Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакыр, бирок бактылуу аял

Жакыр, бирок бактылуу аял

Боливиядан келген кат

Жакыр, бирок бактылуу аял

ӨНҮГҮП келе жаткан өлкөдө миссионер болуп кызмат кылып жүрүп, жарды жана үмүтсүз адамдарды көргөндө абдан жаман болом. Ар бир адамдын жашоосу азыр эле оңоло калса деп эңсейм. Бирок мындай кыйынчылыктарды бир гана Кудайдын Падышалыгы чечерин билем. Ошентсе да Кудайдын мыйзамдары боюнча жашаган адамдар оор жашоо шарттарга карабастан бактылуу болуп жашап жатканына күбө болуудамын. Андай адамдардын бири — Сабина.

Сабина мындан бир нече жылдар мурун эки чүрпө кызын эки колуна алып, маянасы көп жумушта иштеп акча табуу үчүн эски автобуска отуруп башка өлкөгө кетип жаткан күйөөсүн алыскы сапарга узаткан эле. Арадан айлар өтөт, айлар жылдарга айланат. Бирок күйөөсү ошо бойдон кайрылып келген эмес. Сабина ошондон бери кыздары Милена менен Жилианды багуу үчүн күн сайын таш боор, мерез турмуш менен алпурушуп келет.

Биринчи жолу мен Сабинаны эжесинин дүкөнүндө жанын сууруп алчудай тытмалаган кардарларды чыдамы жарылып кетпей тейлеп жаткан жеринен көргөм. Сабинанын чарчаңкы көздөрүнөн анын эртеден кечке жаны тынбай иштегени көрүнүп турган эле. Мен ага кыздары менен чогуу Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылдым. Ал: «Изилдесем кана, бирок менин колум такыр бошобойт да. Кыздарымды окутсаң жакшы болот эле»,— деди. Мен макул болдум. Кыздарын окутканы келип жатып, Сабина менен жакшы тааныш болуп калдым. Анын жашоосу чын эле оор экенин түшүндүм.

Сабина күнүгө эртең менен таң атпай саат төрттө турат. Бир бөлмөлүү үйүндө кыздары уктап жатканда Сабина алюминийден жасалган, эскилиги жеткен чоң казанын отко асат. Ага күнүмдүк жашоого нан табуу үчүн сата турган эмпанадасынын (куурулган эт салынып майга бышырылган камыр) ичине салынуучу этти кууруйт. Камырын болсо кечинде жууруп коёт.

Ал бирөөдөн убактылуу сурап алган арабасына күндөн калкалай турган кол чатырын, газ плитасын, газ балонун, үстөлүн, отургучун, эмпанадасын бышыра турган идиштерин, майын, куурулган этин, камырын жана колго жасалган суусундуктарын жүктөйт.

Ал эми саат алты болгондо эшикти кулпулап, кыздары менен үйдөн чыгат. Эч кимиси үндөбөйт, күлбөйт, жүздөрү муңайыңкы. Аларды алдыда оор жумуш күтүп турат. Ушундай көрүнүштү эртең менен миссионердик үйүбүздүн терезесинен көрүп калар элем. Сабина Боливиянын көчөлөрүндө тамагын, суусундугун сатуу үчүн таң заардан үйүнөн чыккан аялдардын бири гана.

Алты жарымда, тоо чокусунан күн кылтыйып көрүнүп калганда, Сабина кыздары менен соодасын кыла турган жерге келет. Алар үн катпастан жүктөрүн түшүрүп, тамак бышыра турган «кичинекей ашканасын» орнотушат. Биринчи эмпанадасын кайнаган майга салганда чытыраган үндөр чыгып, таңкы таза абага тарай түшкөн жагымдуу жыты ачка болуп турган кардарларды дароо өзүнө тартат.

Сабина биринчи келген кишиден: «Сизге канчаны?» — деп сурайт. Уйкусу ачыла элек кардар башын көтөрбөй эле эки манжасын көрсөтөт. Сабина ага кызара бышкан ысык эмпанададан экини сунуп, ордуна жарыбаган акча алат. Ошентип, керээли-кечке бир жасаган ишин жүз жолу кайталайт. Акыркы эмпанадасын саткандан кийин жыйналып алып үйүн көздөй бет алат. Ал таң аткандан тикесинен тик туруп иштеп, буту ооруса да, экинчи жумушуна — эжесинин дүкөнүнө — жөнөйт.

Мен анын кыздары менен Ыйык Китепти изилдөөгө биринчи жолу барганда, алар эки кичинекей отургучту бурчка коюп даярдап коюшуптур. 9 жаштагы Милена менен 7 жаштагы Жилиан изилдөө башталгандан тартып эле ар бир изилдөөгө жакшы даярданышып, келеримди чыдамсыздык менен күтүшчү. Бара-бара ошол уялчаак кыздар мага көнүп, мени менен жакын боло башташты. Бул Сабинанын жүрөгүн жылытпай койгон жок. Көп өтпөй ал да, эртеден кечке иштеп чарчаганына карабай, мени менен Ыйык Китепти изилдөөнү чечти.

Сабинанын билими тереңдеген сайын анын Жахаба Кудайга болгон сүйүүсү да өсө берди. Ал мурда сезип-туюп көрбөгөн сезимге, бакытка, бөлөндү. Бир кездеги чарчап-чаалыккан, жүзүнөн кайгы кетпеген, көчөдө соода кылган Сабина эми такыр башка адам болуп өзгөрдү. Ал башын көтөрө түз басып, көздөрүнөн кубанычтын нуру чачырай турган болду. Анын эжеси: «Сабинанын жүзүнөн жылмаюу кетпей калды. Ал мурун такыр күлчү эмес»,— дейт. Башкалар да Сабинанын жана кыздарынын укмуштуудай өзгөргөнүн байкабай коюшкан жок. Канчалаган жылдар бою толбой келген көөдөнүндөгү боштук эми Кудай жөнүндөгү билимге толду.

Ыйык Китепти изилдөө Сабинага абдан жакчу, бирок жумушунан колу бошобой жыйналыштарга бара албай жүрдү. Ал бир жолу мени менен Падышалык залына барып келүүгө макул болду. Ошондон тартып жыйналыштарды такыр калтырган жок. Сабина жыйналыштан чыныгы досторду тапты. Ошондой эле Жахаба аны сүйгөндөргө жана ага кызмат кылуу үчүн кандайдыр бир курмандыктарга баргандарга чындап кам көрөрүнө өз тажрыйбасынан улам ынанды (Лука 12:22—24; 1 Тиметей 6:8).

Сабинага Ыйык Китептен билгендери абдан жаккандыктан, ал жөнүндө башкаларга айткысы келе баштады. Бирок ал: «Элге Кудай жөнүндө айтарымды ойлогондо жүрөгүм болк дей түшөт»,— дээр эле. Ал өзүндөй уялчаак, билимсиз аял кантип башкаларды окута алмак эле деп ойлочу. Бирок ага көрсөтүлгөн жылуу мамиле жана жашоосундагы сонун өзгөрүүлөр жакшы кабар айта баштоого түрткү берди. Ал ошондой эле кыздарына да жакшы үлгү болорун түшүнчү. Ошентип, Сабина башкаларга Кудай жөнүндө айта баштады. Кыздары да ага кошулуп, кубаныч менен кабар айта башташты.

Сабина азыр кечке иштеп, кубанычсыз күндөрдү өткөргөн аялдардын бири эмес. Анын жашоо-турмушу аябай деле өзгөрүп кеткен жок. Бирок анын жашоого болгон көз карашы өзгөрдү. Ал Жахабанын Күбөсү болуп, дүйнө жүзүндөгү жакырчылыкты жана үмүтсүздүктү Кудайдын Падышалыгы гана биротоло жок кыларын башкаларга айтып жүрөт (Матай 6:10).

Таңкы саат беш. Сабина үйүнөн чыкканы жатат. Бирок бул жолкусунда эмпанадаларды сатуу үчүн эмес, көчөдөн кабар айта турган ишенимдештерине жолугууга бара жатат. Ооба, башкаларга Кудай жөнүндө билүүгө жардам берүү үчүн ар жума сайын убакыт бөлүү анын жашоосун ого бетер маңыздуу кылды. Ал араба сүйрөгөндүн ордуна, башкаларга үмүт бере турган Ыйык Китепти жана ыйык китептик адабияттарды чоң сумкасына салып, эшигин бекитет да, жүзүнөн нур жана көчөнү көздөй жөнөйт. Сабина кубана жылмайып: «Мен башкаларга Ыйык Китеп жөнүндө айтам деп эч качан ойлогон эмесмин»,— дейт. Анан: «Мага башкаларга Кудай жөнүндө айткан абдан жагат»,— деп кошумчалайт.