Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Атайын баяндама

Атайын баяндама

Атайын баяндама

Чыныгы тынчтык менен коопсуздук качан орнойт?

Адамдар миңдеген жылдар бою тынчтык менен коопсуздукка умтулуп келишет. Бирок алардын аракетинен эч кандай майнап чыкпай келет. Эмне үчүн? Ыйык Китепте мунун эки негизги себеби айтылат. Анда ошондой эле Кудайдын адамзатка түбөлүккө созула турган чыныгы тынчтык менен коопсуздукту убадалаганы жазылган.

Чыныгы тынчтык менен коопсуздук качан жана кантип орнойт? Тынчтык менен коопсуздук орногон заманда жашоо үчүн эмне кылуу керек? Ушул суроолорго «Чыныгы тынчтык менен коопсуздук качан орнойт?» деп аталган баяндамадан жооп ала аласыз. Ыйык Китепке негизделген ал баяндама дүйнө жүзү боюнча 230дан ашуун өлкө жана аймактарда айтылат. Баяндама көп жерлерде Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залдарында 2010-жылы 18-апрелде, жекшемби күнү, айтылат. Силер жашаган жерде баяндама саат канчада жана кайсы жерде айтыларын Жахабанын Күбөлөрүнөн биле аласыңар. Сизди баяндаманы угуп кетүүгө чын жүрөктөн чакырабыз.