Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ырайымдуу болууга үйрөнгөн

Ырайымдуу болууга үйрөнгөн

Алардын ишеним жолун жолдогула

Ырайымдуу болууга үйрөнгөн

ЖУНУСТА көп нерсе жөнүндө ойлонууга мүмкүнчүлүк болгон. Анткени аны алдыда узак сапар күтүп турган. Ал жөө басканда бир айда, балким, андан да узак убакытта жете турган, 800 километрден ашуун аралыкты басып өтүшү керек эле. Ал адегенде кандай жол менен барууну чечип алышы керек болчу: кыска жол мененби же коопсуз, бирок узун жол мененби. Анан адыр-адыр тоолорду ашып өтүп, өрөөндөрдү басып өткөн. Ал учу кыйыры жок Сирия чөлүн айланып өтүп, ташкындаган Эфрат дарыясы сыяктуу чоң сууларды кесип өткөн. Ага Сириянын, Месопотамиянын, Ашурдун шаарларында жана айылдарында чоочун адамдардын үйүндө жолоочу катары түнөгөнгө туура келген. Ошентип, арадан күндөр өтүп, жол арыган сайын Жунус Нинеби шаарына жакындай берген. Ал ан сайын сарсанаага батып, жүрөк заада болгон.

Эмнеси болсо да, Жунус эч жака качып кете албасын жакшы билген. Анткени буга чейин качып кетүүгө аракет кылып көргөн эле. Ооба, Жахаба аны кубаттуу Ашур өлкөсүнө барып, сот өкүмүн жарыя кылууга биринчи жолу жибергенде, Жунус ошол замат кемеге отуруп, башка багытка бет алган болчу. Ошондо Жахаба деңизге катуу шамал жиберген. Жунус кемедегилердин баары анын айынан өлүмгө дуушар болоруна көзү жеткендиктен аларды сактап калуу үчүн, өзүн сууга ыргытып жиберишин айтат. Кемедегилер Жунусту сууга ыргыткысы келбесе да, акыры, ыргытууга аргасыз болушат. Жунус аман каларынан үмүтүн үзүп койгон эле. Бирок Жахаба чоң балыкты жиберип Жунусту куткарып калат. Ал үч күн бою балыктын ичинде жатып, эч зыян тартпастан, жээкке чыгарылат * (Жунус 1, 2-бөлүмдөр).

Жахаба Жунус пайгамбарды Нинебиге экинчи жолу жибергенде, ал Кудайдын айтканын эки кылбай чыгыш тарапты көздөй узак сапарга бет алат (Жунус 3:1—3). Жунус башынан өткөн окуялардан сабак алды беле? Жахаба көз көрүнө тил албай качып бара жаткан пайгамбарын жазалабастан, аны сууга чөгүп бараткан жеринен аман алып калат да, тапшырмасын аткарууга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берген. Жунус ушунун баарын башынан өткөргөндөн кийин ырайымдуу болууга үйрөнгөнбү? Ырас, жеткилең эмес адам ырайымдуу болууга бат эле үйрөнө калбайт. Келгиле анда, Жунуска ырайымдуу болуу оңойго турбаганы бизге кандай сабак болорун карап көрөлү.

Андай болот деп ким ойлоптур?

Жунус Нинеби шаарына Жахаба карагандай караган эмес. Жунус китебинен: «Нинеби Кудайдын улуу шаары эле»,— дегенди окуйбуз (Жунус 3:3). Жунустун баянында Жахабанын Нинебини үч жолу «улуу шаар» дегени баса белгиленет (Жунус 1:2; 3:2; 4:11). Ал шаар эмне себептен Жахаба үчүн улуу жана маанилүү болгон?

Нинеби шаары Нимрот курган, Топон суудан кийинки байыркы шаарлардын катарына кирген. Ал, сыягы, өзүнө дагы башка бир нече шаарды камтыган ири шаар болгон; анын бир башынан экинчи башына чыгуу үчүн үч күн узак жол жүрүү талап кылынчу (Башталыш 10:11, 12; Жунус 3:3). Нинеби өзүнүн заңкайган чоң имараттары, бийик-бийик дубалдары жана көк тиреген ибадатканалары менен ар бир адамды суктандырып, таасирлентсе керек. Бирок Жахаба үчүн булар эмес, ал жакта жашаган адамдардын өмүрү маанилүү эле. Учурунда Нинеби калкы жыш жайгашкан шаар болгон. Ал жердин эли жамандыкка белчесинен батса да, Жахаба алар үчүн тынчсызданган. Ал ар бир адамдын өмүрүн баалаган жана алардын өкүнүп, туура жолго түшөрүн көрө билген.

Жунус 120 000ден ашуун эли бар, чычкан мурду жоргологус, калкы жыш жайгашкан Нинеби шаарына киргенде ого бетер үрөйү учуп, корксо керек *. Ал калың элди аралап бир күн жүргөн, балким, ошондо Жахабанын сот өкүмүн жарыялоого ыңгайлуу жерди издегендир. Жунус жергиликтүү эл менен кантип сүйлөшкөн? Ал ашурлуктардын тилин билгенби? Же Жахаба керемет жасап, ошол тилде сүйлөтүп койгонбу? Биз билбейбиз. Балким, Жунус Жахабанын сот өкүмүн өз эне тилинде, эврей тилинде, жарыялагандыр, айткандарын болсо кимдир бирөө которуп бергендир. Кандай болбосун, анын айткандары элге жага турган кабар болгон эмес. Ал: «Кырк күндөн кийин Нинеби талкаланат»,— деп жар салган (Жунус 3:4). Ал Кудайдын сот өкүмүн тайманбастык менен элге улам-улам айткан. Мындан Кудайдын бүгүнкү кызматчыларына эң зарыл болгон сапаттарды — анын эр жүрөктүүлүгүн жана ишенимин — айкын көрүүгө болот.

Таң калыштуусу, Нинебиликтер Жунустун айткандарына кулак кагышат. Жунус эл аны укмак түгүл, өлтүрүп коюудан да кайра тартпаарына ишенген эле. Бирок баары тескерисинче болуп чыгат. Эл Жунустун айткандарына ишенип, Кудайдын сот өкүмү тууралуу кабар эл ичине чагылгандай тез тарайт да шаар ичи уу-дуу боло баштайт. Жунус китебинде: «Нинебиликтер Кудайга ишенип калышты, орозо жарыялашты, кичинесинен чоңуна чейин зумбал кийишти»,— делет (Жунус 3:5). Ошентип, байы да, кедейи да, күчтүүсү да, алсызы да, кары дебей, жаш дебей — баары бирдей өкүнүшөт. Шаарда эмне болуп жатканы падышага да угулат.

Кудайдын сот өкүмүн укканда, падышаны да коркунуч басат. Ал тактысынан туруп, падыша кийимин чечип, башкалар сыяктуу эле, зумбал кийип, «күлгө отурат». Анан падыша өзүнүн төрөлөрү менен бирге Нинебидеги дүрбөгөн элге орозо кармоону буйрук кылат. Ал баарына зумбал кийүүнү, атүгүл жаныбарларга да кийгизүүнү буйруйт *. Падыша элдин, чынында эле, бузулуп, шаарды зордук-зомбулукка толтуруп жибергенин мойнуна алат. Кудайдын ырайым кыларына үмүттөнүп, падыша: «Өзүнүн бизге каршы жалындаган каарынан кайтар, биз өлбөй каларбыз»,— деген (Жунус 3:6—9).

Айрым окумуштуулар нинебиликтердин тез эле өкүнгөнүнө шектенишет. Бирок Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулар нинебиликтер ырым-жырымга ишенген, оома эл болгондуктан тез эле өкүнгөн деп түшүндүрүшөт. Кандай болбосун, кийинчерээк Иса пайгамбар да нинебиликтердин өкүнгөндүгү тууралуу айткан (Матай 12:41). Анын айткандарына ишенүүгө толук негиз бар, анткени ал жерге келгенге чейин асмандан ошол окуяга өзү күбө болгон (Жакан 8:57, 58). Ал эми Жахаба Кудай алардын өкүнгөнүнө кандай караган?

Кудай адамдардай эмес, ал ырайымдуу

Жунус пайгамбар кийинчерээк: «Ошондо Кудай алардын иштерин, жаман жолдорунан бурулганын көрүп, аларга алаамат түшүрөм деп айткан сөзүнө өкүнүп, алаамат түшүргөн жок»,— деп жазган (Жунус 3:10).

Анда эмне Жахаба нинебиликтерге сот өкүмүн жаңылыш чыгарганбы? Жок. Анткени Ыйык Китепте Жахаба тууралуу: «Анын иштери жеткилең, Анын жолдору — чындык. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок»,— делет (Мыйзам 32:4). Болгону, Жахаба нинебиликтерге болгон каарын кайт кылган. Себеби нинебиликтер өкүнгөндүктөн, Жахаба аларды жазалоонун кажети жок деп тапкан. Ошондо Жараткан Кудай аларга зор ырайым көрсөткөн.

Жахаба Кудай диний жетекчилер сүрөттөгөндөй, ырайымсыз, кош көңүл, таш боор эмес. Тескерисинче, ал — адамдарды түшүнө билген, ийилчээк жана ырайымдуу Кудай. Ал ыймансыз адамдарды жазалаардан мурун аларды өзүнүн кызматчылары аркылуу эскертет. Анткени ал ыймансыз адамдардын, нинебиликтердей болуп өкүнүп, туура жолго түшүшүн абдан каалайт (Жезекиел 33:11). Жахабанын Жеремия пайгамбар аркылуу айткан сөздөрүнө көңүл бурсаңар. Ал: «Кээде Мен кайсы бир эл же падышачылык жөнүндө анын тамырын жулам, талкалайм, жок кылам деп айтам. Бирок Мен айткан ошол эл өзүнүн жаман иштеринен баш тартса, Мен аларга жамандык кылам деген оюмдан кайтам»,— деген (Жеремия 18:7, 8).

Анда Жунустун пайгамбарлыгы жалган беле? Жок, андай дешке болбойт. Ал, болгону, бузулган нинебиликтерге Кудайдын сот өкүмүн жарыялаган. Бирок алар жаман иштеринен баш тартып, оң жолго түшүшкөн. Эгер алар кайра эле баягы жолуна түшүшсө, Кудай аларды жазаламак. Кийинчерээк, чын эле, ошондой болгон (Сепания 2:13—15).

Нинеби шаарынын кырк күндөн кийин талкаланбай калганына Жунус пайгамбар кандай караган? Ыйык Жазмада: «Жунус буга абдан капа болуп туталанды»,— делет (Жунус 4:1). Ал ошондо Кудайга нааразычылык билдирет. Кейип-кепчип, мен бул жакка келбей эле, өз жеримде эле калсам эмне деген сыяктуу ойлорду айтат. Ал Таршыш шаарына Кудайдын нинебиликтерди жазалабай турганын алдын ала билгендиктен качып кеткенин айтып актанат. Анан мындан көрө, өлгөнүм артык деп, Кудайдан өлүм тилейт (Жунус 4:2, 3).

Жунус эмнеге мынча кейиген? Албетте, эмне себептен кейигенин так билбейбиз, бирок анын Нинеби шаарында жашаган бүтүндөй элге алаамат болорун жарыялаганы чын. Алар ага ишенишкен. Бирок эч кандай алаамат болгон эмес. Жунус шылдыңга калам же жалган пайгамбар атка коном деп коркту беле? Кандай болбосун, ал нинебиликтердин өкүнгөнүнө жана Жахабанын аларга ырайым кылганына кубанган эмес. Тескерисинче, ал өзүн маскаралангандай сезип, жерге житип кеткиси келип, абдан жаман болсо керек. Бирок ошого карабай, ырайымдуу Кудай анын жакшы жактарын көргөн. Пайгамбарын ага урмат-сый көрсөтпөгөнү үчүн жазалабастан, Кудай жумшактык менен: «Чыны менен эле, бул сени ушунчалык капаланттыбы?» — деген суроо берген (Жунус 4:4). Суроого Жунус жооп бергенби? Бул туурасында Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт.

Жахаба Жунусту ырайымдуу болууга кантип үйрөткөн?

Жунус пайгамбар Нинебиден чыгып, үйүн көздөй эмес, чыгыш тараптагы тоону көздөй бет алат. Ал жактан Нинеби шаары алаканга салгандай көрүнүп турчу. Ал тоодон, шаардын талкаланганын көрүү үчүн, чакан алачык жасап, ошол жерге жайланышат. Сыягы, ал дагы эле шаардын талкаланарынан үмүтүн үзгөн эмес. Жахаба кечиримдүү болбогон пайгамбарын ырайымдуулукка кантип үйрөткөн?

Ал бир түндүн ичинде эле өсүмдүк өстүрүп чыгарат. Жунус ойгонуп, жалбырактары жыш жана жазы, күндөн калкалай тургандай өсүмдүк өсүп калганын көрөт. Ал өзү жасап алган жарыбаган алачыктан алда канча өйдө эле. Аны көргөн Жунус кадимкидей жандана түшөт. Анын өзүнөн өзү пайда болуп калганын, сыягы, Кудайдын батасы катары жоруп, «өсүмдүккө абдан кубанат». Бирок Жахаба ошол өсүмдүктү Жунусту мээ кайнаткан ысыктан коргоп, анын ичиндеги жалындаган күйүттү басайын деп өстүргөн эмес. Ал Жунусту эсине келтирейин деген. Кудай бир куртту чыгарып, өсүмдүктүн тамырын жедирип салат. Анан Жунус алсырай баштаганга чейин «аптаптуу чыгыш шамалын жиберет». Жунус кайра эле муңга батып, Кудайдан өлүм тилейт (Жунус 4:6—8).

Анан Жахаба Кудай андан соолуп калган өсүмдүк үчүн чыны менен эле капа болгон-болбогонун сурайт. Жунус күнөөсүн мойнуна алгандын ордуна, кайра өзүн актап: «Абдан капа болдум, өлгүдөй»,— деп жооп берет. Ошондо Жунусту эсине келтирүүгө убакыт келип жетет (Жунус 4:9, «Мукаддас»).

Кудай Жунустун өзү отургузбаган, багып-өстүрбөгөн, бир түндүн ичинде өсүп чыккан өсүмдүктүн соолуп калганына ичи күйгөнүн айтат. Анан ага: «Мен кантип оң колун сол колунан ажырата албаган жүз жыйырма миңден ашык адамы, көп сандаган малы бар улуу шаар Нинебини аябайын?» — дейт (Жунус 4:10, 11) *.

Жахабанын Жунусту эмнеге үйрөткүсү келгенин аңдап жатасыңбы? Жунус ошол өсүмдүктү өстүрүү үчүн маңдай терин төккөн эмес. Ал эми Жахаба болсо нинебиликтерге өмүр берген жана жер жүзүндөгү башка бардык тирүү жандыктарга кам көргөндөй эле, аларга да кам көргөн. Жунус бир өсүмдүктү 120 000 кишиден жана алардын мал-жанынан кантип артык көрдү экен? Анын себеби ал керт башын ойлогондугунда эмеспи? Себеп дегенде ал аны күндөн калкалаган өсүмдүктүн соолуп калганына ичи ачышпады беле. Ооба, Жунустун өзүн ойлогондуктан, өз аброюн сактап калгысы келгендиктен жана айткандарынын чын чыгышын каалагандыктан нинебиликтерге ачууланганы айдан ачык.

Чынында эле, жакшы сабак. Бирок Жунус андан бир нерсеге үйрөнгөнбү? Жунус китеби Жахабанын ага берген суроосу менен аяктайт. Бирок ал суроо ошо бойдон жоопсуз калган. Айрым сынчылар Жунус суроого жооп берген эмес дешет. Чынында, ал жооп берген. Анын ошол окуя тууралуу баяндап жазганынын өзү эле жооп. Ошол китепти Жунустун жазганына эч шек жок. Пайгамбардын үйүнө аман-эсен кайтып келип, китепти жазып жатканын элестетсең. Улгайган, акылга толгон, момун адам кетирген каталарын, Кудайдын буйругуна баш ийбегендигин, ырайымдуу болуудан баш тарткандыгын эстеп, өкүнүп, башын чайкап жазып жатканын да элестетсек болот. Ооба, Жунус пайгамбар Жахабанын берген акыл-насаатынан көп нерсеге үйрөнгөн. Ал ырайымдуу болууга үйрөнгөн. Ал эми бизчи?

[Шилтемелер]

^ 4-абз. «Күзөт мунарасы» журналынын 2009-жылдын апрель—июнундагы санынын «Алардын ишеним жолун жолдогула. Кетирген катасынан сабак алган» деген макаласын карагыла.

^ 9-абз. Ысрайылдын борбор шаары болгон Самариянын калкынын саны Жунустун учурунда 20 000ден 30 000ге чейин жеткен. Мындайча айтканда, Нинебидеги калктын санынан төрт эсе аз болгон. Нинеби шаарынын өз учурунда дүйнөдөгү эң ири шаар болгону күмөнсүз.

^ 11-абз. Жаныбарларга зумбал кийгизүү кызык көрүнүш болушу мүмкүн, бирок байыркы заманда мындай нерселер болгон. Алсак, грек тарыхчысы Геродоттун билдирүүсүнө ылайык, байыркы Персияда көптөргө белгилүү болгон бир аскер башчы каза болгондо, эл аза күтүү каадасына үй жаныбарларын да катыштырган.

^ 24-абз. Кудайдын нинебиликтердин оң колун сол колунан ажырата албайт дегени алардын, аң сезими жетиле элек жаш баладай, ак менен караны айырмалай албаганын билдирген.

[23-беттеги сүрөт]

Кудай өсүмдүктү колдонуп, Жунусту ырайымдуу болууга үйрөткөн