Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жер планетасы жок болуп кетеби?

Жер планетасы жок болуп кетеби?

Жер планетасы жок болуп кетеби?

«ДҮЙНӨНҮН акыры тууралуу сөз дайыма көптөрдү кызыктырып келет, ал жөнүндө тартылган фильмдер да арбын». Бул сөздөрдү Жон Скальци аттуу журналист айткан. Эмне үчүн көптөр дүйнөнүн акыры жөнүндөгү фильмдерге кызыгышат? «Анткени дүйнөнүн акырынан баарыбыз коркобуз»,— деп түшүндүрөт Скальци. Дүйнөнүн акырынан сен да коркосуңбу? Жер планетасынын качан жана кантип жок болорун ойлоп, коркууга себеп барбы?

Дээрлик күн сайын дүйнөнүн ар тарабында табигый кырсыктардын болуп жатканын угабыз. Үрөйдү учурган андай табигый кырсыктарды телевизордон жана Интернеттен көрүүгө болот. Табигый кырсыктардын жөн эле кино эмес экенин, алардын чын эле болуп жатканын жана ал кырсыктардан адамдар чынында эле кырылып жатканын өз көзүбүз менен көргөндө дүйнөнүн акыры келери жөнүндөгү сөздөр курулай эле айтылган эмес окшойт деген ой келет.

Андан тышкары, Жер планетасынын жок болору тууралуу окумуштуулар ар кандай теорияларды айтышат. Айрымдар атүгүл Жер качан жок болорун божомолдошот. Маселен, 2008-жылы март айында чыккан бир журналда эки астрономдун, болжолу, 7 590 000 000 жылдан кийин Күн Жерди куйкалап жок кыларын айтканы жазылган («Monthly Notices of the Royal Astronomical Society»).

Жер чын эле качандыр бир убакта жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Биздин планета жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Ыйык Китепте: «Бир муун өтөт, бир муун келет, жер болсо кылымдан кылымга тура берет»,— деп айтылат (Насаатчы 1:4). Жахаба Кудай «жерди бекем негизге орнотуп», аны «кылымдан кылымга бекем тургудай» кылып жараткан (Забур 103:5). Бул сөздөргө ишенсек болобу? Окумуштуулар эмне деп ырасташпасын, Жер планетасы жок болуп кетпейт деп эмне үчүн айта алабыз?

Мисалга дүкөндөгү азык-түлүктөрдү алалы. Аларда, адатта, сактоо мөөнөтү көрсөтүлөт. Азык-түлүктөрдүн сактоо мөөнөтүн ким жазат? Бир аз тажрыйбасы, билими бар сатуучубу? Албетте, жок. Аны өндүрүп чыгаргандар жазат. Анткени алар өздөрү өндүргөн азык-түлүктүн канча убакытка сакталарын баарынан жакшы билишет. Анын сыңарындай, Жер планетасы эмне болорун аны Жараткан Кудайдан башка ким жакшы билет? Ыйык Китепте Кудайдын жерди түбөлүккө жаратканы ачык-айкын айтылат. Жердин «сактоо мөөнөтү» жок! (Забур 118:90).

Бирок Кудай жаман адамдарга жерди кайра калыбына келбей тургандай кылып кыйратып салышына жол береби? Түк да! Адамдардан айырмаланып, Жахаба «баарын жасай алат» (Аюб 42:2). Ошон үчүн ал ишенимдүү түрдө: «Менин оозумдан чыккан сөз... эмнени кааласам, ошону аткарат»,— деп айткан (Ышайа 55:11). Жаратуучубузга жерге байланыштуу ой-ниетин аткарууга эч нерсе тоскоолдук кыла албасына шектенбесек болот (Забур 94:6). Анын жерге байланыштуу ой-ниети кандай жана аны кандайча жүзөгө ашырат?

Кудай ой-ниетин өзүнүн Падышалыгы аркылуу ишке ашырат

Ыйык Китепте Кудайдын жердин жок болбой турганын убадалаганынан тышкары, аны «жашоо үчүн жаратканы» айтылат (Ышайа 45:18). Бирок жерде миңдеген жылдардан бери жашоо-тиричилик жүрүп жатканы менен, Кудайдын ой-ниети аткарыла элек.

Жахаба адилеттүү жана «бактылуу Кудай» (Забур 10:7; Тиметей 1:11). Ошон үчүн ал адамзаттын адилеттүүлүк өкүм сүргөн дүйнөдө бактылуу жашашын ниет кылган. Ой-ниетин ишке ашырыш үчүн Кудай жер жүзүн асмандан башкара турган Падышалыкты орноторун алдын ала айткан (Даниел 2:44). Иса Машаяк да жерде жүргөндө дайыма Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтчу. Иса ошол Падышалыктын башкаруусунун тушунда адамзат мол баталарды аларын билгендиктен шакирттерин ал тууралуу тиленүүгө үндөгөн (Матай 6:9, 10; 24:14). Ал баталардын айрымдары кайсылар?

▪ Кудай согуштарды токтоткондуктан, жерде тынчтык менен коопсуздук өкүм сүрөт (Забур 45:10).

▪ Тамак-аш мол болот (Забур 71:16).

▪ Баарынын ден соолугу чың болот, эч ким: «Мен ооруп жатам»,— деп айтпайт (Ышайа 33:24).

▪ Эч ким күйүт тартпайт, анткени «өлүм болбойт» (Аян 21:4).

▪ Кудайдын эли үйлөрдү куруп, коопсуздукта «кылымдар бою кубанып» жашашат (Ышайа 65:17—24).

Сенин да ушундай шарттарда жашагың келери шексиз. Жахаба өзүнүн убадаларын аткарууну абдан каалайт (Ышайа 9:6, 7). Бирок сен: «Кудайдын ал убадаларды айтканынан бери миңдеген жылдар өттү. Эмне үчүн алар бүгүнкү күнгө чейин аткарыла элек?» — дешиң мүмкүн.

Кудайдын чыдамдуулугунун аркасында куткарыла алабыз

Жахаба убадасын аткарууда создуктурган жок. Ыйык Китепте айтылгандай, ал бизге мээримдүүлүгүнөн улам чыдамдуулук көрсөтүп жатат. Ошондуктан «Теңирибиздин чыдамдуулугун куткарылуу катары эсептегенибиз» абзел (2 Петир 3:9, 15). Бирок кандайча Кудайдын чыдамдуулугунун аркасында куткарыла алабыз?

Адил адамдар коопсуз чөйрөдө жашашы үчүн, Кудай адегенде «жерди кыйраткандарды кыйратат» (Аян 11:18). Бирок ал адамдарды сүйгөндүктөн «эч кимдин өлүшүн каалабайт». Мыйзамсыздар жаман жолунан бурулушу үчүн, Кудай аларды чыдамдуулук менен эскертүүдө. Ошондуктан анын Падышалыгы тууралуу кабар дүйнө жүзү боюнча жарыяланып жатат * (Жезекиел 3:17, 18). Кудайдын эскертүүлөрүнө кулак кагып, анын адил нормаларына ылайык жашагандардын баары куткарылып, бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт.

Кудайга «кайрылгыла, ошондо куткарыласыңар»

Ооба, Ыйык Китепте биз үчүн «жакшы кабар» камтылган (Матай 24:14). Ал бизди жердин эч качан жок болбой турганына ынандырат! Ыйык Китепте ошондой эле мыйзамсыздардын жакында жок болору айтылат. Кудайдын көз алдында адил деп эсептелгендер болсо «жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат» (Забур 36:9—11, 29; Матай 5:5; Аян 21:3, 4). Ал эми ал убак келгенге чейин Кудай чыдамдуулук менен: «Бүт жер жүзү, Мага кайрылгыла, ошондо куткарыласыңар!» — деп чакыра берет (Ышайа 45:22). Сен Кудайдын бул чакырыгына кандай жооп кайтарасың?

Кудайга кайрылып, анын жолун тандаганың акылдуулукка жатат. Забур 36:34тө: «Теңирден үмүт кыл, Анын жолунан чыкпа. Ошондо жерди мурастап калышың үчүн, Ал сени сактап жүрөт»,— делет. Жахабанын Күбөлөрү сага Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниети жөнүндө жана Кудай убадалаган жерде сен да жашашың үчүн эмне кылышың керектиги тууралуу көбүрөөк билүүгө кубаныч менен жардам беришет.

[Шилтемелер]

^ 21-абз. Жахабанын дүйнө жүзүндөгү жети миллиондон ашык Күбөсү Иса Машаяктын Матай 28:19, 20-аяттардагы буйругуна баш ийип, 236 өлкөдө Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниети тууралуу кабар айтууга жыл сайын бир жарым миллиарддай саат жумшашат.

[28-беттеги сүрөт]

NASA photo