Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Элчи Пабылдын жээни анын өмүрүн сактап калган

Элчи Пабылдын жээни анын өмүрүн сактап калган

Балдарыңарды үйрөткүлө

Элчи Пабылдын жээни анын өмүрүн сактап калган

СЕН элчи Пабылдын туугандарынын арасынан Исанын жолун жолдогондор болгонун билчү белең? * ~ Сыягы, анын эжеси (же карындашы) жана анын уулу Исанын жолдоочуларынан болушкан. Бир жолу элчи Пабылдын ошол жээни анын өмүрүн сактап калган. Биз ал баланын жана апасынын ысмы ким экенин билбесек да, анын кандай иш кылганын билебиз. Сен ал жөнүндө билгиң келеби? ~

Элчи Пабыл үчүнчү миссионердик сапарынан кайтып келип, Иерусалим шаарында сот өкүмүн күтүп камакта жаткан. Ошол маал, болжолу, б.з. 56-жылы болчу. Пабылдын каршылаштары анын соттолушун эле эмес, өлүшүн каалашкан. Ошондуктан 40тан ашык киши Пабылды өлтүрмөкчү болуп Кесарияга бараткан жолдо жашынып жаткан.

Пабылдын жээни алардын арам ою жөнүндө билип калат. Ошондо ал эмне кылганын билесиңби? ~ Ал Пабылга барып, ошол тууралуу билдирет. Пабыл дароо жүз башылардын бирине: «Бул баланы миңбашыга алып барчы, ага айтар сөзү бар экен»,— дейт. Жүз башы аны Клавдий Лусий деген миң башыга ээрчитип барып, ага баланын айта турган маанилүү сөзү бар экенин түшүндүрөт. Клавдий баланы өзүнчө арыраак алпарып, аны менен сүйлөшөт. Ошондо бала ага баарын айтып берет.

Клавдий Пабылдын жээнине: «Бул жөнүндө мага айтканыңды эч кимге угузба»,— деп эскертет. Анан жүз башылардан экөөнү чакырып, Кесарияга жөнөп кетүү үчүн 200 жоокерди, 70 атчанды жана 200 найзакерди даярдоону буйруйт. Ошентип, 470 киши Кесариядагы Феликс аттуу Рим башкаруучусуна Пабылды аман-эсен жеткирүү үчүн, ошол түнү саат тогузда жолго чыгат. Клавдий Феликске жолдогон катында жүйүттөрдүн Пабылды өлтүрмөкчү болгонун билдирип жазат.

Жүйүттөргө Кесариядагы сотко барууга туура келет. Бирок, албетте, алар Пабылга таккан айыптарын далилдеп бере алышкан эмес. Ошентсе да Пабылды адилетсиз түрдө эки жылга камап коюшат. Ал Кесариядан Римдин сотун талап кылып, Римге жеткирилет (Элчилер 23:16—24:27; 25:8—12).

Пабылдын жээни жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнсөк болот? ~ Чындыкты айтуу үчүн эр жүрөктүк талап кылынат. Ошондой эле чындыкты айтуу менен башкалардын өмүрүн сактап кала алабыз. Иса каршылаштары «аны өлтүрүүнүн амалын издеп жатканын» билсе да, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө башкаларга айта берген. Иса бизге да ушундай кылууну буйруган. Биз ушундай кылабызбы? Ооба, эгер Пабылдын жээниндей эр жүрөк болсок, биз да ушундай кылабыз (Жакан 7:1; 15:13; Матай 24:14; 28:18—20).

Элчи Пабыл жаш досу Тиметейге: «Өзүңө жана окутууңа дайыма көңүл бур. Ушуларды аткара бер, ошондо өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың»,— деген (1 Тиметей 4:16). Албетте, Пабылдын жээни таякесинин айткан сөздөрүнө жараша иш кылган. Сен да ошентесиңби?

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаланы балаңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) турган жерден тыным жасап, анын оюн уккула.

Суроолор:

❍ Ыйык Китепте Пабылдын кайсы туугандары жөнүндө айтылган жана алар туурасында эмнелерди билдик?

❍ Пабылдын өмүрүн сактап калуу үчүн жээни эмне кылган?

❍ Исанын айткандарына кулак кагып, адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн биз эмне кылсак болот?