Кудай мага кам көрөбү?
Кудай мага кам көрөбү?
Көптөр эмне дешет?
▪ «Кудайдын мени менен иши да жок болушу керек».
▪ «Кудай мага кам көрбөйт деп ойлойм».
Иса пайгамбар эмне деген?
▪ «Беш таранчы баасы абдан төмөн болгон эки тыйынга сатылат эмеспи. Ошентсе да Кудай алардын бирин да унутпайт. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Коркпогула: силер топ таранчыдан да баалуусуңар» (Лука 12:6, 7). Иса пайгамбар биздин Кудай үчүн маанилүү экенибизди баса белгилеген.
▪ «„Эмне жейбиз?“, „Эмне ичебиз?“ же „Эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла. Булардын баарын ойлоп, дүйнөнүн адамдары түйшүк тартышат. Ал эми силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет» (Матай 6:31, 32). Иса пайгамбар Кудайдын бизге кам көрөрүн жана эмнелерге муктаж экенибизди билерин айткан.
ЫЙЫК КИТЕПТЕ Кудайдын бизге кам көрөрү айтылат (Забур 54:23; 1 Петир 5:7). Эгер кам көрсө, анда эмне үчүн дүйнөдө азап-кайгы ушунчалык көп? Эгер Кудай мээримдүү жана кудуреттүү болсо, анда эмне үчүн азап кайгыны жок кылып салбайт?
Анткени дүйнө Шайтан Ибилистин колунда. Бирок бул жөнүндө баары эле биле бербейт. Шайтандын бул дүйнөгө бийлик кыларын анын дүйнөдөгү бардык падышалыктарды Исага сунуш кылып: «Сага ушул падышалыктардын үстүнөн болгон бийликтин баарын жана алардын атак-даңкын берем, анткени ал бийлик мага берилген. Мен аны, кимге кааласам, ошого берем»,— деп айткан сөздөрүнөн билүүгө болот (Лука 4:5—7).
Шайтан кандайча бул дүйнөнү башкарып калган? Биздин түпкү ата-энебиз, Адам ата менен Обо эне, Шайтандын тилине кирип Кудайдан баш тартышканда, Шайтан аларга бийлик кыла баштаган. Ошондо Жахаба Кудай Шайтандын башкаруусу эч кандай жакшылыкка алып келбээри далилдениши үчүн убакыт берген. Жахаба өзүнө кызмат кылууга эч кимди мажбурлабайт, тескерисинче, анын жолуна түшүшүбүзгө ар бирибизге мүмкүнчүлүк берүүдө (Римдиктер 5:10).
Кудай бизге кам көргөндүктөн бизди Шайтандын бийлигинен бошотуу үчүн Исаны жиберген. Жакында Иса Машаяк «өлүмгө дуушар кыла ала турганды, атап айтканда, Ибилисти... жок кылат» (Эврейлер 2:14). Ошентип, ал «Ибилистин иштерин кыйратат» (1 Жакан 3:8).
Жер бети кайрадан бейишке айланат. Ошол убакта Кудай «[адамдардын] көзүнөн бардык жашты аарчыйт». Андан ары «өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетет» (Аян 21:4, 5) *.
[Шилтемелер]
^ 12-абз. Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатканы жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 11-бөлүмүн карагыла.
[8-беттеги кыстырма]
Жер бети кайрадан бейишке айланат