Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келечегиң эмнеден көз каранды?

Келечегиң эмнеден көз каранды?

Келечегиң эмнеден көз каранды?

«АДАМДАР, жаныбарлардай эле, өз тагдырына баш иет»,— деп жазган эволюционист Жон Грей. Ал эми Шмуэль Ботеах өзүнүн эмгегинде: «Адам жаныбар эмес. Андыктан анын тагдыры өз колунда»,— деп карама-каршы пикир айткан («An Intelligent Person’s Guide to Judaism»).

Көптөр Жон Грейдин айткандарына кошулуп, адамдын жашоосун табияттагы кандайдыр бир белгисиз күчтөр башкарат дегенге ишенишет. Башкалар адамды Кудай жараткан жана өз келечегине өзү кам көрүүгө жөндөмдүү деп эсептешет.

Ал эми айрымдар алардын тагдыры бийликтеги адамдардын колунда деп ойлошот. Жазуучу Рой Уэдерфорддун айтымында, «көптөгөн адамдар, өзгөчө, аялдар... өз жашоосуна өзүлөрү ээлик кыла албай келген. Мунун себеби: аларды башкалар кулга айландырып, эзишкен» («The Implications of Determinism»). Чынында эле, көптөр согуштардын жана бийлик башындагылар жүргүзгөн саясаттын айынан жаркын келечекке үмүт арта албай келет.

Дагы бирөөлөр алардын жашоосун табияттан тышкаркы күчтөр башкарат деп ойлогондуктан, өз жашообузга багыт бере албайбыз дешет. Ботеах: «Байыркы гректерде маңдайга эмне жазылса, ошону көрөбүз, андан эч жакка качып кутула албайбыз деген ой кеңири тараган»,— деген. Ооба, алар адамдардын тагдыры аял кудайлары кандай чечсе, ошондой болот деп ойлошкон. Алар качан өлөрүн жана башынан кандай кыйынчылыктар өтөрүн ошол аял кудайлары чечет деп ишенишкен.

Бүгүнкү күндө да адамдын жашоосун табияттан тышкаркы күчтөр башкарат деген түшүнүк кеңири жайылган. Алсак, көптөр бешенеге жазылган дегенге ишенишет. Алар эмне кыларыбызды майда-чүйдөсүнө чейин, атүгүл качан өлөрүбүздү Кудай алдын ала белгилеп койгон дешет. Ошондой эле «адамдын бейишке барарын же тозокко барарын кудурети күчтүү Кудай алдын ала чечип койгон» деген ойду жактаган окуулар да бар. Христиан динин туткан көптөгөн адамдар ушундай көз карашта.

Сен кандай деп ойлойсуң, кандайдыр бир күчтөр сенин келечегиң кандай болорун алдын ала чечип койгонбу? Же англис драматургу Уильям Шекспирдин «адамдын өз тагдыры өз колунда» деген сөздөрүндө кандайдыр бир чындык барбы? Келгиле, бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин карап көрөлү.