушул наамдар адамдын ким экенинен кабар берет. Ал эми анын ысмын укканда гана ошол адамдын өзүн элестетебиз