Кырсык-каргашалар Кудайдын жазасыбы?
Окурмандардын суроолору
Кырсык-каргашалар Кудайдын жазасыбы?
Кандайдыр бир кырсыкка кабылганда Кудай мени жазалап жатат деп ойлогон учурларың болду беле? Кокусунан катуу ооруп калганда, кырсыкка учураганда же жакын тууганыбыз каза болуп калганда, бул Кудайдын жазасы деп ойлошубуз мүмкүн.
Чынында, Кудай адамдардын кырсык-каргашадан тышкары болуп, бактылуу жашашын каалайт. Буга Кудайдын Адам ата менен Обо энени жаратып, аларды кооз бейишке, «Эйден багына», жайгаштырганы далил. Ал жакта эч жамандык болгон эмес, болмок да эмес (Башталыш 2:15).
Тилекке каршы, Адам ата менен Обо эне билип туруп Кудайдын тилин албай, ушундай сонун жашоодон баш тартышкан. Анын кесепети өзүлөрүнө эле эмес, бизге да тийген. Эмне үчүн? Алардын кылганын төмөнкү мисалга салыштырууга болот. Үй-бүлө башчысы батирдин акчасын төлөөдөн баш тартса, батирден өзү эле эмес, аялы жана бала-бакырасы да чыгып калат. Ошентип, бүтүндөй үй-бүлө үй-жайсыз калат. Ошол сымал эле, Адам ата менен Обо эне Кудайга каршы чыккандан тартып бүтүндөй адамзат азап тартып келет (Римдиктер 5:12). Түпкү ата-энебиз күнөө кетиргенден көп убакыт өткөндөн кийин Аюб деген Кудай алдында түз жүргөн киши: «Тарткан азабым таразага салынса кана! Анда тарткан азабым деңиз кумунан да оор болор эле!» — деген (Аюб 6:2, 3).
Кыйынчылыктарга ар кандай нерселерди эске албай калгандыктан да кабылышыбыз мүмкүн. Мисалы, бир курулуш ишканасы сел алып кетүү коркунучу бар жерге үйлөрдү салып, сатты дейли. Сен бул тууралуу билбей, ошол үйлөрдүн бирин сатып алдың деп коёлу. Анда өзүңдүн жана үй-бүлөңдүн каргашага кабылышына кандайдыр бир деңгээлде өзүң себепкер болуп жаткан жоксуңбу? Эгер кырсык болуп кетсе, ан үчүн Кудайды күнөөлөөгө болобу? Түк да. Ыйык Китепте бул туурасында: «Акылсыз адам ар бир сөзгө ишене берет, ал эми акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт»,— деп таамай айтылган (Накыл сөздөр 14:15).
Азыр кырсык-каргашаларга кабылып жатканыбыз чын. Бирок жакында Кудай адамзатты азап-кайгыдан толугу менен арылтарын билгендиктен, жан дүйнөбүз тынч. Ошол убак келгенде кырсык деген болбойт; аны көзүбүз көрбөйт, кулагыбыз укпайт. Оору, өлүм жана кайгы-муңдун «баары өтүп кетет» (Аян 21:4). Ошондой эле адамдар курган үйлөр, отургузган бакчалар согуштардын, табигый кырсыктардын айынан талкаланбайт. Тескерисинче, адамдар эмгегинин үзүрүн «көпкө чейин көрүшөт» (Ышайа 65:21—25).
Ошол убак келгиче кырсык-каргашадан алысыраак болуу үчүн, азыр эмне кылсаң болот? Эң алгач, Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык, «өз акылыңа таянбай», «бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн» (Накыл сөздөр 3:5). Жетекчиликти жана сооронучту Кудайдан изде. Ыйык Жазмадагы даанышман кеңештерге кулак как. Ошондо туура чечим чыгарып, көптөгөн жамандыктан алыс болосуң (Накыл сөздөр 22:3).