Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келечегиң өз колуңдабы?

Келечегиң өз колуңдабы?

Келечегиң өз колуңдабы?

КЕЛЕЧЕГИБИЗ бешенеге жазылганбы? Чыгарган чечимдерибиз келечегибизге эч кандай таасир эте албайбы?

Адамдын тагдыры өз колунда деп коёлу. Анда анын келечекте кандай иш кылары, кандай жумушта иштээри алдын ала жазылган дешке болобу? Адамдардын өздөрү каалагандай жашоо өткөргөнү Кудайдын жерге карата болгон ой-ниетинин ишке ашышына тоскоолдук кылабы? Ыйык Китепте ушул суроолорго канааттандырарлык жооп камтылган.

Келечекте эмне болору маңдайга жазылса, өз алдынча чечим чыгара алабызбы?

Жахаба Кудай бизди кандай кылып жаратканына көңүл буралы. Ыйык Китепте: «[Адамды] Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты»,— делет (Башталыш 1:27). Биз Кудайга окшош болуп жаратылгандыктан, анын сүйүү, адилеттүүлүк, акылмандык жана күч сыяктуу сапаттарын чагылдыра алабыз. Ошондой эле Кудай бизге өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин берген. Андыктан биз, адамдар, анын колунан бүткөн бардык тирүү жандыктардан айырмаланабыз. Башкача айтканда, Кудайдын талаптарына баш иебизби, жокпу, өзүбүз чече алабыз. Мына ошондуктан Муса пайгамбар: «Бүгүн силердин алдыңарда асман менен жерди күбөгө тартам. Мен сага өмүр менен өлүмдү, алкыш менен каргышты сунуш кылдым. Өзүң жана укум-тукумуң өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү тандап ал. Кудай-Теңириңди сүй, Аны ук, Ага жабыш»,— деп айткан (Мыйзам 30:19, 20).

Өз алдынча чечим чыгаруу эркиндиги эмне кылсак да өз эркибиз дегенди билдирбейт. Кудай ааламда бардык нерселер өз-өз орду жана бири-бирине шайкештикте болушу үчүн табият мыйзамдарын жана адеп-ахлактуулукка байланыштуу мыйзамдарды бекиткен. Ошол мыйзамдар биздин жыргалчылыгыбыз үчүн берилген жана ал мыйзамдарга кайдыгер мамиле кылуу көптөгөн кайгы-касыреттерге алып келет. Мисалы, бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамын эске албай, бийик имараттын башынан секирсек, эмне болот эле? (Галатиялыктар 6:7).

Өз алдынча чечим чыгаруу эркиндиги чыгарган чечимдерибизге жооп берүүгө милдеттендирет. Жаныбарларда андай эркиндик жок болгондуктан, алар кылган ишине жооп беришпейт. Философ-гуманист Корлисс Ламонт: «Эгер адамдарын кандай чечим чыгарары жана кандай иш кылары бешенесине жазылса,.. анда аларды кылган жаман иши үчүн кантип жоопко тартып, жазалай алабыз?» — деген суроо таштайт. Албетте, анте албайбыз. Ал эми инстинктке жетектелген жаныбарлар кылган ишине жооп беришпейт. Компьютерди да ага орнотулган программаны ишке ашырганы үчүн эч ким күнөөлөй албайт. Андыктан биз өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигине ээ болгондуктан, чыгарган чечимдерибизге жана кылган ишибизге жооп берүүгө милдеттүүбүз.

Эгер Жахаба Кудай биз төрөлгөнгө чейин эле кандай иш кыларыбызды маңдайыбызга жазып коюп, анан кылган ишибиз үчүн жоопко тартса, ал кандай гана мээримсиз жана адилетсиз Кудай болуп калмак. Кудай эч качан андай кылбайт, анткени «Кудай — сүйүү» жана «Анда адилетсиздик жок» (1 Жакан 4:8; Мыйзам 32:4). Кудай бизге өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин берген. Келечегибиз бешенеге жазылат дегендер ырастагандай, Кудай ким куткарыларын, ким соттолорун алдын ала белгилеген эмес. Кандай иш кыларыбыз биз төрөлгөнгө чейин эле чечилген эмес, ал өзүбүздүн чыгарган чечимдерибизден көз каранды.

Ыйык Китепте чыгарган чечимдерибиз аркылуу жашообуздун нугун башка багытка өзгөртө аларыбыз айтылат. Алсак, Кудай жаман иш кылгандарга: «Ар бириңер өзүңөрдүн кыянат жолуңардан жана жаман иштериңерден бурулгула... ошондо Мен силерге жамандык кылбайм»,— деп кайрылат (Жеремия 25:5, 6). Эгер Кудай ар бир адамдын тагдырын алдын ала белгилеп койсо, анда ал жогорудагы сөздөрдү айтат беле? Ошондой эле Кудайдын Сөзүндө: «Күнөөлөрүңөр кечирилиши үчүн, өкүнгүлө, Кудайга кайрылгыла. Ошондо Жахабанын өзүнөн жандандыра турган убак келет»,— деп жазылган (Элчилер 3:19). Эгер адамдар тагдырын өзгөртө алышпай турганын Кудай алдын ала билсе, анда эмне үчүн ал аларга өкүнгүлө жана кайрылгыла деп айтмак эле?

Ыйык Китепте Кудай тарабынан тандалып алынган, Иса Машаяк менен бирге асманда бийлик жүргүзө турган адамдар жөнүндө айтылат (Матай 22:14; Лука 12:32). Бирок алар аягына чейин туруктуу болушпаса, андай артыкчылыктан айрылып калышат (Аян 2:10). Эгер алардын маңдайына туруктуу болбой калары жазылса, анда аларды Кудай тандап алат беле? Ошондой эле элчи Пабылдын ишенимдештерине айткан сөздөрүн карап көрөлү. Ал: «Чындыкты так таанып-билгенден кийин атайлап күнөө кыла берсек, анда күнөөлөрдү жууй турган башка курмандык калбайт»,— деп жазган (Эврейлер 10:26). Эгер Кудай алардын тагдыры кандай болорун алдын ала чечип койсо, мындай эскертүү берүүнүн эч зарылдыгы болмок эмес. Кудай айрым адамдарды Иса Машаяк менен бирге башкарууга алдын ала тандап алганбы?

Кудай бийлик жүргүзө турган топтун болорун чечкенби же ошол топто кимдер болорун чечкенби?

«Машаяктын шакирттери болгонубуз үчүн бизге асман чөйрөсүндө ар кандай рухий баталарды берген [Кудай]... Машаяк менен биримдикте болуп... кемтиксиз болушубуз үчүн, Ал бизди дүйнө негизделгенге чейин эле тандап алган. Анткени... бизди Иса Машаяк аркылуу уулдары катары асырап алууну алдын ала белгилеп койгон»,— деп жазган элчи Пабыл (Эфестиктер 1:3—5). Кудай эмнени алдын ала белгилеп койгон жана «дүйнө негизделгенге чейин эле тандап алган» дегенди кандай түшүнүүгө болот?

Элчи Пабылдын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудай адамдардын арасынан асманда Иса Машаяк менен бирге башкара турган адамдарды тандап алган (Римдиктер 8:14—17, 28—30; Аян 5:9, 10). Бирок Жахаба Кудай айрым адамдарды алар төрөлгөнгө чейин, миңдеген жылдар мурун эле, асманда бийлик жүргүзүүгө тандап алган деген ой адам өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигине ээ дегенге каршы келмек. Демек, Кудай жеке ар бир адамды эмес, кандайдыр бир топтун болорун алдын ала белгилеген.

Бир мисалга токтололу. Кайсы бир өкмөт кандайдыр бир бийлик органын түзүүнү чечти деп коёлу. Ошондой эле ошол бийлик органынын иши, укугу жана анын курамына кире турган адамдардын саны такталды. Бир нече убакыттан кийин бийлик органы иш жүргүзө баштайт. Анын мүчөлөрү: «Бир нече жыл мурун бул органда кандай иш жүргүзүлөрүн өкмөт башындагылар чечип коюшкан. Биз азыр ошол иштерди аткарып жатабыз»,— дешет. Өкмөт бир нече жылдар мурун ошол бийлик органына кимдер кирерин алдын ала чечип койгон дешке болобу? Албетте, жок. Анын сыңарындай эле, Жахаба Кудай мурун эле адамдарды Адам атанын күнөөсүнүн кесепетинен арылтуу үчүн бийлик органын түзүп койгон. Жахаба Кудай ал органда кызмат кыла турган ар бир кишини эмес, белгилүү бир топту алдын ала белгилеген. Кудай ал топтун курамына кире турган кишилерди кийинчерээк тандамак жана алардын асманда бийлик жүргүзөрү чыгарган чечимдеринен көз каранды болмок.

Элчи Пабыл: «[Кудай] бизди дүйнө негизделгенге чейин эле тандап алган»,— деген сөздөрү менен эмнени айткысы келген? Пабыл айткан «дүйнө» деген сөз Адам ата менен Обо эне жаратылгандагы дүйнөнү билдирбейт. Алар жаратылганда дүйнөгө күнөө кире элек болчу. Ал таза, «абдан жакшы» дүйнө болгон (Башталыш 1:31). Андыктан аны күнөөдөн «боштондукка чыгарууга» муктаждык жок эле (Эфестиктер 1:7).

Пабыл айткан дүйнө Эйден багында Адам ата менен Обо эне козголоң чыгаргандан кийин пайда болгон. Андай дүйнөнүн пайда болушун Кудай ниет кылган эмес. Анткени ал Кудайдын буйругуна баш ийбей күнөөгө баткан Адам менен Обонун балдары жарык дүйнөгө келгенден баштап өкүм сүрө баштаган. Ошондон тартып дүйнө Кудайдан алыстап, күнөөнүн кулу болуп калган. Бирок билип туруп күнөө кетирген Адам менен Ободон айырмаланып, ошол дүйнөнүн күнөө менен өлүмдөн арылууга үмүтү болгон (Римдиктер 5:12; 8:18—21).

Жахаба Кудай Эйдендеги козголоңдун айынан келип чыккан жагдайды чечүүгө тез эле чара көргөн. Ал ошол замат адамзатты Адам атанын күнөөсүнөн арылтуу үчүн бийлик органын, тактап айтканда, Машаяк башкарган Падышалыкты караштырган (Матай 6:10). Кудай ошондой бийлик органынын түзүлөрүн күнөө менен өлүмдөн арылууга үмүтү бар адамзаттын дүйнөсү негизделгенге чейин эле, башкача айтканда, Адам ата менен Обо эненин балдары төрөлгөнгө чейин эле белгилеп койгон.

Адатта, адамдар кандайдыр бир ишти ишке ашырыш үчүн алдына ала пландаштырышат. Ал эми бешенеге жазылат деп ишенгендердин айтымында, Кудай ааламдагы ар бир нерсени алдын ала пландаштырып койгон. Рой Уэдерфорд: «Көптөгөн философтордун ою боюнча, ар бир нерсе майда-чүйдөсүнө чейин алдын ала белгиленбесе, анда Кудайды кудурети күчтүү Кудай деп айтууга болбойт»,— деп жазат. Кудай үчүн ар бир нерсени алдын ала майда-чүйдөсүнө чейин пландаштыруунун зарылдыгы барбы?

Жахаба Кудайдын күчү жана акылы чексиз болгондуктан, ал акыл-эстүү жаратууларынын өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигинен улам келип чыккан кандай гана жагдай болбосун чече алат (Ышайа 40:25, 26; Римдиктер 11:33). Ал андай жагдайларды ойлонуштуруп отурбай эле тез арада чече алат. Мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгон жеткилеңсиз адамдардан айырмаланып, кудурети күчтүү Кудай жердеги ар бир адамдын келечегин алдын ала майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөй турган планга муктаж эмес (Накыл сөздөр 19:21). Ыйык Китептин бир нече котормолорунда Эфестиктер 3:11-аятта Кудайдын план түзөрү эмес, «түбөлүктүү ой-ниети» бар экени айтылат.

Келечегиң өз колуңда

Ооба, Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниети бар; ал алдын ала чечилген. Аян 21:3, 4-аяттарда мындай делет: «Мына, Кудайдын чатыры адамдардын арасында. Кудай алар менен жашайт, алар анын эли болушат. Кудай өзү алар менен болот. Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти». Жер жакында, Жахаба Кудай ниет кылгандай эле, бейишке айланат (Башталыш 1:27, 28). Сен ошол бейиште болосуңбу? Бул сенин бүгүн чыгарган чечимдериңен көз каранды. Жахаба сенин келечегиңди алдын ала белгилеп, маңдайыңа жазып койгон эмес, келечегиң өз колуңда!

Кудайдын Уулу Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына ишеним арткандардын баары түбөлүк жашай алат (Жакан 3:16, 17; Элчилер 10:34, 35). Ыйык Китепте: «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот. Ал эми ким ага баш ийбесе, өмүргө ээ болбойт»,— деп жазылган (Жакан 3:36). Сен Кудай жөнүндө, анын Уулу жана ой-ниети жөнүндө Ыйык Жазмадан окуп-билип, билгендериңди жашоодо колдонуу менен өмүрдү тандай аласың. Ыйык Китептен алган билимиңе ылайык жашасаң, «жамандыктан коркпой, коопсуз, бейкапар жашаарыңа» шектенбесең болот (Накыл сөздөр 1:20, 33).

[5-беттеги сүрөт]

Жаныбарлардан айырмаланып, адамдар кылган иши үчүн жооптуу

[5-беттеги сүрөт]

Eagle: Foto: Cortesía de GREFA