Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Момун жана эр жүрөк киши

Момун жана эр жүрөк киши

Жаш окурмандарга

Момун жана эр жүрөк киши

Жунус (1-бөлүк)

Көрсөтмө: бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканын ойлонуп, өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет.

ОКУЯНЫ ТАЛДА. ЖУНУС 1:1—16; 2:11—3:5-АЯТТАРДЫ ОКУ.

Деңиздеги аркыраган катуу шамалды кандай элестетесиң?

․․․․․

Жунустун жана кемедегилердин кыйкырып жатышканын элестеткенде кандай сезимде болосуң?

․․․․․

Жунустун деңизге чөгүп баратканда жана аны чоң балык жутуп алганда эмнелер жөнүндө ойлонгонун элестетип, айтып бер (Жунус 2:2—10-аяттарды оку).

ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.

Нинебиде кандай кишилер жашаган жана Жунус ал жакка баруудан эмне үчүн корккон? (Накум 3:1).

․․․․․

Кандай деп ойлойсуң, эмне үчүн Нинеби шаары «Кудайдын улуу шаары» болгон? (Жунус 3:3; 2 Петир 3:9).

․․․․․

Жунустун өз катасы жөнүндө жана Кудай жөнүндө айткандарынан ал тууралуу эмнелерди билүүгө болот? (Жунус 1:9, 10-аяттарды кайра окуп чык).

․․․․․

Жунус деңизге ыргытылгандан кийин кемеде кандай окуялар болгонун кайдан билген? (Жунус 1:15, 16-аяттарды кайра окуп чык).

БИЛГЕНДЕРИҢДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕЛЕРДИ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.

Коркоктук жөнүндө.

․․․․․

Момундук жөнүндө.

․․․․․

Эр жүрөктүк жөнүндө.

․․․․․

Жахабанын адамдарга, атүгүл биз жаман деп эсептеген адамдарга кандай караары жөнүндө.

․․․․․

БУЛ БИЛДИРҮҮДӨН ӨЗҮҢӨ КАНДАЙ ПАЙДА АЛДЫҢ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?

[31-беттеги сүрөт]

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Күзөт мунарасынын» 2009-жылдын апрель—июнундагы санынын 9—12-беттерин карагыла.