Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ал убадаларын дайыма аткарат

Ал убадаларын дайыма аткарат

Кудайга жакында

Ал убадаларын дайыма аткарат

ЖАШЫЯ 23:14

БАШКАЛАРГА ишеним артуу сен үчүн кыйынга турбайбы? Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө адамдар бири-бирине оңой менен ишене беришпейт. Кимдир бирөөнүн жалган айтканынан же сөзүнө турбай койгонунан улам сага башкаларга ишеним артуу кыйынга туруп калгандыр. Бирок толугу менен ишеним артышыңа татыктуу бирөө бар. Накыл сөздөр 3:5теги сөздөр бизди бүт жүрөгүбүз менен Кудайдан үмүттөнүүгө чакырат. Эмне үчүн Жахаба Кудайга толук ишеним артсак болот? Бул суроого жооп алыш үчүн Жашыя 23:14тө жазылган сөздөргө көңүл буралы. Аларды Жахабага толук ишеним арткан Жашыя деген киши жазган.

Ал сөздөр кандай жагдайда жана эмне себептен айтылганын карап көрөлү. Мусадан кийин ысрайыл элин жетектеген Жашыя 110го таяп калган эле. Ошол жашка чыкканга чейин ал Жахабанын ысрайыл эли үчүн жасаган көптөгөн кереметтүү иштерин, мисалы, 60 жылдай мурун аларды керемет жолу менен Кызыл деңизден алып өткөнүн өз көзү менен көргөн болчу. Эми артка кылчайып, жашоосунда болуп өткөн окуялар жөнүндө ой жүгүрткөн соң Жашыя ысрайыл элинин «аксакалдарын, башчыларын, башкаруучуларын, көзөмөлдөөчүлөрүн» чакыртып отурат (Жашыя 23:2). Аларга айткан керээзи анын турмуштук тажрыйбадан топтогон акылмандыгын эле эмес, терең ой жүгүртүүнүн аркасында пайда болгон бекем ишенимин чагылдырып турат.

Жашыя сөзүн: «Жарык дүйнө менен коштошорума аз калды»,— деп баштайт. Өлөрүнө аз калганын билип, ал жашоосунда болуп өткөндөр тууралуу далай жолу ой жүгүртсө керек. Ал акыркы жолу элине эмне айтмакчы?

Жашыя сөзүн улап: «Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да аткарылбай калбаганын... билгиле, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты, бир да сөз аткарылбай калган жок»,— деп айтат. Ооба, мындай сөздөрдү Кудайга толук ишенген гана адам айта алмак. Эмне үчүн Жашыя Кудайга ушунчалык ишенген? Ал өткөн окуялар тууралуу ой жүгүртүп, Жахабанын өз убадаларын ар дайым аткарарын баамдаган *. Ошондуктан бул сөздөрдү Жашыя элин Жахабанын келечекке байланыштуу убадаларын да сөзсүз аткарарына ынандырыш үчүн айткан.

Жашыя 23:14төгү сөздөргө карата бир эмгекте: «Кудайдын сөзүнө турбай же убадасын аткарбай койгон учурун тапкың келсе, Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын кайсынысын болбосун эстеп, аны тарыхий билдирүүлөр менен салыштырып, аларга катыштыгы барлардан сура»,— деп айтылат. Ушул сыяктуу изилдөө жүргүзүү мүмкүн болсо, биз да, Жашыядай болуп, Жахабанын убадалары эч качан аткарылбай калбайт деген жыйынтыкка келмекпиз (1 Падышалар 8:56; Ышайа 55:10, 11).

Ыйык Китепте Кудайдын ушул күнгө чейин аткарылган убадалары камтылат. Алардын айрымдарынын аткарылып жатканына өзүбүз күбө болуудабыз. Ал китепте Жахабанын келечекке байланыштуу убадалары жөнүндө да жазылат *. Ыйык Китептеги ошол билдирүүлөрдү изилдеп көрүүгө эмне үчүн болбосун? Ошондо убадаларды аткарган Кудайга толук ишеним артса болоруна ынанасың.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Жашыя аткарылганына күбө болгон убадалардын айрымдары булар: Жахаба ысрайыл элине үлүшкө жер бөлүп берүүнү убада кылган (Салыштыр: Башталыш 12:7; Жашыя 11:23); Ал ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан бошотууну убадалаган (Салыштыр: Чыгуу 3:8; Чыгуу 12:29—32); ошондой эле өз элине кам көрөрүн убада кылган (Салыштыр: Чыгуу 16:4, 13—15; Мыйзам 8:3, 4).

^ 9-абз. Кудайдын келечекке байланыштуу кандай убадаларды бергени жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 3-, 7- жана 8-бөлүмдөрүн карагыла.