Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн Кудай адамзатка түбөлүк өмүрдү белек кылууда?

Эмне үчүн Кудай адамзатка түбөлүк өмүрдү белек кылууда?

Окурмандардын суроолору

Эмне үчүн Кудай адамзатка түбөлүк өмүрдү белек кылууда?

▪Ыйык Китепте Кудайдын бизге «түбөлүк өмүр» сүрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканы айтылат (Жакан 6:40). Түбөлүк өмүр берүүгө ага эмне түрткү берет? Адилеттүүлүгү элеби?

Адилеттүүлүк адамдарга кылган ишине жараша туура, калыс мамиле кылууну билдирет. Биз түбөлүк өмүргө татыктуубузбу? Жок. Ыйык Китепте: «Жер үстүндө жакшылык кылып, күнөө кылбаган бир да адил адам жок»,— деп айтылат (Насаатчы 7:20). Ал эми күнөө кылган киши жазасын алууга тийиш. Кудай Адам атаны, эгер ал күнөө кетирсе, өлөрүн эскерткен (Башталыш 2:17). Кийинчерээк элчи Пабыл Кудайдын рухунун жетеги менен: «Күнөө үчүн жаза — өлүм»,— деп жазган (Римдиктер 6:23). Адам атанын урпактарынын баары адилеттүүлүк боюнча өлүмгө татыктуу болсо, анда эмне үчүн Кудай аларга түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө?

Түбөлүк өмүр Кудайдын белеги болуп эсептелет. Бул — анын зор, чексиз сүйүүсүнүн жана ырайымдуулугунун белгиси. Ыйык Китепте мындай делет: «Бардыгы күнөө кетирип, Кудайдын даңкынан айрылып калышкан. Бирок Кудай аларды Иса Машаяк төлөгөн кундун негизинде эркиндикке чыгарып, өзүнүн ырайымы менен адил деп жарыялады. Бул — анын берген белеги» (Римдиктер 3:23, 24).

Баарыбыз өлүмгө татыктуу болсок да, Кудай өзүн сүйгөндөргө түбөлүк өмүр берүүнү чечкен. Бул адилетсиздикпи? Ыйык Китепте буга мындай жооп берилет: «Анда эмне демекчибиз? Кудай адилетсиздик кылабы? Эч качан! Анткени ал Мусага: „Кайрымдуулук кылгым келгенге кайрымдуулук кылам, боорукердик көрсөткүм келгенге боорукердик көрсөтөм“,— деген... Кудайга каршы сүйлөгүдөй сен кимсиң?» (Римдиктер 9:14—20).

Айрым жерлерде бийлик башындагылар же соттор тарабынан түрмөдө отурган кылмышкерге ырайым көрсөтүлөт. Мисалы, кылмышкер жазалоо чарасын кабыл алып, жүрүм-турумун өзгөртсө, сот же президент анын жазасын жеңилдете алат, атүгүл аны эркиндикке да чыгара алат. Бул адилетсиздикти эмес, болгону, кылмышкерге ырайым көрсөтүлгөнүн билдирет.

Ошол сыяктуу эле, Жахаба Кудай да күнөөкөрлөрдүн айрымдарына ырайым көрсөтөт. Ал өзүн сүйгөндөргө жана мыйзамдарын аткаргандарга сүйүүсүнөн улам түбөлүк өмүр берет. Ыйык Китепте «Кудайдын беткарама эмес экени», «Андан корккон жана адилдик боюнча иш кылган адам, кайсы гана элден болбосун, Ага жагары» айтылат (Элчилер 10:34, 35).

Жахаба Уулун биз үчүн азап тартып өлүшү үчүн жерге жиберүү менен чексиз сүйүүсүн көрсөткөн. Иса Машаяк: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген (Жакан 3:16).

Жахабага, кайсы гана элден болбосун, аны сүйгөн жана эркин аткарган адамдар жагат. Кудайдын бизге түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк бергени анын ырайымдуулугун жана зор сүйүүсүн көрсөтүп турат.

[15-беттеги сүрөт]

Кудайдын түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк бергени анын ырайымдуулугун жана зор сүйүүсүн көрсөтүп турат